Курал-жарак. Архив

Казакстан Тажикстанга бере турчу ок-дарынын жайын түшүндүрдү

258
Кыргызстан менен да ушундай эле келишимге быйыл 2-мартта кол коюлганы белгиленет. Бирок эки өлкөгө тең чек ара чыры чечилмейин жөнөтүлбөйт.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Тажикстанга аскердик жардам көрсөтүү Кыргызстан менен чек ара талашына байланыштуу эмес. Бул туурасында Sputnik Казакстан өлкөнүн Коргоо министрлигине таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, тажик-афган чек арасындагы кырдаал курчуп жатканына байланыштуу 2019-жылы декабрда Тажикстандын Коргоо министрлиги казак тарапка кайрылып, аскердик-техникалык жардам көрсөтүүнү сураган. Андан соң өкмөттөр аралык макулдашуу иштелип чыгып, ага үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде кол коюлган.

Ошондой эле Кыргызстан менен да ушундай эле келишимге быйыл 2-мартта кол коюлганы белгиленет.

"Аталган келишимдер Кыргызстан менен да, Тажикстан менен да эки өлкөнүн ортосундагы чек ара талашы чыкканга чейин кол коюлган. Аскердик-техникалык жардам көрсөтүү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалды өрчүтүү максатын көздөбөйт. Бул келишимдер эл аралык коалиция аскердик контингентин Афганистандан чыгарып кетүүнү пландап жаткан маалда түзүлгөн", — деп билдирген Казакстандын Коргоо министрлиги.

Мындан сырткары, министрлик аскердик-техникалык каражаттар кырдаал турукташып, карама-каршылыктарды жөнгө салуу боюнча келишимдер түзүлгөндөн кийин гана Кыргызстан менен Тажикстанга жөнөтүлөрүн жазган.

"Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге ылайык, ЖККУ өлкөлөрү бири-бирине күч колдонуп же кысымга албашы керектигин белгилейбиз. Бул уюмга Кыргызстан менен Тажикстан кирген", — деп жазылат билдирүүдө.

Андыктан аскердик-техникалык жардамды эки өлкө тең чек ара чыры чечилмейин колдоно албай турганы айтылат.

Буга чейин жарыяланган келишимдин текстинде Казакстан Тажикстанга төмөнкүлөрдү берери жазылган:

  • 5,45-миллиметрлик ок — 3 миллион 240 даана;
  • 23-миллиметрлик ок — 20 миң 76 даана;
  • 82-миллиметрлик снаряд — 10 миң даана.
258
Белгилер:
жардам, Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан
Тема боюнча
Путин менен Мирзиёев кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашты
Казакстан коронавируска каршы QazVac вакцинасы. Архив

Казак өкмөтү: Кыргызстанга вакцина берүү пландалган эмес

75
(жаңыланган 10:15 24.06.2021)
Казакстан учурда айына QazVac вакцинасын 100 миң дозадан гана даярдап жатат. Бул көлөмдү август айынын соңунда гана көбөйтүү каралган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Казакстан жакынкы айларда эч бир өлкөгө коронавируска каршы QazVac вакцинасын бербейт. Бул тууралуу өлкө вице-премьери Ералы Тугжанов билдиргенин Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Эске салсак, Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ушул жуманын ичинде өлкөгө казакстандык QazVac вакцинасы алып келинерин айткан. Болгондо дагы жума же ишемби күнү вакцинанын 50 миң дозасы гумжардам катары келерин баса белгилеген.

"Биринчи кезекте Казакстан вакцина менен өз жарандарын камсыздоосу керек. Андыктан август айынын аягына чейин кайсы бир өлкөгө QazVac вакцинасын жөнөтүү боюнча сөз дагы болбойт. Сентябрь айында гана вакцинанын 1 миллионго жакын дозасын даярдап бүтөбүз. Ошондо башка өлкөлөргө берүү маселесин карашыбыз мүмкүн", — деди Тугжанов.

Ал эми коңшу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой балким мындай өтүнүч менен Кыргызстан Казакстанга кайрылса керек деп божомолдоду.

"Албетте, кызыкдар өлкөлөр бар. Биз өтүнүч, сунуштардын бардыгын карап чыгабыз. Бирок жакынкы айларда эч кимисине вакцина бере албайбыз", — деди Цой.

QazVac (QazCovid-in) — Казакстанда чыгарылган коронавируска каршы препарат. Алгач 75 миң доза өндүрүлүп, апрель айынан баштап жергиликтүү эл эмделе баштаган. Клиникалык сыноонун акыркы, үчүнчү фазасы 2020-жылдын декабрь айында өткөрүлгөн.

75
Белгилер:
төгүндөө, Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргызстан, коронавирус, QazVac вакцинасы, Казакстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Аптап коронавирустун жаңы штаммына кандай таасир этери айтылды
ДССУ балдарды эмдөө боюнча көз карашын өзгөрттү
Афган күчтөрү Кундуз провинциясындагы согуш талаасында

ЖМК: талибдер Тажикстан менен чектешкен аймакты басып алды

223
(жаңыланган 16:21 23.06.2021)
Афганистан бийлигинин 134 жоокери куралдуу кагылышка туруштук бере албай калгандыктан Тажикстандын аймагына кире качууга аргасыз болушкан.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Талибан"* согушкерлеринин кыймылы Афганистандын түндүгүндөгү маанилүү аймактардын катарына кирген Кундуз провинциясын көзөмөлдөп, анын борборун курчоого алды. Бул тууралуу Аль-Жазира телеканалы жергиликтүү бийлик органдарына шилтеме берип кабарлады.

