Шавкат Мирзиёев аял жана үй-бүлө кандай учурда бактылуу болорун айтты

© Фото / пресс-служба президента Республики УзбекистанӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Коңшу өлкөнүн башчысы 830 аял эмгектенген кийим тигүү ишканасына барган. Алар менен баарлашып жатып аялдын иш менен алектениши жана маанайы үй-бүлөгө таасир этерин белгиледи.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Анжиян облусуна болгон иш сапарында үй-бүлөдөгү бактылуулук тууралуу кеп козгоду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги жазды.
Өлкө башчы Избаскан районундагы 830 аял эмгектенген кийим тигүү ишканасына барып, алар менен баарлашкан.
"Сиздерге сый-урматымды билдирем. Өз айылыңыздарда иш таап алганыңыздарга кубанып турам. Избасканда мындай заманбап ишкана жок болчу. Биз бул иштерди улантып, аялдар үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Аялдын жумушу болсо жана маанайы көтөрүлүп турса, үй-бүлөсү да бактылуу болот", — деген Мирзиёев.
Дээрлик аялдар иштеген фабрика жакынкы убакта жумушчу орундарын 1200гө чейин жеткирүүнү пландоодо. Кийимдерди сатуу үчүн Россия жана Кытай менен келишим түзүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0