Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара. Архивдик сүрөт

УКМК кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кенен маалымат берди

385
(жаңыланган 09:55 29.04.2021)
28-апрель күнү Баткендин кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Расмий маалыматтарга караганда, эки тараптан тең жабыркагандар болгон.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймагындагы жаңжалда кыргызстандыктар курал колдонгон эмес, ошондой эле тажик тараптын абалды Кыргызстан курчутуп жатат деген маалыматы чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

"Тажикстан социалдык тармактарга "жаңжалды кыргыз тарап курчутуп жатат. Бул үчүн алыскы райондордон жарандарды алып келип, улуттар аралык кагылышууга себеп болууда" деп тараткан маалыматы чындыкка туура келбейт", — деп айтылат билдирүүдө.

УКМК толуктап берген маалыматтарга караганда, Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу суусунун жээгиндеги болжолдуу чек ара сызыгынан 2-3 метр аралыкта тажик жарандары шагыл жүктөп кетүүгө аракет кылган. Кыргызстандын чек арачылары бул суроо эки айыл өкмөттүн жетекчилери тарабынан макулдашылмайын ишти токтотуп турууну талап кылышкан. Бирок тажик тарап буга макул болгон эмес.

"Ошол учурда чек арачылар курал колдонорун айтып, эскертүү беришкен. Коңшу өлкөнүн жарандары ошондо гана токтошкон. Андан кийин тажик тарап "Головной" суу таратуучу пунктунун аймагындагы мамыларга көзөмөл камерасын орното баштаган. Экинчи камера коюлуп жатканда Кыргызстандын Чек ара кызматынын жана Баткен облустук милициясынын өкүлдөрү барып, ишти токтотуусун талап кылышкан", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Ошондон кийин эле аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин ташка ала баштаган.

Окуя учурунда үч кыргызстандык жаракат алганы айтылат. Ал эми чек арачылардын сүйлөшүүсү учурунда Тажикстан тарап беш жараны жаракат алганын билдирген. Коңшу өлкөнүн чек арачыларынын айтымында, алардын бирине аңчылык куралынын огу тийген. Бирок УКМК кыргыз тарап ок атуучу курал колдонбогонун кабарлады.

Кыргызстандын Чек ара кызматы коңшу өлкөнү абалды курчута турган жалган маалыматтарды таратып, чагымчылдык кылбоого чакырды.

385
Белгилер:
абал, УКМК, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы (259)
Тема боюнча
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. УКМК окуянын чоо-жайын айтты
Фейк! УКМК тажик окуучулары менен кыргыз чек арачылары боюнча үн катты
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал таңга маал курчуп кетти
ТИМ башчысы Руслан Казакбаев. Архив

Душанбеде өтө турчу ЖККУ жыйынына ТИМ башчысы Руслан Казакбаев катышат

14
(жаңыланган 09:41 18.05.2021)
Тышкы саясий ведомстволордун башчылары актуалдуу эл аралык маселелер, регионалдык кырдаалдын абалын жана өнүктүрүүнүн келечегин талкууламакчы.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. ТИМ башчысы Руслан Казакбаев Тажикстанда өтө турчу ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Жыйын эртең, 19-майда, Тажикстандын борбор калаасы Душанбе шаарында өтөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун башчылары актуалдуу эл аралык маселелер, регионалдык кырдаалдын абалын жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулайт.

Ошондой эле ЖККУнун алкагында тышкы саясатты координациялоону күчөтүү маселелери боюнча пикир алышуу, ушул жылдын экинчи жарымында Душанбе шаарында өткөрүүнү пландаштырып жаткан Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына даярдыктын жүрүшүн талкуулоо пландалып жатат.

14
Белгилер:
Руслан Казакбаев, ТИМ, Душанбе, Тажикстан
Тема боюнча
Путин Кыргызстан менен Тажикстанга ортомчу болууга даяр
Кыргызстандык боксчу Азат Усеналиев. Архив

Азат Усеналиев баштаган боксчулар Азия чемпионатында күчүн сынайт

22
Мелдеш 21-майдан 1-июнга чейин Бириккен Араб Эмирлигинде өтөт. Анда улуттук команданын алты мушкери күчүн сынайт.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия чемпионатына катыша турган спортчулардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Мелдеш 21-майдан 1-июнга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарында өтөт. Азия чемпионатын багындырууга спорт чеберлери жана эл аралык даражадагы спорт чеберлери Мирлан Түркбай уулу (49 кг), Азат Усеналиев (52 кг), Акылбек Эсенбек уулу (57 кг), Нурадин Рустамбек уулу (69 кг), Өмүрбек Бекжигит уулу (75 кг), Эркин Адылбек уулу (81 кг) аттанышат.

Спортчуларды башкы машыктыруучу Данияр Жусубалиев жетектеген топ алып барат.

Белгилей кетсек, курама команданын мушкерлери мелдешке Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин алдындагы Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жиберилүүдө.

Ата мекендик мушкерлер буга чейин Азия чемпионатына Бишкекте даярдык көрүшкөнү айтылган.

22
Белгилер:
Кыргызстан, мелдеш, Азия чемпионаты, бокс
Тема боюнча
Кыргызстандык дзюдочулар Азия кубогунда 3 алтын медаль тагынды. Сүрөт