Бир атадан көп бала туулбасын. Казакстанда бирдиктүү урук банкын түзүү сунушталды

© AFP / HENNING BAGGERУрук банкы. Архив
Урук банкы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Жазылуу
Депутаттын айтымында, Казакстанда урук донорлору аз. Андыктан бир эле атадан туулган балдар кийин бири-бирине үйлөнүп калышы мүмкүн. Демек, улуттук генофонд бузулуп, оорулуу балдар көп боло баштайт.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Казакстандын парламенти өлкөдө бирдиктүү урук банкын түзүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Депутат Бекболат Тлеухан бул нерсе келечекте бир атадан туулган балдардын баш кошуусун алдын алат деп эсептейт.
"Статистикага ишенсек, Казактанда урук донорлору абдан аз. Бирок жылына бир эле клиникада донордук урукту пайдалануу менен төрөлгөн балдардын саны 70тен ашат. Демек, бир нече үй-бүлөдө бир эле эркектен төрөлгөн балдар чоңоюп жатышы мүмкүн. Ал балдар кийин бири-бирине баш кошуп калса эмне болот? Биз келечектеги улуттук генофондубузга кам көрүп, бир кандагы адамдардан оорулуу балдардын төрөлүшүн алдын алышыбыз зарыл", — деди эл өкүлү.
Казакстандын мыйзамдарына ылайык, эркек 35 жашка чейин гана урук донору боло алат. Негизги талап — ден соолугу бекем болушу керек.
Эми депутат жогорудагыдай көйгөйлөр жаралбашы үчүн бир эркек бир гана жолу урук тапшырып, ал эки гана аялга колдонулсун деген сунуш киргизип жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0