Быйыл Нур-Султан шаарында 5G интернет ишке кирет

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүУюлдук станциянын мачтасы. Архив
Уюлдук станциянын мачтасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2021
Жазылуу
Өкмөт ал үчүн жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгат. Анын негизинде жыштыктар сынак же аукцион аркылуу бөлүштүрүлөт.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Быйыл Нур-Султан шаарында 5G интернет түйүнү ишке кирет. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги премьер-министрдин расмий сайтына шилтеме кылып жазып чыкты.
Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмикалык өнөр жай министринин орун басары Асхат Оразбектин айтымында, бешинчи муундагы түйүнгө өтүүгө өлкө аймагындагы байланыш операторлору даяр.
"2022-жылдын аягына чейин 5G түйүнүн республикалык маанидеги башка шаарларга да киргизүүнү пландап жатабыз. Ал эми 2025-жылга чейин бардык облус борборлору камтылат. Биз тараптан мыйзам долбоору ишке кирет. Анын негизинде жыштыктар сынак же аукцион аркылуу бөлүштүрүлөт. Мунун аркасында байланыш операторлору атаандаштыктын негизинде жыштыктарды алып колдоно баштайт", — деди вице-министр.
Ошондой эле ал жеке тараптар жыштыкты сатып алып эки жылга чейин колдонбосо, мамлекет аны тартып ала тургандай ченемдер киргизиле тургандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0