Таза абада басып жүргөн адамдар. Архивдик сүрөт

Өзбек бийлиги көп баскан жарандарына 1 млн. сумга чейин төлөп берет

120
Күн сайын 10 миң кадамдан көп баскан адамдын мобилдик капчыгына 3 миң сумдан каражат которулуп турат.

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Өзбекстандын өкмөтү өз элинин саламаттыгына кам көрүп, күн сайын 10 миң кадамдан көп баскан адамдарга акча төлөп туруу боюнча токтом кабыл алды. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлигине шилтеме берип Sputnik Өзбекстан жазды.

Долбоорго 18 жаштан жогорку курактагы ар бир жаран катыша алат. Бул үчүн киши атайын сайтка катталышы керек. Күн сайын 10 миң кадамдан ашык баскан адамдын мобилдик капчыгына 3 миң сумдан (24 сомдун тегереги) каражат которулуп турат.

Ошондой эле эң көп аралыкты басып өткөндөргө ай сайын район (шаар), облус жана республиканын деңгээлинде кошумча акы берилет.

Райондун деңгээлинде эң көп кадам таштагандар айына 300 миң сум (2,4 миң сомдун тегереги), облус боюнча 500 миң сум (4 миң сомдун теретеги) алат. Ал эми республикалык деңгээлде алдыңкы орунга чыккандар 1 миллион сумга (8 миң сомдун тегереги) ээ болушат.

Маалыматка караганда, мындай жол менен президент Шавкат Мирзиёев өзбекстандыктарды сергек жашоо образына тарткысы келет.

120
Белгилер:
сый акы, ден соолук, Шавкат Мирзиеев, Өзбекстан
Тема боюнча
Өзбекстанда туугандардын үйлөнүп алышына бөгөт коюу боюнча маселе көтөрүлдү
АКШнын аскер кызматкери. Архив

Өзбекстан АКШнын аскер базасы жайгашат деген маалымат боюнча үн катты

740
Wall Street Journal басылмасы буга чейин Афганистандан чыгарылган АКШ аскерлери Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштырылышы мүмкүн экенин жазган.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Өзбекстандын Коргоо министрлиги Wall Street Journal гезитинин АКШ Афганистандан чыгарылган аскер күчтөрүн Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштырышы мүмкүн деген билдирүүгө комментарий берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Wall Street Journal гезити буга чейин Афганистандан чыгарылган АКШ аскерлери Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштырылышы мүмкүн экенин жазган.

Ак үй бул үчүн Өзбекстан же Тажикстан ылайыктуу жай деп эсептей турганы да айтылды.

Өзбекстандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы республиканын аскердик доктринасында мындай аракеттерге тыюу салынганын белгилеп, АКШнын аскер күчтөрүнүн келиши тууралуу билдирүүнү четке какты.

"Коргоо чөйрөсүндөгү негизги документтерде чет өлкөлүк аскер базаларын жана объектилерин өз аймагына жайгаштырууга жол бербөө тууралуу так, даана жооптор бар", — деген министрликтин өкүлү.

Анын айтымында, бул принцип өлкө Конституциясына да, тышкы саясат боюнча концепцияга да киргизилген.

Министрлик ошондой эле Өзбекстандын коргонуу саясаты тынчтык орнотуу операцияларына жана чет өлкөлөрдөгү аскердик чыр-чатактарга катышпоо принцибине негизделгенин белгиледи.

Эскерте кетсек, 2001-жылдан 2005-жылга чейин АКШ бийлиги Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Ханабад аскер аэродромун пайдаланган. Бирок кийинчерээк Ташкенттин өтүнүчү менен аскер күчтөрүн Бишкектеги "Манас" авиабазасына көчүргөн.

Февраль айынын аягында Катар өлкөсүндө АКШ менен Талибан өкүлдөрү акыркы 18 жылдан ашкан чыр-чатактан кийин биринчи жолу тынчтык келишимине кол коюшкан. Анда 14 ай ичинде Афганистандан чет өлкөлүк аскерлер чыгарылып, туткундар кайтарылып, афгандар аралык диалог баштоо каралган.

Америкалык аскерлер Афганистандан 1-майдан тарта чыгарылып баштаган. Өнөктүк 11-сентябрда аякташы керек.

740
Белгилер:
комментарий, Өзбекстан, Аскер, АКШ, тынчтык орнотуучу
Тема боюнча
ЖМК: АКШ Афганистандан чыгарылган аскер күчүн Борбор Азияга жайгаштырабы?
Афганистандагы АКШ аскери. Архивдик сүрөт

ЖМК: АКШ Афганистандан чыгарылган аскер күчүн Борбор Азияга жайгаштырабы?

