Саида Мирзиёева өзгөчө образдагы сүрөттөрүн жарыялап, алкоого арзыды

© Фото / Facebook / Saida MirziyoyevaӨзбекстан президентинин кызы Саида Мирзиёева. Архив
Өзбекстан президентинин кызы Саида Мирзиёева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Социалдык тармактын колдонуучулары Мирзиёеванын этно стилде түшкөн сүрөттөрүн суктануу менен карап, алкап жатышат.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Өзбекстан президентинин кызы Саида Мирзиёева өзгөчө образдагы сүрөттөрүн Facebook баракчасына жарыялады.
Ал Өзбекстандын ар кайсы аймагынан этно стилде фотосессия кылганын жазды. Президенттин кызы салттуу кийимдердин беш түрүн кийип көрсөткөн.
Социалдык тармактын колдонуучулары Мирзиёеванын сүрөтүн суктануу менен карап, алкап жатышат.
Саида Мирзиёева Улуттук масс-медианы өнүктүрүү жана колдоо боюнча коомдук фонддун камкордук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштейт.
Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Ойбек Турсуновго турмушка чыккан. Алардын Миромон, Шавкат аттуу эки уулу жана Саодатхон аттуу кызы бар. Мирзиёева Facebook жана Instagram баракчаларына ар кандай билдирүүлөрдү жазып турат. Соңку ирет лагман чоюп жаткан сүрөтүн жарыялаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0