БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайберген YouТube видео сервисинин "Алтын кнопкасына" ээ болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Ал өзүнүн баракчасы аркылуу күйөрмандары менен чыгармачылыгына салым кошуп жүргөндөргө ыраазычылык билдирди.
"Биздин YouTube-каналыбыздын көрүүчүлөрүнүн саны миллиондон ашты. Бүгүнкү сыйлык үчүн дүйнөдөгү ар бир күйөрманыма, мага жаркын келечек каалап жүргөн адамдарга рахматымды айтам. Ошондой эле менин чыгармачылыгыма салым кошуп, чогуу иштеп жүргөн кишилерге ыраазычылык билдирем", — деди ырчы.
Мындан тышкары, ал ата-энесине жана жакын адамдарына жылуу сезимдерин айта кетти.
Эске салсак, аталган сыйлык өз каналына бир миллиондон ашык колдонуучу топтогон адамдарга берилет.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу, Казакстандын "Кайрат" клубунун футболчусу Гүлжигит Алыкулов кезектеги кооз голу менен өзгөчөлөндү. "Кыргызстандык Месси" Казакстандын кубогу мелдешинде "Тобол" клубу менен беттеште киргизген голунун видеосун КРдин футбол союзу Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Алыкулов беттештин 90-мүнөтүндө командасы 2:3 эсебинде утулуп жатканда атаандашын буйтап өтүп, алыстан дарбазанын так бурчуна таамай тээп, керемет гол киргизген. Дарбазачы кыргызстандык футболчунун соккусуна эч кандай каршылык көрсөтө алган эмес.
Буга чейин ал командалашына ыңгайлуу голдук пас чыгарып берген.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгали Алимжанов менен Нур-Султанда жолугуп, ага "Достук" орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Жапаров Алимжанов кыргыз элдик көркөм өнөрүнүн берметин өнүктүрүүгө жана жайылтууга зор салым кошконун белгилеп, "Манас" эпосун казак тилине которгону үчүн ыраазычылык билдирген.
Баянгали Алимжанов ушул кезге чейин Казакстандагы жалгыз манасчы. Ал 1984-2004-жылдар аралыгында жүздөгөн улуттук, эл аралык жана жергиликтүү сынактарга катышкан, ар кандай конкурстардын бир нече жолку жеңүүчүсү.
Казак манасчысынын Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегин материалдан окуңуздар.
Жакында эле сот Ми-8 МТВни башкарган учкучка карата өкүм чыгарды. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы фемида өкүлдөрүнүн чечиминин негизинде окуянын чоо-жайын тактоого аракет кылды.
Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндөгү аскердик бөлүктөрүнүн биринен борбор калаадагы бир туристтик компания 2018-жылдын 9-июлунда тик учак буюртма кылган. Анын жардамы менен турфирма Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу өрөөнүнө чет элдик туристтерди жеткирмек. Ошентип аскер командирлери Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү учакты кароодон, экипажды медициналык текшерүүдөн өткөрүп коммерциялык каттамды аткарууга киришкен. Экипаждын курамында учкуч, бир командир, дарыгер, борттехник болгон. Алар чет мамлекеттен келген эс алуучуларды жүгү менен Түп районундагы Чар-Кудук тоосунан альпинисттердин лагери жайгашкан Түштүк Эңилчек өрөөнүнө алып бармак. Жүргүнчүлөрдүн арасында Япониянын үч, Польшанын төрт, Германиянын эки жараны жана бир котормочу бар болчу.
Аскердик тик учак таң эрте саат 7.30дар чамасында жолго чыгып, 40 мүнөт учуп барып, деңиз деңгээлинен 3900 метр бийиктикте жайгашкан узуну жана туурасы беш метр болгон чакан аянтчага конууга аракет кылган. Бирок тең салмактуулугун жоготуп солго ооп, коно турчу жерден 30 метр алыстыкка кулаган. Жыйынтыгында жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү түрдүү жаракат алып, көз жумгандар болгон эмес. Генералдык штабдын карамагындагы учак жараксыз болуп, мамлекеттик казынага 37 миллион 723 миң 939 сом зыян келтирилген. Андан соң ал жактагылар тоонун башында кырсыктаган вертолеттун ичиндегилерди куткарып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Ал эми аскер башчылары экинчи бортту жардамга жөнөтүп, жаракат алгандарды Бишкектеги ооруканага жеткирүү тапшырмасын берген. Ошондой эле Казакстандан дагы бир тик учак жардамга келген.
Тергөө маалында жүргүнчүлөрдүн бири укук коргоо кызматкерлерине төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.
"Окуя болгонго чейин жакшы эле учуп барганбыз, аба ырайы дагы жакшы болчу. Биз конгон маалда тик учак күтүүсүздөн эле силкинип, капталга ооп кетип кулады. Ызы-чуу болуп кетти. Учак жарылат экен деп андан чыгуу жолдорун издегем. Арткы сол жагын түрсөм ачылып кетип, баарыбыз ошол жерден шашкалактап чыкканбыз. Мен мамлекеттик органдардын, туристтик фирманын ишине дооматым бар. Анткени алар медициналык жардамды өз учурунда бере алышкан жок, тоого келгендерге тиешелүү шарт түзүлгөн эмес", — деген ал.Далилдер чогултулуп, күбөлөр, окуяга тиешеси бар офицерлер суракка алынып, иш сотко өткөн.
Курамына техник адистер, учкучтар кирген атайын комиссия окуянын толук чоо-жайын иликтөөгө киришкен. Түзүлгөн топ окуянын келип чыгышына аба ырайынын бузулушу, катуу шамал себеп болгон деп тыянак чыгарган.
Соттук териштирүү маалында аскердик учакты Ak Sai Travel жоопкерчилиги чектелген коому келишимдин негизинде жалдаганы белгилүү болду. Аталган компания пайдаланууга жараксыз болуп калган Ми-8 МТВни өз каражатынын эсебинен калыбына келтире тургандыгы айтылган. Себеби тараптар ортосунда ошол жылы камсыздандыруу боюнча келишим түзүлгөн эле.
Териштирүү учурунда тик учакты башкарган пилот инструкциянын негизинде гана учканын айткан.
Сот 35 жаштагы учкучту Жазык кодесинин 379-беренеси ("Учуу эрежелерин бузуу") боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Кийин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кабыл алынган мунапыстын негизинде жазадан бошоткон. Ал эми мамлекетке келтирилген зыянды калыбына келтирүүнү жарандык иштер боюнча соттук өндүрүштүн алкагында кароо сунушталган.
Материал Биринчи май райондук сотунун өкүмүнүн негизинде жасалды.