Ремиксин угуп эле жүрөбүз! Казакстандык жаш диджей "Грэмми" сыйлыгын алды

© AFP / ROBYN BECK Грэмми сыйлыгы. Архив
 Грэмми сыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Жазылуу
Жаш диджейдин ремикси YouTube хостингинде миллион көрүүчү топтоп, рейтингдерге алдыга чыгып, хит-параддардан түшпөй калган.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Imanbek каймана аты менен таанымал 20 жаштагы казакстандык диджей Иманбек Зейкенов жыл ичиндеги мыкты ремикси үчүн "Грэмми" сыйлыгын алганын РИА Новости жазды
Ал SAINt JHN аттуу америкалык рэпердин Roses ырын жаңыча алып чыккан.
Казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайберген. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2021
Димаш Кудайберген YouTube "Алтын кнопкасын" алды. Видео
Зейкенов кесипкөй музыкант эмес, Казакстандагы темир жол колледжинде окуйт. Анын Roses ырына ремикси YouTube хостингинде миллион көрүүчү топтоп, рейтингдерде алдыга чыгып, хит-параддардан түшпөй калган.
Жаш диджейдин талантын байкаган Россиянын үн жаздырган компаниясы Effective Records аны менен келишим түзгөн.
Ал эми америкалык Бейонсе "Грэмми" тарыхында эң көп сыйлык алган ырчы болуп калды.
​Өнөрпоз "Мыкты музыкалык видеосу" үчүн 28-статуэткасын алды.
АКШлык поп-жылдыз Билли Айлиш бир нече статуэтканы илип кетти.
H.E.R аттуу ырчынын полициянын колунан каза тапкан афроамерикалык Жордж Флойдго арналган I Can't Breathe ("Мага дем жетпей жатат") ыры "Жылдын мыкты ыры" наамына ээ болду.
Иш-чара бул ирет "чыгармачылыктагы жаңы ийгиликтерге жана коронавирустун маданиятка тийгизген таасирине" арналган.
Жеңүүчүлөр менен кененирээк таанышууга болот.
"Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземинин негизги бөлүгү Москва убактысы боюнча дүйшөмбүгө караган түнү болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0