Өзбекстан кыргыз аскерлерине тик учак белек кылат

© Sputnik / Владимир Баранов / Медиабанкка өтүүТренировка вертолетчиков у здания Минобороны в Москве
Тренировка вертолетчиков у здания Минобороны в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2021
Жазылуу
Өзбек тарап дагы бир тик учакты ремонттоп берүүгө даярдыгын билдирди. Аскердик кызматташтыктын алкагында башка маселелер дагы каралды.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Өзбекстан Кыргызстандын Коргоо министрлигине бир тик учак белекке берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат катчы Галина Байтеректин билдирүүсүндө айтылды.
"Өзбек тарап Коргоо министрлигине кайтарымсыз негизде бир тик учак берип, дагы бирин оңдоп берүүгө макул экенин билдирди", — деди Байтерек.
Бирок авиатехника тууралуу толук маалымат берилген жок.
Ошондой эле аскердик багыт боюнча кадрларды, тагыраагы, учкучтар менен байланышчыларды даярдоо маселеси каралганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0