ЖМКнын маалыматына караганда, бул провинция үчүн согуштук аракеттер жекшемби күнү башталып, дүйшөмбүдө талибдер райборборду басып алышкан. Кийинчерээк алар Кундуз провинциясындагы Афганистан менен Тажикстандын ортосундагы башкы чек ара өткөрмөсүн ээлеп алышкан.

"Тилекке каршы, бүгүн эртең менен талибдер Шир-Хан портун, шаарды жана Тажикстан менен чектешкен жердеги бардык постторду басып алышты", — деди провинция кеңешинин мүчөсү Халиддин Хакми.

Бул маалыматты талибдердин өкүлү Забиулла Муджахид дагы тастыктады. Анын айтымына караганда, учурда талибдер Шерхан-Бандар менен Кундуздагы чек ара өткөрмөлөрдүн бардыгын көзөмөлдөп жатат.

Ал эми Тажикстандын УКМКсынын Чек ара кызматы 22-июнь күнү Афганистан Ислам Республикасынын 134 жоокери куралдуу кагылышка туруштук бере албай "Пяндж" чек ара отрядынын төртүнчү заставасы аркылуу Тажикстандын аймагына киргенин кабарлады. Тажик чек арачылары афган жоокерлерин тоскоолдуксуз өткөргөн.

"Тажикстан менен Афганистандын чек ара линиясындагы абал чыңалып турат. Акыркы 10 күн аралыгында Афганистандын Тажикстан менен чектешкен жерлеринде өкмөттүк жана "Талибан" кыймылынын күчтөрү кагылышты", — дешти Тажикстандын УКМКсынан.

Акыркы маалыматтар боюнча, афган жоокерлеринин төртөө жарадар болуп, бирөө каза тапкан. Ал эми Шерхан-Бандарда талибдер тарабынан өлтүрүлүп жана туткунга алынгандардын саны жүздөп саналат.

* Кыргызстанда, Россияда жана башка бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм

223
Белгилер:
чек ара, Тажикстан, согуш, Талибан, Афганистан
Тема боюнча
АКШ Кабулду Түркияга табыштады... Талибдер кандай кабылдайт?
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Чыгымдын так суммасы жарыяланды
Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино актеру, белгилүү куудул Күмөндөр Абылов

Абылов: кыргыз күлкүсүнүн 45 түрү бар

0
(жаңыланган 12:39 24.06.2021)
Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино актеру, белгилүү куудул Күмөндөр Абылов кыргызда күлкүнүн 45 түрү бар экенин айтты.

Кыргызды күлдүрүш кыйын дешет. Чынында ушундай, анткени биздин эл ишенген нерсесине гана күлөт. Бирок бул кыргызда күлкү жанры өнүкпөй калган дегенди түшүндүрбөйт. Мындай пикирин Күмөндөр Абылов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Абылов: кыргыз күлкүсүнүн 45 түрү бар

Анын айтымында, аталган жанрды өнүктүрүү иштери колго алынбай жатат.

"Кыргыз элинде күлкү жанры абдан өнүккөн. Мунун далили катары аталган жанрдын 45 түрү бар экенин айтсак болот. Күлкү, күйдүргү, жанытма, кыйытма, апыртма, такмаза, кер какшык, какшык, каяша жана башка, мунун бардыгы ушул жанрга кирет. Керек болсо күлкүнү кыргыздын комузу, манасчылык, төкмөлүк өнөрү сыяктуу деңгээлде алып карасак болот. Ал үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок азыр жакшы көңүл бурулбай жатат. Сатира жазгандар жок, болсо да бекер бергиси келбей кийинки муун үзүрүн көрөр деп үйүнө катып койгон. Ал эми куудулдарыбыздын көпчүлүгү театралдык билими, сахна маданияты жок эле эл алдына чыгып алып, чампалап номерлерди коюшууда. Пикеттин деңгээлинен жогору, көрүүчүгө руханий байлык тартуулай турган сатиралар жаралбай калды. Андыктан күлкү жанрына илимий, мамлекеттик деңгээлде карап, иштер жасалуусу керек. Ар бир түрүн иликтеген илимий иштер жазылса, өнүктүрүү коому түзүлүп, куудулдардын билими жогорулатылса кандай жакшы болор эле. Элге мамлекеттик идеологиянын негизинде талаптар коюлуп, дасыккан режиссерлер менен ийине жеткире иштелип чыккан гана номерлер тартууланышы керек", — деди Абылов.

Ал сатирик жазуучулар менен куудулдардын башын бириктирип иш алып баруу маселесин тез арада ишке ашыруу зарылдыгы турганын кошумчалады.

0
Белгилер:
сатира, көйгөй, күлкү, Күмөндөр Абылов
Тема боюнча
Ниязов: Асанкул Шаршеновдун 16 улуттун өкүлүн жалгыз ойногон спектакли бар