Лаборатория. Архивдик сүрөт

Алматыда коронавирустун британиялык жана түштүк африкалык штаммы аныкталды

(жаңыланган 13:50 27.03.2021)
Казакстанда акыркы күндөрү коронавируска кабылгандардын саны кескин өсүп жатат. Өткөн суткада эле вирусту 1 500дөн ашуун адам илештирип алган.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Казакстанда коронавирустун британиялык жана түштүк африкалык штаммы аныкталганын Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери, Санэпидкөзөмөл департаментинин жетекчиси Жандарбек Бекшин билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

"Бүгүнкү күндө Алматы "кызыл" зонада. Быйыл шаарда коронавируска кабылган 12 800 учур катталды. Мутацияланган штаммдын циркуляциясынан улам оору жугузгандардын саны көп болууда. Акыркы иликтөөлөрдүн жыйынтыгы чыгып, коронавирустун британиялык жана түштүк африкалык штаммдарына мүнөздүү мутациялар аныкталды", — деди Бекшин.

Ал жаңы штаммдардын жугуштуулугу мурунку базалык көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 70 пайызга жогору экенин белгилеген.

"Башкача айтканда, бул инфекция тез жайылат. Дал ушул көрсөткүчтөн улам акыркы убакта оору илештиргендердин саны көп болууда", — деди дарыгер.

Эскерте кетсек, коңшу өлкөдө акыркы күндөрү коронавируска кабылгандардын саны кескин өсүп кетти. Өткөн суткада эле вирусту 1 500дөн ашуун адам илештирип алган.

Белгилер:
дарыгер, штамм, оору, Казакстан, Алматы
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1377)
Тема боюнча
COVID жуктургандар көбөйсө Бишкекке кандай чектөөлөр киргизилет
Казакстанда COVID күч алды. Бир суткада оорудан 22 киши көз жумду
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров

Абдыров: ишкерлер ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатышат

(жаңыланган 11:33 19.04.2021)
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров өлкөдө өндүрүш ишканалары дээрлик иштебей жатканын белгиледи.
Абдыров: ишкерлер ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатышат

Эгемендүүлүк алган жылдары өлкө экономикасында секирик жасай турган кадамдар жасалган жок. Бул тууралуу Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 30 жылдын ичинде курулуш жана тейлөө тармагы гана көтөрүлгөн.

"Соңку 30 жылдын ичинде өлкөдө экономикалык секирик кыла турган кадамдарды жасай алган жокпуз. Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда экономиканын структурасында айыл чарба тармагы 36 пайыз, өндүрүш 27 пайыз, курулуш сегиз жана тейлөө тармагы 33 пайызды түзчү. Кийин айыл чарба 12 пайызга түшүп калган. Ортодогу айырмачылык дээрлик 24 пайыз. Учурда өндүрүш 18 пайызды түзгөнү менен анын ичине Кумтөр да кирет. Өлкөдө салыштырмалуу жакшыраак абалда иштеп жаткан жалгыз гана тейлөө тармагы болуп калды. Пандемия учурунда бул багыт да аксап, бюджетке 30 миллиард сомдун тегерегинде каражат түшкөн жок. Бул дароо ички экономикага терс таасирин тийгизди. Ошондуктан биз ЕАЭБдин потенциалын колдонушубуз керек, бирок атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз. Себеби ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, бизнеске колдоо жок. Азыркы бийлик бул багытта бир катар чечимдерди кабыл алууда, алар өз натыйжасын берет деген үмүттөмүн", — деди Абдыров.

Ошондой эле ал пандемиядан көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасы жабыр тартканын айтып, бирок аларда инновация өнүккөндүктөн анча кооптуу жагдай жаралбаганын кошумчалады.

Белгилер:
Төлөнбек Абдыров, Евразиялык экономикалык биримдик, пандемия, айыл чарба, экономика
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык мигранттар январь менен февралда канча акча которду
Тазалоочу айым. Архив

Асылып жанын койбогон жетекчисин швабра менен сабап... Кытайлык кыздын видеосу

(жаңыланган 10:23 19.04.2021)
Видео интернетке жайылып кеткен соң жергиликтүү бийлик окуяны териштирип, жыйынтыгында жетекчинин кызматтан кеткени айтылды.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кытайдын социалдык тармагында жетекчисин швабра менен башка-көзгө чапкылаган кыздын видеосу желдей тарады. RT басылмасы билдиргендей, эркек киши кызга асылып, ыплас билдирүүлөрдү тараткан.

​Окуя 11-апрель күнү Суйхуа шаарында (Хэйлунцзян провинциясы) болгону маалымдалды. Кыздын шаардагы жакырчылык менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысын швабра менен чапкылаган видеосу 14 мүнөткө созулат.

Билдирмеге ылайык, кытайлык кыз жетекчисинин туура эмес, ыплас билдирүүлөрдү жибергенине жини келген. Начальниги кыз швабра менен ургулай баштаганда кечирим сурап, тамашалап койгонун айткан.

Видео интернетке желдей тараган соң жергиликтүү бийлик окуяны териштирип, жыйынтыгында бөлүм башчынын кызматтан кеткени айтылды. Ошондой эле ал Кытайдын Коммунисттер партиясынын катарынан да чыгарылган.

Белгилер:
видео, жетекчи, интернет, окуя, Кытай
Тема боюнча
Жумушка барбаш үчүн 4 жолу үйлөнүп, 3 ирет ажырашкан. Тайвандагы окуя
Аялдар кол чатыр менен жаан учурунда. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

21-апрелге караган түнү аба ырайы кескин өзгөрөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланары болжолдонду.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +4…+9, Талас өрөөнүндө +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +9…+14 градусту көрсөтөт.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүн табы борбордо +7…+9, Ош шаарында +9…+14 градус болот.

Белгилер:
Кыргызстан, апрель, аба ырайы
Тема боюнча
Түштүк аймакта сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты