Алматыда фонтанга түшкөн балдар менен аялды ток уруп, эс-учун жоготушту

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОтдых на ВДНХ
Отдых на ВДНХ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2021
Жазылуу
Күбөлөрдүн айтымында, кыздар фонтандагы сууга түшүү үчүн бут кийимдерин чечип, кайра металл конструкциядан буттарын ала албай калышкан.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Алматыда цирктин алдындагы фонтандан аял менен эки кызды ток уруп, эсин жоготуп жатып калышкан. Бул тууралуу Sputnik Казакстан күбөлөрдүн айтымына таянып кабарлады.
Буга чейин интернетте жабыркагандар тартылган видео жарыяланган.
Окуяга Укилай Бестай аттуу казакстандык аял күбө болгонун Facebook баракчасына жазды. Ошол мезгилде ал балдары менен паркта сейилдеп жүргөнүн айтып, эки кыздын фонтанга бут кийимдерин чечип түшөйүн деп жатканын көргөнүн кошумчалаган.
"Алар металл конструкциядан буттарын ала албай калышты. Бир маалда алып чыгуу үчүн апасы чуркап келди. Бирок үн чыккан жок. Ошондо мен аларды ток урганын түшүнүп, элди жардамга чакыра баштадым. Бирок баары тең өз өмүрлөрүн тобокелге салууну каалаган жок окшойт. Бир убакта Абылай аттуу жигит аларга жардамга келип, жабыркагандарды суудан алып чыкты", — деп жазган ал.
Ысык-Көлдүн Түп районунда болгон жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2021
Унаа экиге бөлүнүп кеткен. Түптөгү жол кырсык эки кишинин өмүрүн алды. Сүрөт
Жабыркагандарга Абылайдан башка да бир киши жардам бергени маалым болду. Күбөлөрдүн айтымында, кыздардын бири эсине дароо келген. Ал эми аял менен экинчи кызга ошол жерде чогулгандар жардам бергенден кийин көзүн ачкан.
Азыркы тапта жабыркагандардын абалы белгисиз.
Sputnik Казакстан агенттиги жабыркаган аял менен кыздар тууралуу маалымат алуу үчүн Алматы шаарынын ден соолук боюнча коомдук башкармалыгына, куткаруучуларга жана милицияга кайрылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0