Жарым жылаңачтанып сүмөлөк бышырган кыздардын чуусу. Өзбекстандагы окуя

© Фото / Pixabay/ PexelsИч кийимчен кыз. Архив
Ич кийимчен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Жазылуу
Өзбекстандык кыздардын кылыгы социалдык тармактын жергиликтүү колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан. Алардын Үргөнчтөгү "Сахара" клубунда иштээри белгилүү болду.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыздардын жарым жылаңач болуп алып сүмөлөк кайнаткан видеосу тарап кетип, ал коомчулукта кызыл чеке талкууну жараткан.
Кармалган киш кишенчен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2021
Ноокенде өспүрүм кызды опузалап акча талап кылган адам кармалды
Көп өтпөй ал кыздардын ким экендиги такталган. Алардын Үргөнчтөгү "Сахара" клубунда иштээри белгилүү болду.
Sputnik Өзбекстан кыздар бул кылыгы үчүн кечирим сурагандыгын кабарлап, видеосун таратты.
Маалыматта аларга карата Үргөнч шаардык соту иш козгоп, үчөө майда бейбаштык боюнча 15 суткага административдик камакка алынганы айтылат. Ал эми калгандары 1,225 миллион сумдук (116 доллар) айыпка жыгылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0