БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Японияда коронавирустун жаңы штаммы аныкталганын РИА Новости жазды.
Өлкөнүн Улуттук инфекциялык институтунун маалыматы боюнча, COVID-19дун мутацияланып кетиши учурдагы вакциналардын натыйжалуулугун төмөндөтүшү мүмкүн. Ошондой эле бат тараган касиетке ээ экендиги болжолдонду.
Япониянын өкмөтүнүн башкы катчысы Кацунобу Като коронавирустун жаңы штаммы 93 кишиден аныкталганын билдирди. Эки бейтаптан оору өлкөгө учуп келгенде, калганы Канто аймагында аныкталган.Японияда пандемия башталгандан бери коронавирусту 424 миң киши жуктурду, анын 7,37 миңи оорудан көз жумду.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Казакстан Кыргызстанга дагы эки авиакаттам ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан билдирди.
Азыркы тапта Алматы — Бишкек — Алматы багыты боюнча жумасына эки авиарейс каттап жатат.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Корея соттолгон жарандарын алмашуу боюнча келишим түзүп жатат. Аталган макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралды.
Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиевдин айтымында, учурда Кореяда иштеп жана окуп жүргөн 6000ден ашуун кыргызстандык бар. Ушул күнгө чейин ал жакта эки мекендеш соттолуп, бирөө жазасын өтөп чыккан. Ал эми өлкөдө алты кореялыктын жазык иши каралууда.
Ошондой эле ал буга Башкы прокуратура Кореянын Адилет министрлиги менен жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жана соттолгон адамдарды өткөрүп берүү тууралуу эл аралык келишимге кол койгонун белгиледи.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" вакцинасынын сатыктагы баасын каттагандыгын РИА Новости жазды.
Мурда ал 1942 рубль (2196 сом) турса, учурда кошумча нарк салыгын кошпогондо эки компонент 866,81 рубль (980.36 сом) болуп калды.
Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров бул арзандоо препаратты жасап чыгаруудагы өнөр жай технологиясынын оптимизациялангандыгынан жана өндүрүү көлөмүнүн көбөйгөндүгүнөн улам болгонун айтты.
"Негизи вакцина чыгаруу жергиликтүү фармацевттик өндүрүш компаниясына берилген мамлекеттин социалдык буюртмасы. Катталган баа эмдөө боюнча россиялык мамлекеттик масштабдуу программадагы вакцинага гана колдонула тургандыгын эскерте кетмечибиз", — деп кошумчалады ал.
Премьер-министр Михаил Мишустин буга чейин вакциналардын баасы өтө кымбаттап кетпешин көзөмөлдөп туруу зарылдыгын эскерткен. Министрлер кабинетинин жетекчиси башкы максат арбын киреше алуу эмес, элге жардам берүү экендигин айткан.
Россиядан сырткары вакцинаны Беларуста, Аргентинада, Боливияда, Сербияда, Алжирде, Палестинада, Венесуэлада, Парагвайда, Түркмөнстанда, Венгрияда, Бириккен Араб Эмирлигинде, Иранда, Гвинеяда, Тунисте, Арменияда, Мексикада, Никарагуада, Ливанда, Мьянма, Пакистанда, Монголияда, Бахрейнде, Черногорияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Сан-Маринодо, Гондураста жана Египетте колдошту.