Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тун кызы Саида Мирзиёева. Архивдик сүрөт

Камырды ичке чоюш керек! Мирзиёевдин кызы лагман жасаган сүрөтүн жарыялады

2192
(жаңыланган 19:47 07.02.2021)
Саида Мирзиёева менен жолдошу Ойбек Турсуновдун Миромон, Шавкат аттуу уулдары жана Саодатхон аттуу кызы бар. Ал Facebook жана Instagram баракчаларына ар кандай билдирүүлөрдү жазып турат.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тун кызы Саида Мирзиёева өзүнүн Facebook баракчасына лагман чоюп жаткан сүрөтүн жарыялады. 

Мирзиёевдин кызы кечээ балдары менен лагман жасаганын айтып, ага байланыштуу бир окуяны айтып берген.

"Турмушка чыкканга чейин тамак жасаганды деле билчү эмесмин. Болгону чузма лагманды жасай алчумун. Анткени бул тамакты бала кезимен бери жакшы көрөм. Аны даярдоодо камырды үзбөй, ичке кылып чоюш керек. Бул апамдын катуу талабы эле. Мен аны үзбөй, ичке кылып чоюуга аябай аракет кылчумун жана колуман келчү. Мына эми билген нерсемди жаңы үй-бүлөмө жасап берүүнү чечтим. Катачылык кетирип албайын деп апаман тамактын рецебин сурагам. Ал баарын айтып берип тузду унутуп калыптыр. Жыйынтыгында жасаган лагманым абдан кооз болуп, даамы эле окшошпой калды. Бирок туугандарым тамакты беш мүнөттүн ичинде жеп коюшту. Туз дагы талашта болду", — деп жазган ал.

Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саида Мирзиёева Ойбек Турсуновго турмушка чыккан. Алардын Миромон, Шавкат аттуу уулдары жана Саодатхон аттуу кызы бар. Мирзиёева Facebook жана Instagram баракчаларына ар кандай билдирүүлөрдү жазып турат.

2192
Белгилер:
тамак, флагман, сүрөт, Саида Мирзиёева, Шавкат Мирзиеев
Тема боюнча
Палоо басып жаткан Шавкат Мирзиёев. Сүрөт
Мирзиёевдин кызы балдарынын ийгилигине кубанып, сүрөттөрүн жарыялады
Соттолгон жаран. Архив

Кыргызстан менен Корея соттолгон жарандарын алмашуу боюнча келишим түзүп жатат

97
(жаңыланган 11:44 24.02.2021)
Буга чейин өлкөнүн Башкы прокуратурасы Кореянын Адилет министрлиги менен кылмыш иштери боюнча эл аралык келишимге кол койгон.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Корея соттолгон жарандарын алмашуу боюнча келишим түзүп жатат. Аталган макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралды.

Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиевдин айтымында, учурда Кореяда иштеп жана окуп жүргөн 6000ден ашуун кыргызстандык бар. Ушул күнгө чейин ал жакта эки мекендеш соттолуп, бирөө жазасын өтөп чыккан. Ал эми өлкөдө алты кореялыктын жазык иши каралууда.

Ошондой эле ал буга Башкы прокуратура Кореянын Адилет министрлиги менен жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жана соттолгон адамдарды өткөрүп берүү тууралуу эл аралык келишимге кол койгонун белгиледи.

97
Белгилер:
Башкы прокуратура, сот, келишим, Кыргызстан, Түштүк Корея
Тема боюнча
Маркум Камиланын иши боюнча Салянов алып келинбей калабы? Экстрадиция тууралуу
Башкы прокуратура чет өлкөдө камалган 168 кыргызстандыкты алып келди
Баткен облусунда чек ара заставасында мунара. Архив

Тажик тарап Кыргызстандан барган 22 кишини кармап кеткенби? Расмий жооп

1679
(жаңыланган 13:00 22.02.2021)
Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн билдиришинче, мал базарга барган беш киши жолдон адашып, мыйзамдуу чек ара бекетинен өтпөгөндүктөн Тажикстандын чекисттери кармаган.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Тажикстандын укук коргоо органдары Кыргызстандын 22 жаранын кармап кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт. Кармалгандардын так санын жана себебин өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Эске сала кетсек, кыргызстандыктарды тажик тарап барымтага алып алды деген маалыматтар кечээ социалдык тармактарда тарап, айрым ЖМКлар да жазып чыгышкан. Буга байланыштуу бүгүн митинг болору да айтылган.

Өкүлчүлүктүн билдиришинче, 16-февралда Баткен районунун үч тургуну менен Кадамжай районунун эки жашоочусу Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу Тажикстандын мал базарына барып, Согди облусунун Кистакуз аймагынан кармалган. Алар жол таппай адашып, мыйзамдуу чек ара бекетинен өтүшкөн эмес.

Бүгүн, 22-февралда, кармалгандардын жакындары өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиевге кайрылышкан.

"Ыйгарым укуктуу өкүл учурда укук коргоо органдары тарабынан кыргызстандыктарды өлкөгө кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты. Бүгүн облустун атайын өкүлдөрү менен кармалган кишилердин ата-энелеринин Тажикстанга барып, алардан кабар алып келүүсүнө шарт түзүлмөкчү. Өкүл чек аралаш аймактагы маселелерди мыйзам чегинде сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракеттер көрүлөрүн айтты", — деп жазылган билдирмеде.

Суваналиев ошол эле учурда ар кандай себептер менен Тажикстандын аймагында кармалып күнөөсү аныкталган жарандар ал өлкөнүн мыйзамынын чегинде жоопко тартыларын кошумчалаган.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү белгилегендей, Баткенден Тажикстандын аймагына өтүү үчүн үч негизги мыйзамдуу чек ара өткөрмө бекети бар. Алар Лейлек районундагы Кулунду жана Кайрагач, Баткен районундагы Кызыл-Бел посттору. Башка аймактан өтүү мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Ошону менен бирге чек аралаш аймактардагы жашоочулардын атайын белгиленген транзит жолдордон өтүүсү каралган. Ал Баткен районунун Көк-Таш, Таш-Тумшук, Ак-Сай жана Тажикстандын Исфара — Ворух жолдору болуп эсептелет.

1679
Белгилер:
билдирүү, чек ара, адашуу, кармоо, Баткен, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Ташиев: чек араны тактоодо жер алмашабыз, туура түшүнүңүздөр
Жолдогу жүк ташуучу унаа. Архив

Таңкы 6га чейин жабылды. Өлкөдөгү эки ири жолго чектөө киргизилди

0
(жаңыланган 00:53 25.02.2021)
Жолду көчкү кооптуулугунан улам жабууга Жарандык коргонуу башчысы-премьер министр бүгүн буйрук берген.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан Жайыл, Токтогул райондорундагы жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы посттор 25-февраль таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул премьер-министрдин буйругунун негизинде болгон.

"Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан Жайыл районунун Сосновка, Токтогул районунун Арал постторунда жана  Суусамыр — Талас — Тараз жолунун Талды-Булак айылындагы постунда автоунаалардын бардык түрүнө таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилди", — деп кабарлаган ӨКМ.

Эске салсак, Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн учурда жол жабылган.

0
Белгилер:
көчкү, Бишкек - Ош жолу, Жайыл району, Токтогул району, Кыргызстан
Тема боюнча
Көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу убактылуу жабылды