БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Казакстанда мамлекеттик чек арадан өтүү тартиби өзгөртүлдү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Негизинен чет өлкөлүктөр менен жарандыгы жок адамдарга өлкө аймагына кирүүгө тыюу салынды. Бирок төмөнкү категориядагы адамдарга уруксат берилет:
Толук тизме менен кененирээк казак өкмөтүнүн расмий сайтынан таанышууга болот.
Ошондой эле казак жарандарына дагы сыртка чыгууга чектөөлөр коюлду. Алар 30 күндүн ичинде бир гана жолу өлкөдөн чыгып, кайра кире алат.
Бул эрежелер өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин сакталат.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Быйыл Нур-Султан шаарында 5G интернет түйүнү ишке кирет. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги премьер-министрдин расмий сайтына шилтеме кылып жазып чыкты.
Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмикалык өнөр жай министринин орун басары Асхат Оразбектин айтымында, бешинчи муундагы түйүнгө өтүүгө өлкө аймагындагы байланыш операторлору даяр.
"2022-жылдын аягына чейин 5G түйүнүн республикалык маанидеги башка шаарларга да киргизүүнү пландап жатабыз. Ал эми 2025-жылга чейин бардык облус борборлору камтылат. Биз тараптан мыйзам долбоору ишке кирет. Анын негизинде жыштыктар сынак же аукцион аркылуу бөлүштүрүлөт. Мунун аркасында байланыш операторлору атаандаштыктын негизинде жыштыктарды алып колдоно баштайт", — деди вице-министр.
Ошондой эле ал жеке тараптар жыштыкты сатып алып эки жылга чейин колдонбосо, мамлекет аны тартып ала тургандай ченемдер киргизиле тургандыгын кошумчалады.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.
Сапардын статусу жана аны кимдер коштоп барары азырынча белгисиз.
Бул Жапаровдун чет мамлекетке үчүнчү сапары болмокчу. Буга чейин ал Россия менен Казакстанга барган. 27-февралда мамлекет башчы Өзбекстандын тышкы иштер министрин кабыл алган.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.