23 жыл мурдагы демилге. Өзбекстан быйыл Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүгө аракет кылат

© AFP / FABRICE COFFRINI Дүйнөлүк соода уюмунун Женева шаарындагы штаб-квартирасы. Архив
Дүйнөлүк соода уюмунун Женева шаарындагы штаб-квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жазылуу
Өзбекстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсү боюнча жумушчу топ мындан 23 жыл мурда түзүлүп, бирок ортодо анын иши токтоп калган.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Өзбекстан Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) мүчө болуп кирүүгө аракет кылууда. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.
Телефондогу тиркемелер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Өзбекстан Facebook, TikTok, Telegram кызматтарына талап койду
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында ДСУнун катчылыгы мүчө болуп кирүү үчүн уюмдун талаптарына дал келе тургандай кылып Өзбекстандын ички мыйзамдарын жөнгө салууга көмөктөшөрүн билдирген.
Өзбекстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кириши боюнча жумушчу топ 1998-жылы эле түзүлгөн. Бирок ортодо анын иши токтоп калып, 2020-жылдын июль айында кайра жанданган.
Белгилей кетсек, Кыргызстан 1998-жылы ноябрда постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен биринчи болуп Дүйнөлүк соода уюмуна толук кандуу мүчөлүккө кирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0