БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) COVID-19дун эң алгачкы учурлары боюнча иштелип чыга элек маалыматтарды берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу The Wall Street Journal жазды.
Бул маалыматтар вирустун качан жана кантип тарай баштаганын аныктоого мүмкүндүк берери айтылат.
"Алар бизге бир нече мисалын гана көрсөтүп койду. Бирок бул эпидемиологиялык иликтөөнүн стандарттарына туура келбейт. Демек, бул нерсе картинаны толугу менен көрүүгө тоскоол болот. Бирок башка тараптар муну туура деп эсептеши мүмкүн", — деди ДССУнун өкүлү Доминик Дуайер.
Адистердин айтымында, Кытай Ухань шаарында 2019-жылдын декабрь айында эң алгачкылардан болуп расмий катталган 174 учур боюнча малымат берүүдөн баш тартууда. Ошондой эле алар ага чейин дагы катталган учурлар болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат.
Дуайердин маалыматы боюнча, бул окуядан кийин ДССУ менен Кытайдын адистеринин ортосунда бир топ дискуссия жаралган.
Учурда Кытайда ДССУ эксперттеринин эл аралык тобу COVID-19дун келип чыгышын иликтеп жатат. Адистер 14-январда Кытайдын Ухань шаарына келишкен жана милдеттүү түрдө 14 күндүк карантинде болушкан. 29-январдан тарта гана өз иштерин башташкан.2020-жылдын 1-январында Ухань шаарындагы жашылча-жемиш, деңиз азыктары жана жапайы куштардын эти сатылган "Хуанань" базары белгисиз оорунун чыккандыгына байланыштуу эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүүгө жабылган. Илдетке алгач кабылгандар дал ушул жакта иштеген. Бирок илимпоздор азыркыга чейин базардын вирустун жайылышына ойногон ролу тууралуу бирдиктүү жыйынтыкка келе элек.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу, Казакстандын "Кайрат" клубунун футболчусу Гүлжигит Алыкулов кезектеги кооз голу менен өзгөчөлөндү. "Кыргызстандык Месси" Казакстандын кубогу мелдешинде "Тобол" клубу менен беттеште киргизген голунун видеосун КРдин футбол союзу Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Алыкулов беттештин 90-мүнөтүндө командасы 2:3 эсебинде утулуп жатканда атаандашын буйтап өтүп, алыстан дарбазанын так бурчуна таамай тээп, керемет гол киргизген. Дарбазачы кыргызстандык футболчунун соккусуна эч кандай каршылык көрсөтө алган эмес.
Буга чейин ал командалашына ыңгайлуу голдук пас чыгарып берген.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандагы жалгыз манасчы Баянгали Алимжанов менен Нур-Султанда жолугуп, ага "Достук" орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Жапаров Алимжанов кыргыз элдик көркөм өнөрүнүн берметин өнүктүрүүгө жана жайылтууга зор салым кошконун белгилеп, "Манас" эпосун казак тилине которгону үчүн ыраазычылык билдирген.
Баянгали Алимжанов ушул кезге чейин Казакстандагы жалгыз манасчы. Ал 1984-2004-жылдар аралыгында жүздөгөн улуттук, эл аралык жана жергиликтүү сынактарга катышкан, ар кандай конкурстардын бир нече жолку жеңүүчүсү.
Казак манасчысынын Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегин материалдан окуңуздар.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.