БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны акыркы учурларда көбөйүп бара жатат. Өткөн суткада COVID-19 илдети 1 264 кишиден аныкталып, буга чейин ооруп жаткан бейтаптардын арасынан 10у каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Салыштыруу үчүн айта кетсек, 17-март күнү жуктургандардын саны 1 186 адам болчу. Бирок мурдагы күнү каза тапкандар бир адамга көбүрөөк болуп, 11 киши өмүрү менен кош айтышкан.Жуктургандардын саны боюнча өткөн суткада алдыңкы орунда Нур-Султан (285 киши) менен Алматы (366 киши) шаарлары турду. Башка аймактарда илдет аныкталгандардын саны 100дөн төмөн.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, коңшу өлкөдө вирус жугузуп алгандардын саны 279 миңден ашты.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан электр кубатын бири-бирине берүү боюнча макулдашкандыгын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.
Аткаминер Казакстан электр энергиясынын бир киловатт-саатын 2,9 центтен сатып алууну сунуштаган, ал эми Кыргызстан 2,4 центке макул болгон. Бирок тараптар кийинчерээк товар алмашуу боюнча макулдашкан.
"Быйыл Казакстан биздин энергосистемага 900 миллион киловатт-саат берет. Ал эми коңшуларга Токтогул суу сактагычына эквиваленттик көлөмдө суу топтоп, камсыздап беребиз. Биз үч жылдын ичинде миллион киловатт-сааттык сууну кое берип, ошол эквивалентте кутулабыз. Бул электр кубатын иштеп чыгуу үчүн сууну түтүк аркылуу агызышыбыз керек. Товар алмашууну нөлдүк коюм менен жасоону чечтик", — деди министр.
Ал электр энергиясын коңшулардан Кыргызстанга алып келип же аларга жеткирүү чыгымын казак тарап өз мойнуна аларын кошумчалады.
"Кыргызстан транзиттин эсебинен пайда көрөт. Бул киловаттына 0,0000001 доллар болот", — деген министр.
Эске салсак, Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард куб метрге аз.
Эгемендүүлүк алган жылдары өлкө экономикасында секирик жасай турган кадамдар жасалган жок. Бул тууралуу Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 30 жылдын ичинде курулуш жана тейлөө тармагы гана көтөрүлгөн.
"Соңку 30 жылдын ичинде өлкөдө экономикалык секирик кыла турган кадамдарды жасай алган жокпуз. Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда экономиканын структурасында айыл чарба тармагы 36 пайыз, өндүрүш 27 пайыз, курулуш сегиз жана тейлөө тармагы 33 пайызды түзчү. Кийин айыл чарба 12 пайызга түшүп калган. Ортодогу айырмачылык дээрлик 24 пайыз. Учурда өндүрүш 18 пайызды түзгөнү менен анын ичине Кумтөр да кирет. Өлкөдө салыштырмалуу жакшыраак абалда иштеп жаткан жалгыз гана тейлөө тармагы болуп калды. Пандемия учурунда бул багыт да аксап, бюджетке 30 миллиард сомдун тегерегинде каражат түшкөн жок. Бул дароо ички экономикага терс таасирин тийгизди. Ошондуктан биз ЕАЭБдин потенциалын колдонушубуз керек, бирок атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз. Себеби ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, бизнеске колдоо жок. Азыркы бийлик бул багытта бир катар чечимдерди кабыл алууда, алар өз натыйжасын берет деген үмүттөмүн", — деди Абдыров.
Ошондой эле ал пандемиядан көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасы жабыр тартканын айтып, бирок аларда инновация өнүккөндүктөн анча кооптуу жагдай жаралбаганын кошумчалады.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.
ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.
Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.