БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев батирден чыккан өрттүн кесепетинен көз жумган беш бир туугандын окуясын өлкө трагедиясы деп атады. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Коңшу өлкөнүн Жамбыл облусунун Жанатас шаарында 19-февраль күнү көп кабаттуу үйдөгү батирден өрт чыккан. Үйдүн ичинде 1, 2, 4, 5 жана 6 жаштагы бөбөктөр (экөө уул, үчөө кыз) чоңдордун көзөмөлүсүз калган. Кырсыктын кесепетинен балдар иске ууланып, ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, сактап калууга мүмкүнчүлүк болбой, бешөө тең көз жумган.
"Мамлекет башчы Абдумаликовдордун үй-бүлөсүнүн аза кайгысын тең бөлүшөт, балдардын жакындарына кайрат айтат. Президент бул окуя бир үй-бүлөнүн эле эмес жалпы өлкөнүн трагедиясы деп эсептейт. Ал ата-энесине ар тараптан жардам көрсөтүүгө буйрук берди", — деп билдирген Токаевдин маалымат катчысы.
ӨКМдин маалыматы боюнча, өрт чыккан маалда балдардын атасы жумушта болгон, ал эми апасы дүкөнгө чыгып кеткен.
Ошондой эле батир борбордук жылытуу системасына кошулгандыктан, өрт электр жылыткычтан чыкты деген версия четке кагылган.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргыз делегациясы Казакстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанат. Мындай билдирүүнү өлкө президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга жасаганын президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ал сүйлөшүүлөр эки мамлекеттин кызматташтыгынын ырааттуу мүнөздө өнүгөрүн айтты.
Жапаров кыргыз-казак кызматташтыгынын дээрлик бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелер кеңири талкууланганын, эки өлкө үчүн маанилүү келишимдер түзүлүп, бир катар чечимдер кабыл алынгандыгын белгиледи.
"Биз мамлекеттердин ортосундагы союздук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү, интеграцияны жана эл аралык бирикмелердеги өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурдук", — деген ал.
Мамлекет башчы казакстандык өнөктөшү Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакырган.
Президент эки өлкөнүн жана эки элдин улуттук кызыкчылыктарын илгерилетүүдө кыргыз-казак жогорку мамлекеттер аралык кеңешке, парламенттер аралык кеңешке жана өкмөттөр аралык кеңешке, жакынкы келечекке пландалган кезектеги жолугушууларды өткөрүүгө чоң үмүт артылганын кошумчалады.
Ал ошондой эле эки тарапты тең кызыктырган регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашып, көп тараптуу кызматташуу форматында биргелешкен иш-чаралар пландаштырылып, ЕАЭБдин алкагындагы өз ара алака маселелери талкууланганына токтолду.
"Жалпысынан кыргыз делегациясы Казакстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды. Сүйлөшүүлөр кызматташтыгыбыздын ырааттуу мүнөздө өнүгөрүн белгилеп кетким келет. Ошол эле учурда алдыда жасала турган дагы көп иш бар. Бул үчүн бизде Казакстан менен бардык багыттарда өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө каалоо, умтулуу жана саясий эрк бар", — деген Жапаров.
Президенттин Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлган.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасында товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн логистикалык борбор ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанда мамлекеттик иш сапары менен жүрөт. Ал жактан Касым-Жомарт Токаев менен жолукту.
"Эки өлкөнүн өкмөттөрүнө кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына логистикалык борбор түзүү иштерин тездетүү тапшырылды. Борбор ишке кирсе Кыргызстан менен Казакстандын аймагынан тоскоолдуксуз товар өткөрүүгө шарт түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Мамлекет башчылары транспорттук жана транзиттик потенциалды мындан ары дагы өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ал үчүн эки тарап тең биринчи ирет кыргыз-казак аймактар аралык форум өткөрүүгө кызыкдар болуп жатышат.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кримтөбөл Камчы Көлбаев эч жакка кетпөө тил каты менен абактан бошотулду. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова тастыктады.
Анын айтымында, кримтөбөлдүн баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурум бүгүн, 2-мартта, болгон.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-мартта Көлбаевдин баш коргоо чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 22-мартка чейин узарткан.
Көлбаев 22-октябрда Бишкектеги спорттук клубдардын биринде кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, кримтөбөл уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында алынган маалыматтын негизинде колго түшүрүлгөн. Материалдар Кылмыш кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу") боюнча катталган.24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Көлбаев тергөө бүткөнгө чейин камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Кийин Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз түшүп, бирок аны жактоочулар кайра артка кайтарып алышкан.
Ноябрь айынын аягында Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 колонияга которулуп, ошондон бери аталган абакта кармалып келген эле.