Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Архивдик сүрөт

ЖМК: Эмомали Рахмон кийинки жумада Ворух анклавына барат

(жаңыланган 12:26 01.04.2021)
Ворух анклавындагы абал президенттин жана Согди облусунун жетекчисинин көзөмөлүндө экени белгиленди.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Согди облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ворух анклавына барат. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан ишенимдүү маалымат булагына таянып жазды. 

"Президент иш сапарынын алкагында Бустон, Бободжон Гафуров, Истаравшан, Худжанд, Гулистон, Исфара сыяктуу шаар-райондорду кыдырат. Ошондой эле Ворух анклавын көрөт (Кыргызстандын жерлери менен курчалган Тажикстанга тийиштүү аймак)", — деп билдирген маалымат булагы.

Эмомали Рахмон Согди облусундагы бир катар маанилүү социалдык объектилерди ачып, эл менен жолугат.

Ворух айылында дагы маданий жана социалдык объектилерди, анын ичинде флагштокту, маданият сарайларын, мектептерди, спорт аянтчаларын, парктарды жана Точикон, Сангтуда райондору үчүн (9 миң адам жашайт) жаңы суу түтүк станцияларын эксплуатацияга киргизүү пландалып жатат.

Тажик ЖМКларынын маалыматына караганда, өлкө лидери Согди облусуна 5-апрелде барып, 8-апрелге чейин ошол жакта болот. Ворух анклавындагы абал президенттин жана аталган облустун жетекчисинин көзөмөлүндө экени белгиленди

Буга чейин Кыргызстандын УКМК жетекчиси жана чек ара маселелери боюнча өкмөттүк делегациянын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда Кыргызстан Тажикстанга Ворух анклавын Баткендин башка жерлерине (12 миң гектар) алмашууну сунуштаганын билдирген. Коңшу өлкө бул сунушка азырынча жооп бере элек.

Белгилер:
алмашуу, жер, Ворух анклавы, Эмомали Рахмон, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон өзүнүн атындагы музей ачты
Ташиев элге чек ара маселеси боюнча келишимди түшүндүрөт. Жолугушуу графиги
Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев. Архивдик сүрөт

Министр: Кыргызстан Казакстанга берген электр кубатынан пайда көрөт

(жаңыланган 12:10 22.04.2021)
Казакстан электр энергиясынын бир киловатт-саатын 2,9 центтен сатып алууну сунуштаган, ал эми Кыргызстан 2,4 центке макул болгон. Бирок тараптар башка чечимге келишти.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан электр кубатын бири-бирине берүү боюнча макулдашкандыгын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Аткаминер Казакстан электр энергиясынын бир киловатт-саатын 2,9 центтен сатып алууну сунуштаган, ал эми Кыргызстан 2,4 центке макул болгон. Бирок тараптар кийинчерээк товар алмашуу боюнча макулдашкан.

"Быйыл Казакстан биздин энергосистемага 900 миллион киловатт-саат берет. Ал эми коңшуларга Токтогул суу сактагычына эквиваленттик көлөмдө суу топтоп, камсыздап беребиз. Биз үч жылдын ичинде миллион киловатт-сааттык сууну кое берип, ошол эквивалентте кутулабыз. Бул электр кубатын иштеп чыгуу үчүн сууну түтүк аркылуу агызышыбыз керек. Товар алмашууну нөлдүк коюм менен жасоону чечтик", — деди министр.

Ал электр энергиясын коңшулардан Кыргызстанга алып келип же аларга жеткирүү чыгымын казак тарап өз мойнуна аларын кошумчалады.

"Кыргызстан транзиттин эсебинен пайда көрөт. Бул киловаттына 0,0000001 доллар болот", — деген министр.

Эске салсак, Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард куб метрге аз.

Белгилер:
алмашуу, сатуу, электр кубаты, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Жапаров электр кубатынын баасын көтөрүүнү сунуштады
Тема боюнча
Жапаров электр кубатынын тарифин эки эсеге көтөрүүнү сунуштоодо
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров

Абдыров: ишкерлер ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатышат

(жаңыланган 11:33 19.04.2021)
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров өлкөдө өндүрүш ишканалары дээрлик иштебей жатканын белгиледи.
Абдыров: ишкерлер ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатышат

Эгемендүүлүк алган жылдары өлкө экономикасында секирик жасай турган кадамдар жасалган жок. Бул тууралуу Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 30 жылдын ичинде курулуш жана тейлөө тармагы гана көтөрүлгөн.

"Соңку 30 жылдын ичинде өлкөдө экономикалык секирик кыла турган кадамдарды жасай алган жокпуз. Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда экономиканын структурасында айыл чарба тармагы 36 пайыз, өндүрүш 27 пайыз, курулуш сегиз жана тейлөө тармагы 33 пайызды түзчү. Кийин айыл чарба 12 пайызга түшүп калган. Ортодогу айырмачылык дээрлик 24 пайыз. Учурда өндүрүш 18 пайызды түзгөнү менен анын ичине Кумтөр да кирет. Өлкөдө салыштырмалуу жакшыраак абалда иштеп жаткан жалгыз гана тейлөө тармагы болуп калды. Пандемия учурунда бул багыт да аксап, бюджетке 30 миллиард сомдун тегерегинде каражат түшкөн жок. Бул дароо ички экономикага терс таасирин тийгизди. Ошондуктан биз ЕАЭБдин потенциалын колдонушубуз керек, бирок атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз. Себеби ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, бизнеске колдоо жок. Азыркы бийлик бул багытта бир катар чечимдерди кабыл алууда, алар өз натыйжасын берет деген үмүттөмүн", — деди Абдыров.

Ошондой эле ал пандемиядан көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасы жабыр тартканын айтып, бирок аларда инновация өнүккөндүктөн анча кооптуу жагдай жаралбаганын кошумчалады.

Белгилер:
Төлөнбек Абдыров, Евразиялык экономикалык биримдик, пандемия, айыл чарба, экономика
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык мигранттар январь менен февралда канча акча которду
Дүкөндөгү кумшкекер. Архив

ЕЭК Кыргызстанга шекерди бажы алымысыз алып келип турууга уруксат берди

(жаңыланган 23:58 22.04.2021)
Тарифтик жеңилдик 15-майдан 30-сентябрга чейин болот. Натыйжада Кыргызстанга 40 миң тоннадан ашык кумшекер бажы алымы жок келет.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши ЕАЭБ аймагына шекерди импорттоодо бажы алымды убактылуу алып турууну чечти. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чечим комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Тарифтик жеңилдик 2021-жылдын 15-майынан 30-сентябрына чейин болот. Арменияга 22,4 миң тонна, Казакстанга 134,4 миң тонна, Кыргызстанга 40 миң тонна, Россияга 350 тоннадан ашык эмес өлчөмдө ташылып келген кумшекер бажы алымынан бошотулат.

ЕЭК белгилегендей, комиссиянын кеңешинин чечими расмий жарыялангандан тартып 10 календардык күндө күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, азыр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө шекер ташуунун  бажы алымы тоннасына 340 долларды түзөт.

Белгилер:
импорт, Кумшекер, бажы, чечим, комиссия, ЕЭК, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт. Даректери
Кумшекер бир айда 7,2 пайызга кымбаттады. Жер-жерлердеги баалар