Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген. Архив

Димаштын теги кыргызбы же казакпы? Ырчынын атасы жооп берди

550
(жаңыланган 14:46 08.02.2021)
Социалдык тармактагы комментарийлерде ырчынын атасы интернет колдонуучуларды ар кандай пикирлерге таарынбаш керектигин жана анын үй-бүлөсү кыргыздарга урмат менен мамиле кыларын айткан.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Казакстандык ырчы Димаш Кудайбергендин атасы Канат Айтбаев түпкү теги туурасында сөз кылып жатып, аларда кыргыздардын каны жоктугун айтты. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Билдирүүнү ырчынын атасы Айтбаев Instagram баракчасы аркылуу тараткан. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Канат Айтбаев (@kanat_sveta_aitbayevtar)

Эске салсак, социалдык тармактарда "ырчынын улуту ким, кыргызбы же казакпы?" деген талаш башталып кеткен. Кеп Димаштын түпкү теги кыргыздарга барып такалат деген маанайдагы маегинен кийин чыккан. Бир катар ЖМКлар ырчынын түпкү атасы кыргыздар, алар XVIII кылымда Казакстанды байырлап калып, жергиликтүү эл менен тез эле ассимиляция болуп кеткен деген тейде жазышкан.

Ырчынын атасы анын чоң энеси Рахима Быламык уруусунан экенин айтып берген. Ал аял Талпак уруусунан болгон, кыргыз уруусунун жээни Төлебай аттуу кишиге турмушка чыккандыгын жазган.

"Әжем Рахиманың руы Әлімнің ішіндегі — Жақайым, оның ішінде - Быламық. Ол кісі бойжетіп, Жақайым руының ішіндегі Талпақ, Қырғыз руының жиені Төлеубай деген кісіге тұрмысқа шығады", — деген Айтбаев.

Андан ары Димаштын атасы чоң энеси Рахима мененТөлебайдын үй-бүлөсүндө бир нече бала төрөлгөндүгүн, 1930-жылы алардын атасы ачарчылык каптаган маалда каза болгондугун баяндаган. Ал эми энеси кичинекейлерди балдар үйүнө тапшырып, канча бир убакыт алар менен байланышты жоготуп алган. Айылдагы аксакалдар кеңешип, Рахиманы төлебай уруусунан чыккан жесил Айтбайга беришкен. Ал эми төлебай казактардын кыргыз деп аталган уруусунан келип чыккан барактан (андан кийин алим деп уланып кетет) тараган.

"Ошентип алар үй-бүлө курушкан. Көп өтпөй менин атам (Димаштын чоң атасы – ред.) Кудайберген жарыкка келген. Ал 7-8ге чыгып калганда дагы бир кубанычтуу окуя болуп, чоң энем Рахиманын балдар үйүндөгү уулу Аязбай табылган. Айтбай чоң той берип, аны асырап алган", — деп айтып берген Айтбаев.

Кийин Айтбай аттан жыгылып, майып болуп калат. Өлөр алдында Аязбайды чакырып алып, уулу Кудайбергенди ага аманат кылып калтырып кетет. Көп өтпөй чоң энем да көз жумат.

Аязбай керээзди аткарып, 9 жашында жетим калган Кудайбергенди багып чоңойтот.

"Менин атам жакайым менен барактын колдоосунда өстүптүр. Армиядан келген соң агасынын батасын алып, Алматынын Айыл чарба институтуна тапшырган. Студент кезинде Актөбенин Шалкар аймагынан келген Миуа менен баш кошот. Ал алим уруусуна тиешелүү кабактан чыккан кыз болгон", — деп билдирген Айтбаев.

Кудайберген менен Миуа үч балалуу болушат. Аларга Канат, Гүлзира жана Нургүл деген ысым берет. 1993-жылы Канат институтту аяктап, Светлана аттуу кызга үйлөнөт да, алар үч балалуу болот.

"Биздин эки уул, бир кызыбыз бар. Учурда ата-энебиз менен турабыз. Биздин кыргыз улутуна тиешебиз жок", — деп билдирүүсүн аяктаган Айтбаев.

Димаштын атасы интернет колдонуучуларды ар кандай пикирлерге таарынбаш керектигин жана анын үй-бүлөсү кыргыздарга урмат менен мамиле кыларын айткан.

550
Белгилер:
уруу, кыргыз, казак, Димаш Кудайберген, Казакстан
Тема боюнча
Лев Лещенконун Ала-Тоо жана жайлоо жөнүндө ырдаганын уктуңуз беле? Видео
Сулуулардын ажарын ачкан адеми кийимдер. Мода жумалыгынан 13 сүрөт
Алматы аэропорту. Архив

Казакстан Кыргызстанга болгон авиакаттамдардын санын көбөйтөт

121
Азыркы тапта Алматы — Бишкек — Алматы багыты боюнча жумасына эки рейс каттап жатат. Аны төрткө чейин көбөйтүү каралууда.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Казакстан Кыргызстанга дагы эки авиакаттам ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан билдирди.

Маалыматка ылайык, коңшу өлкөнүн ведомстволор аралык комиссиясынын жыйынтыгында Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги эл аралык каттамдардын санын көбөйтүү сунушун колдогон. Анын алкагында Түркия, Өзбекстан жана Украинага учактардын саны көбөйгөн.

Азыркы тапта Алматы — Бишкек — Алматы багыты боюнча жумасына эки авиарейс каттап жатат.

121
Белгилер:
авиакаттам, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз-казак чек арасында дагы эки өткөрүү пункту иштей баштады. Шарттары
Соттолгон жаран. Архив

Кыргызстан менен Корея соттолгон жарандарын алмашуу боюнча келишим түзүп жатат

98
(жаңыланган 11:44 24.02.2021)
Буга чейин өлкөнүн Башкы прокуратурасы Кореянын Адилет министрлиги менен кылмыш иштери боюнча эл аралык келишимге кол койгон.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Корея соттолгон жарандарын алмашуу боюнча келишим түзүп жатат. Аталган макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралды.

Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиевдин айтымында, учурда Кореяда иштеп жана окуп жүргөн 6000ден ашуун кыргызстандык бар. Ушул күнгө чейин ал жакта эки мекендеш соттолуп, бирөө жазасын өтөп чыккан. Ал эми өлкөдө алты кореялыктын жазык иши каралууда.

Ошондой эле ал буга Башкы прокуратура Кореянын Адилет министрлиги менен жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жана соттолгон адамдарды өткөрүп берүү тууралуу эл аралык келишимге кол койгонун белгиледи.

98
Белгилер:
Башкы прокуратура, сот, келишим, Кыргызстан, Түштүк Корея
Тема боюнча
Маркум Камиланын иши боюнча Салянов алып келинбей калабы? Экстрадиция тууралуу
Башкы прокуратура чет өлкөдө камалган 168 кыргызстандыкты алып келди
Тай бокс боюнча мелдеш. Архив

Тай бокс чебери атаандашын санга тээп нокаутка кетирди. Видео

0
Бул кармаш эки мушкер үчүн да дебюттук беттеш болгон. Алардын бири таймашта баштан-аяк кубаттуу тепки жасап, атаандашын бүк түшүргөн.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Таиландда муай-тай мушкери атаандашын жоон санына катуу тээп нокаутка кетирди. Бангкоктогу мелдеште болгон окуянын видеосу интернетке чыкты.

"Президент" каймана аты бар тай бокс чебери Роберт Сор Танабавон беттеште баштан-аяк атаандашына кубаттуу соккуларды уруп, чабуул жасаган. Үчүнчү раунддун орто ченинде анын атаандашы Саклека Киатфетчедыга бир катар соккуларды уруп, жоон санына катуу тепкен. Ал кулап, ордунан тура албай калган. Калыс муну нокаут деп эсептеп, беттешти дароо токтоткон.

Жергиликтүү ЖМКлар бул беттеш эки мушкер үчүн да дебюттук экенин жазышты.

0
Белгилер:
нокаут, сокку, беттешүү, тай боксу
Тема боюнча
Жыга чапты. Мушкер Абдыкааровдун OPEN FC беттешинде уткан учурунун видеосу