Өзбекстанда чылымдын айынан бүтүндөй бир көчөдө өрт чыкты. Видео

© Sputnik / Игорь АгеенкоӨрт өчүрүүчүлөр автоуунасы өрт болгон жерде. Архив
Өрт өчүрүүчүлөр автоуунасы өрт болгон жерде. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.05.2021
Жазылуу
Темекинин өчпөй калган калдыгы кургак чөптү күйгүзүп, андан ары бак-даракка жабышкан. Өрт өчүрүүчүлөр жалынды имараттарга жеткирбей токтотуп калышты.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Анжиян шаарынын тургуну чылымдын калдыгын аягына чейин өчүрбөй таштап коюп, анын кесепетинен бир көчөдө өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМге шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, окуя Университет көчөсүндө болгон. Темекинин өчпөй калган калдыгы кургак чөптү күйгүзүп, андан ары жалын бак-даракка жабышкан.
ӨКМ жеринде эки бригада иштегенин, тилсиз жоо имарттарга өтүп кете электе аны чектеп калганын билдирген. Жабырлануучулар жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0