Вакцина алып жаткан адам. Архив

Өзбекстан COVID-19га каршы вакцинаны алгач мигранттарга сайып берет

61
(жаңыланган 10:40 19.02.2021)
Өзбекстандын Коронавируска каршы күрөшүү штабынын кызматкери Нурмат Отабековдун айтымында, вакциналар өлкөгө февралдын аягында, марттын башында алып келинет.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Өзбекстанда коронавируска каршы вакцинаны биринчилерден болуп башка өлкөгө иштегени кетип жаткан эмгек мигранттары ала алат. Бул тууралуу Тышкы эмгек миграциясы агенттигине шилтеме берип Sputnik Өзбекстан жазды.

"Препаратты мигранттардан тышкары 65 жаштан өткөн жарандар, медиктер, мугалимдер, аскер кызматкерлери, журналисттер, блогерлер, башка өлкөгө окууга кетип жаткан студенттер жана өнөкөт оорусу бар жарандар алса болот", — деп айтылат кабарда.

Эске салсак, өзбек бийлиги Россиянын коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өз аймагында каттоого алган.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын кызматкери Нурмат Отабековдун айтымында, вакциналар өлкөгө февралдын аягында, марттын башында алып келинет.

61
Белгилер:
коронавирус, вакцина, мигранттар, Өзбекстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1315)
Тема боюнча
ДССУ коронавирус менен ооругандарга вакцина алып коюуну сунуштады
Өзбек бийлиги "Спутник V" вакцинасын каттоого алды
Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарындагы Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин музейине барды

Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин музейине барды. Сүрөт

69
(жаңыланган 20:05 02.03.2021)
Нурсултан Назарбаевдин өмүр жолуна арналган музей 2020-жылы 1-октябрда ачылган. Анда Назарбаевге Кыргызстандан тапшырылган бир нече белектер да бар.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарындагы Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин музейине барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров в рамках государственного визита в Казахстан посетил музей первого президента РК Нурсултана Назарбаева в городе Нур-Султан
    Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарындагы Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин музейине барды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров в рамках государственного визита в Казахстан посетил музей первого президента РК Нурсултана Назарбаева в городе Нур-Султан
    Мамлекет башчысына музейдин ачылышы жана анын экспонаттары тууралуу айтып беришкен
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Памятник первого президента РК Нурсултана Назарбаева в музее в городе Нур-Султан
    Нурсултан Назарбаевдин өмүр жолуна арналган музей 2020-жылы 1-октябрда ачылган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров в рамках государственного визита в Казахстан посетил музей первого президента РК Нурсултана Назарбаева в городе Нур-Султан
    Аянты 40 миң чарчы метрди түзгөн бул музейде Казакстандын туңгуч президентинин жеке коллекциясынан алынган уникалдуу буюмдар жана Казакстан мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүн баяндаган экспонаттар сакталат
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызстана Садыр Жапаров в рамках государственного визита в Казахстан посетил музей первого президента РК Нурсултана Назарбаева в городе Нур-Султан
    Мамлекет башчысы жети өзгөчө көргөзмө залдан турган музейди көрүп чыккан соң, музейдин электрондук китебине каалоо-тилектерин калтырды.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 5
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарындагы Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин музейине барды

Мамлекет башчысына музейдин ачылышы жана анын экспонаттары тууралуу айтып беришкен.

"Нурсултан Назарбаевдин өмүр жолуна арналган музей 2020-жылы 1-октябрда ачылган. Аянты 40 миң чарчы метрди түзгөн бул музейде Казакстандын туңгуч президентинин жеке коллекциясынан алынган уникалдуу буюмдар жана Казакстан мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүн баяндаган экспонаттар сакталат. Музейде Нурсултан Назарбаевге Кыргызстандан тапшырылган бир нече белектер да бар", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчысы жети өзгөчө көргөзмө залдан турган музейди көрүп чыккан соң, музейдин электрондук китебине каалоо-тилектерин калтырды.

