Гүлнара Каримова абактагы азап тууралуу ыр жазып, аны кызы интернетке жарыялады

© AFP / Amy Sussman / GETTY IMAGES NORTH AMERICAДизайнер Гульнара Каримова в Нью-Йорке
Дизайнер Гульнара Каримова в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2021
Жазылуу
Каримова 2015-жылы "Опузалоо" жана "Салык төлөөдөн баш тартуу" беренелери менен камалып, 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк ага карата дагы башка кылмыш иштери козголуп, сот анын абак мөөнөтүн 13 жыл төрт айга көбөйткөн.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова абакта жатып, жакындарына өзү жазган ырларын берип жиберген. Бул тууралуу анын кызы Иман Каримова өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Iman karimova (@iman.k17)

Кыздын айтымында, катты апасы жаткан абактан эркиндикке чыккан адамдар алып келип берген.
"Абактан жаңы чыккан өтө кайраттуу аялдар апамдын катын алып келишти. Анда өзү жазган ырлары жана азыркы абалы тууралуу кабар бар экен. Учурда биз апам менен таптакыр байланыша албайбыз. Жактоочуну дагы киргизишпейт, телефон аркылуу дагы кабар ала албайбыз", — деп жазды Иман Каримова постунда.
Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2020
Гармонияда бол! Ислам Каримовдун кызы англис тилинде биринчи китебин чыгарды
Ырында Каримова абактагы турмуш жана андагылардын башынан өткөргөн азабы тууралуу айтканын көрүүгө болот.
Каримова 2015-жылы "Опузалоо" жана "Салык төлөөдөн баш тартуу" беренелери менен камалып, 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк ага карата дагы башка кылмыш иштери козголуп, сот анын абак мөөнөтүн 13 жыл төрт айга көбөйткөн.
Соңку ирет тагылган айыпта Каримованын мамлекетке 165 миллион доллар чыгым келтиргени айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0