Ухань шаарында жумушчу дезинфекциялоо учурунда. Архив

Кытай: COVID лабораторияда жасалган деген айыптоо акылга сыйгыс нерсе

89
(жаңыланган 11:27 08.06.2021)
Акыркы учурларда эл аралык ЖМКларда коронавирус лаборатория шартында жасалган деген маалыматтар байма-бай тарай баштады.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кытайдын АКШдагы элчилигинин өкүлү Лю Пэнъюй коронавирус Кытайда лабораторияда жасалган деген айыптоону Иракта адам баласын массалык түрдө жок кылуучу курал бар деген кептер менен салыштырып, акылга сыйгыс нерсе экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"COVID-19дун келип чыгышын бүткүл дүйнөнүн окумуштуулары изилдеп чыгышы керек. Бул жерден саясат издөөнүн зарылдыгы жок. Кытайды каралоо үчүн вирус лабораторияда жасалган деп жатышат. Бул Иракта адам баласын массалык түрдө жок кылуучу курал бар дегендей эле кеп. Чындыкка эч бир жагынан туура келбейт. Вирустун келип чыгышы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун процедураларына ылайык иликтениши зарыл", — деди дипломат.

Эске салсак, АКШ өнөктөш өлкөлөр менен Иракка кирерден мурда ошол кездеги мамлекеттик катчы Колин Пауэлл өлкө лидери Саддам Хусейндин колунда биологиялык курал чыгаруу технологиясы бар экенин айткан. Ага далил катары пробиркага салынган ак порошокту көрсөткөн. Кийин АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы (ЦРУ) Пауэллге жасалма пробирка менен чогуу туура эмес маалымат бергени белгилүү болгон.

Акыркы учурларда эл аралык ЖМКларда коронавирус лаборатория шартында жасалган деген маалыматтар байма-бай тарай баштады.

89
Белгилер:
коронавирус, лаборатория, АКШ, Кытай
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1431)
Тема боюнча
Илимпоздор COVID-19дун лабораторияда жасалганына дагы бир далил табышты
ДССУ: вакциналар менен дары-дармектер COVID-19ду жеңе албайт
Афган күчтөрү Кундуз провинциясындагы согуш талаасында

ЖМК: талибдер Тажикстан менен чектешкен аймакты басып алды

192
(жаңыланган 16:21 23.06.2021)
Афганистан бийлигинин 134 жоокери куралдуу кагылышка туруштук бере албай калгандыктан Тажикстандын аймагына кире качууга аргасыз болушкан.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Талибан"* согушкерлеринин кыймылы Афганистандын түндүгүндөгү маанилүү аймактардын катарына кирген Кундуз провинциясын көзөмөлдөп, анын борборун курчоого алды. Бул тууралуу Аль-Жазира телеканалы жергиликтүү бийлик органдарына шилтеме берип кабарлады.

ЖМКнын маалыматына караганда, бул провинция үчүн согуштук аракеттер жекшемби күнү башталып, дүйшөмбүдө талибдер райборборду басып алышкан. Кийинчерээк алар Кундуз провинциясындагы Афганистан менен Тажикстандын ортосундагы башкы чек ара өткөрмөсүн ээлеп алышкан.

"Тилекке каршы, бүгүн эртең менен талибдер Шир-Хан портун, шаарды жана Тажикстан менен чектешкен жердеги бардык постторду басып алышты", — деди провинция кеңешинин мүчөсү Халиддин Хакми.

Бул маалыматты талибдердин өкүлү Забиулла Муджахид дагы тастыктады. Анын айтымына караганда, учурда талибдер Шерхан-Бандар менен Кундуздагы чек ара өткөрмөлөрдүн бардыгын көзөмөлдөп жатат.

Ал эми Тажикстандын УКМКсынын Чек ара кызматы 22-июнь күнү Афганистан Ислам Республикасынын 134 жоокери куралдуу кагылышка туруштук бере албай "Пяндж" чек ара отрядынын төртүнчү заставасы аркылуу Тажикстандын аймагына киргенин кабарлады. Тажик чек арачылары афган жоокерлерин тоскоолдуксуз өткөргөн.

"Тажикстан менен Афганистандын чек ара линиясындагы абал чыңалып турат. Акыркы 10 күн аралыгында Афганистандын Тажикстан менен чектешкен жерлеринде өкмөттүк жана "Талибан" кыймылынын күчтөрү кагылышты", — дешти Тажикстандын УКМКсынан.

Акыркы маалыматтар боюнча, афган жоокерлеринин төртөө жарадар болуп, бирөө каза тапкан. Ал эми Шерхан-Бандарда талибдер тарабынан өлтүрүлүп жана туткунга алынгандардын саны жүздөп саналат.

* Кыргызстанда, Россияда жана башка бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм

192
Белгилер:
чек ара, Тажикстан, согуш, Талибан, Афганистан
Тема боюнча
АКШ Кабулду Түркияга табыштады... Талибдер кандай кабылдайт?
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Чыгымдын так суммасы жарыяланды
COVID-19 каршы казакстандык QazVac вакцинасы. Архив

Министр: жума ичинде казакстандык QazVac вакцинасы алып келинет 

88
(жаңыланган 15:36 22.06.2021)
Министр клиникалык тажрыйбанын үчүнчү фазасынан өтүп жаткан коңшу өлкөнүн вакцинасы бардык кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү болорун белгиледи. 

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызстанга коронавируска каршы казакстандык QazVac вакцинасы алып келинет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik агенттигине билдирди. 

Анын айтымына караганда, жума же ишемби күнү вакцинанын 50 миң дозасы гумжардам катары келет. 

“Мен саламаттык сактоо министри жана Казакстандын элчиси менен сүйлөштүм. Препараттар жума же ишемби күнү келиши керек. Себеби бейшемби күнү муздаткычтарды жөнөтөбүз. Чек арадан товарды өткөрүүдө көйгөй жаралбайт деп ойлойм”, - деди Бейшеналиев.

Министр клиникалык тажрыйбанын үчүнчү фазасынан өтүп жаткан коңшу өлкөнүн вакцинасы бардык кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү болорун кошумчалады. 

88
Белгилер:
QazVac вакцинасы, гуманитардык жардам, вакцина, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
The Lancet изилдөөсү: КРде коронавирустан көз жумгандардын саны өсүшү ыктымал
Ак чүч!.. Вакцина алгандарда гана болчу коронавирустун симптому аныкталды

Россиянын аскер учагы Кара деңизде британиялык кемени кантип токтотту. Видео

0
(жаңыланган 23:54 23.06.2021)
Россиянын Коргоо министрлиги Кара деңизде Улуу Британиянын Degender эсминецинин үстүнөн аскер учагы кантип учуп өткөнүн көрсөттү.

Кеме бүгүн Кара деңизден чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Россиялык учкучтар эскертүү катары эсминецтин жолун аткылап, авиабомба таштаган.

Ошондой эле кеменин өзүнө карата курал колдонуларын эскерткен.

Британия эсминец тынчтык жүрүшү менен бара жатканын айткан. Ал эми Россия бул окуя учурунда БУУнун деңиздеги укуктар боюнча 1982-жылкы конвенция бузулду деп эсептейт.

0
Белгилер:
чек ара, учак, кеме, деңиз, Улуу Британия, Россия
Тема боюнча
Кара деңизге жеткирилген артиллериялык, десанттык кемелер. РФ флоту эмнени көздөөдө?