69
Белгилер:
музей, Нурсултан Назарбаев, Садыр Жапаров
Тема:
Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары
Тема боюнча
Жапаровдун Казакстанга болгон сапарынын биринчи күнү кандай өттү. Видео
Чечилбеген көйгөй болбошу керек. Жапаров Назарбаев менен жолукту
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга жасаган билдирүү учурунда

Жапаров Казакстанга жасаган сапары жемиштүү болгонун айтты

247
(жаңыланган 15:45 02.03.2021)
Жапаров Казакстан менен бардык багыттарда өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө азыркы бийликтин саясий эрки бар экенин белгиледи.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргыз делегациясы Казакстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанат. Мындай билдирүүнү өлкө президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга жасаганын президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ал сүйлөшүүлөр эки мамлекеттин кызматташтыгынын ырааттуу мүнөздө өнүгөрүн айтты.

Жапаров кыргыз-казак кызматташтыгынын дээрлик бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелер кеңири талкууланганын, эки өлкө үчүн маанилүү келишимдер түзүлүп, бир катар чечимдер кабыл алынгандыгын белгиледи.

"Биз мамлекеттердин ортосундагы союздук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү, интеграцияны жана эл аралык бирикмелердеги өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурдук", — деген ал.

Мамлекет башчы казакстандык өнөктөшү Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырган.

Президент эки өлкөнүн жана эки элдин улуттук кызыкчылыктарын илгерилетүүдө кыргыз-казак жогорку мамлекеттер аралык кеңешке, парламенттер аралык кеңешке жана өкмөттөр аралык кеңешке, жакынкы келечекке пландалган кезектеги жолугушууларды өткөрүүгө чоң үмүт артылганын кошумчалады.

"Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири жана көрсөткүчтөрү боюнча Россия менен Кытайдан кийинки, үчүнчү орунда турат. Биз мындан ары дагы зарыл шарттарды түзүп, өз ара сооданы өркүндөтөбүз деп макулдаштык. Сүйлөшүүлөрдө биз тарыхый, маданий, тил жана каада-салт жагынан тамыры бир болгон эки боордош элдин ортосундагы маданий кызматташуу маселелерин талкууладык. Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда Казакстандын маданият күндөрү, ал эми 2022-жылы Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт", — деп белгилеген Жапаров.

Ал ошондой эле эки тарапты тең кызыктырган регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашып, көп тараптуу кызматташуу форматында биргелешкен иш-чаралар пландаштырылып, ЕАЭБдин алкагындагы өз ара алака маселелери талкууланганына токтолду.

"Жалпысынан кыргыз делегациясы Казакстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды. Сүйлөшүүлөр кызматташтыгыбыздын ырааттуу мүнөздө өнүгөрүн белгилеп кетким келет. Ошол эле учурда алдыда жасала турган дагы көп иш бар. Бул үчүн бизде Казакстан менен бардык багыттарда өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө каалоо, умтулуу жана саясий эрк бар", — деген Жапаров.

Президенттин Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлган.

247
Белгилер:
Касым-Жомарт Токаев, иш сапар, Казакстан, Садыр Жапаров
Тема:
Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары
Тема боюнча
Казакстан менен чектешкен жерге логистикалык борбор ачуу пландалууда
Министрликтер тыгыз кызматташат. Жапаров Казакстанда кол койгон документтер
Абактын терезеси. Архив

Сокулук РИИБдин убактылуу кармоо жайында бир киши көз жумду. Ишти УКМК иликтейт

0
(жаңыланган 00:35 03.03.2021)
Ишти ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн текшерүү дайындалган. ИИМ, Чүй ОИИБи менен прокуратура жетекчилиги аны көзөмөлгө алган.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайда бир киши каза болгонун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

2-март таң эрте Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынын күзөтчүсү камактагы 51 жаштагы эркек кишини эс-учун жоготкон абалда тапкан.

"Окуя болгон жерге дароо Тез жардам кызматы чакырылып, медиктер киши көз жумганын аныкташкан. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды", — деп айтылат билдирмеде.

Каза тапкан адам Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурулук") менен шектелип, эки айга камакка алынган.

Ишти ар тараптуу жана объективдүү иликтөө үчүн текшерүү дайындалган. ИИМ, Чүй ОИИБи менен прокуратура жетекчилиги ишти көзөмөлгө алган. Аталган факт каттоого алынып, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.

0
Белгилер:
шектүү, өлүм, милиция, Сокулук району, Чүй облусу
Тема боюнча
Бүгүн таңда Кара-Сууда үй ээсин өлтүрүп, сейфин алып кетишти. Эки шектүүнүн сүрөтү