Өзбекстанда жакыр аялдар үйлүү болот. Ага 40 млн. доллар бөлүнөрү айтылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүӨзбекстан жараны. Архив
Өзбекстан жараны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2021
Жазылуу
Мирзиёев Ташкентте эл аралык конгресс борборунда аялдарды 8-март майрамы менен куттуктап, аларды социалдык жана материалдык жактан колдоо үчүн кезектеги токтомго кол койгон.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Өзбекстанда аз камсыз болгон аялдарды үйлүү кылуу үчүн бюджеттен 421 миллиард сум (болжол менен 40 миллион 102 миң сом) бөлүнөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн башчысы Шавкат Мирзиёевдин айтымына таянып Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, Мирзиёев Ташкентте эл аралык конгресс борборунда аялдарды 8-март майрамы менен куттуктап, аларды социалдык жана материалдык жактан колдоо үчүн кезектеги токтомго кол койгон.
"Документте жазылгандай, бул жылы бюджеттен жалгыз бой аялдарды, аз камсыз болгон кыз-келиндерге жардам катары 210 миллиард сум (болжол менен 20 миллион доллар) жана там-ташы жокторду социалдык турак жай менен камсыз кылуу үчүн 211 миллиард сум (20 миллион доллардын тегереги) бөлүнөт", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, каражаттын бир бөлүгү материалдык жардам, дарылоо, кесиптик окутуу жана аялдарды иш менен камсыз кылууга жумшалары кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0