337
(жаңыланган 12:06 10.05.2021)
АКШ бийлиги армиясын Афганистандан чыгарып кетүү ишин баштады. Учурда радикал топторго каршы күрөшүүдө Афганистандын өкмөтүнө колдоо көрсөтүү үчүн АКШ аскерлерин жакынкы өлкөлөргө жайгаштыруу аракети көрүлүп жатат.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. АКШ бийлиги Афганистандан чыгарылган аскерлерин Борбор Азияга, тактап айтканда, Өзбекстанга же Тажикстанга жайгаштырууну караштырып жатат. Бул тууралуу The Wall Street Journal маалымат булагы жазып чыкты.

Басылмада айтылгандай, АКШ жетекчилиги армияны Афганистандан чыгара баштады жана учурда "радикал топторго каршы күрөштө афган өкмөтүн колдоо" максатында кошуна өлкөлөргө жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

"Деген менен Россиянын бул аймактагы ири аскердик күчтөрүнүн жайгашканы, Кытайдын таасиринин күчөшү жана Вашингтон менен мамилесиндеги чыңалуу Борбор Азияда база түзүү пландарын татаалдаштырат", — деп жазат басылма.

Вашингтон азырынча аталган өлкөлөргө база жайгаштыруу боюнча расмий кайрылуу жасай элек. АКШ аскерлери 2021-жылдын июль айында Афганистандан чыгарылышы керек.

Гезитте белгиленгендей, эгерде Тажикстан жана Өзбекстан менен келише албаса, анда АКШ аскерлерин Перс булуңундагы мамлекеттерге жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн караштырат.

Мындан сырткары, аймакка учак ташуучу авиакемени жайгаштыруу маселеси дагы иштелип жатат. Анын жардамы менен кыска убакыттын ичинде операцияларды жүргүзүп, ошондой эле Кабулдагы АКШнын элчилигин коргоого болот.

337
Белгилер:
тынчтык орнотуучу, АКШ, Өзбекстан, Тажикстан
Тема боюнча
Афганистандан америкалык аскерлердин чыгарылышын талибдер тескөөдө
АКШ Афганистандагы талибандарга чечимин кандайча түшүндүрөт. Чоо-жайы видеодо
Акча каражаттары. Архив

Сом КМШда эң кооз валюта болуп саналат. Адис кыргыз акчанын өзгөчөлүктөрүн айтты

0
Кечээ, 10-май күнү, кыргыз сому ишке киргенине 28 жыл толду. Бул аралыкта ал бир нече эл аралык сынактарда жеңүүчү болгон.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Кыргыз сомунун башкалардан кандай өзгөчөлүктөрү бар? Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынын накталай акча жана адистик бөлүмүнүн башчысы Дана Сайфуллина айтып берди.

Эске салсак, кечээ, 10-май күнү, кыргыз сому ишке киргенине 28 жыл толду.

"2009-жылы чыккан төртүнчү сериядагы банкноталардын ар бири кайталангыс өңгө ээ. Ар биринде өзүнө гана тиешелүү ачык түс бар. Бул акчаны эске тутуп калууга шарт түзөт жана көрүүсү начар адамдарга бир топ жеңилдиктерди берет", — деди адис.

Анын айтымында, учурда кыргыз сому КМШдагы эң кооз банкноталардын бири болуп эсептелет.

"2009-жылы чыккан 5000 сом номиналындагы банкнота "Жылдын банкнотасы" аттуу ири эл аралык сынакта финалга чейин жеткен. Бул акчанын коргоо деңгээли жана дизайны каралчу жыл сайын өтө турчу сынак. Ал эми 100 сомдук КМШ боюнча адистер арасында өткөн сурамжылоодо сапаты боюнча экинчи орунду алган. Адистер 50 доллар, 50 евро жана 1 миң рублдин сапатын сынашкан. 2 миң сомдук “Аймактагы мыкты банкнота 2018” эл аралык сынагында КМШ, Борбордук жана Чыгыш Европа мамлекеттеринин ичинен жеңүүчү болгон”, — деди ал.

Ошондой эле адис акча өлкө тарыхынын маанилүү бир бөлүгү экенин кошумчалады.

0
Белгилер:
тарых, факты, сом, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Кер мурут жигит Сүймөнкул Чокморов. Улуттук банктын улуу инсан тууралуу видеосу
Нөшөрлөгөн жаанга карабай Саякбайды уккан эл. Улуттук банктын видеосу