Казакстанда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал жакшырып баратат

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүМедициналы кызматкер Алма-Атадагы соода борборунда. Архив
Медициналы кызматкер Алма-Атадагы соода борборунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Жазылуу
Өлкө аймактарында коронавирустан дарылоо үчүн ачылган ооруканалар этап-этабы менен жабыла баштады. Республика азыр "жашыл" зонага өттү.
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Казакстанда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал турукташканы белгиленди. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой айтканын Sputnik Казакстан жазды.
Анын белгилешинче, республика "жашыл" зонага өткөн.
"Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал турукташканы белгиленүүдө. Республика "сары" зонадан "жашыл" зонага өткөн: 6-июндан тарта Казакстан "жашыл" зонага кирди. Оорунун чыгышы, божомолго ылайык, оптимисттик сценарий боюнча өнүгөт", — деген Цой өкмөттүн отурумунда.
Анын айтымында, дарыланып жаткан бейтаптардын саны акыркы айда 20 миңге же эки эсеге кыскарган.
Лабораторияда иштеген адис. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Илимпоздор COVID-19дун лабораторияда жасалганына дагы бир далил табышты
"Аймактарда коронавирустан улам ачылган ооруканалар этап-этабы менен жабыла баштады. Маселен, Нур-Султанда 330 орундуу төрт стационар, Алматыда эки миңден ашык керебети бар 11 стационар жабылды", — деди министр.
Цойдун белгилешинче, COVID-19 жуктургандар акыркы аптада өткөн жумага салыштырмалуу 11 миңден 8 миңге чейин же 1,3 эсе кыскарган. Май айынын башындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу, ооругандар 2,1 эсеге азайды.
Эске салсак, март айында Казакстанда коронавирус күч алып, илдеттен каза болгондордун жана жаңы жуктургандардын саны өскөн. Ал эми февраль айында өлкөнүн баш калаасы, Нур-Султан шаары, коронавирустун тарашы боюнча "кызыл" зонага кирген болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0