Талибдер тажик чек арасын көзөмөлдөөдө. Окуя кандай нук алат?

© AFP / Noorullah Shirzada"Талибан" кыймылынын жоокерлери. Архив
Талибан кыймылынын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Жазылуу
Афганистандан чет өлкөлүк күчтөрдүн толук чыгарылышына эки апта калганда талибдер тажик чек арасынын негизги тилкесин – "Шерхан-Бандар" бажы жана соода өтмөгүн басып алды.
Чек ара райондорундагы өкмөттүк күчтөр талкаланды, террорчулуктун Борбор Азия өлкөлөрүнө жайылуу коркунучу алда канча күч алды. "Талибан"* кыймылынын согушкерлери 22-июнда Афганистандын Тажикстан менен башкы чек ара өтмөгүн – "Шерхан-Бандар" көзөмөл-өткөрмө бекетин, анын жанындагы калктуу пункт жана бардык чек ара постторун тартып алды. Абалга аскерий баяндамачы Александр Хроленко баам салган.
Бул райондо афган коопсуздук күчтөрү өз ордун таштап, айрым аскер кызматкерлери чек ара аркылуу Тажикстанга карай качышкан. Көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу кыймыл токтотулду.
Талибдердин курчоосундагы Кундуз калаасынын айланасында негизги согуштук аракеттер уланууда. Ошол эле убакта Баглан, Герат, Кундуз, Фарьяб провинцияларындагы бир нече районду басып алышты. Соңку эки айда аталган кыймыл 30дан ашуун районду ээлеп, бүгүнкү күндө Ислам республикасынын аймагынын төрттөн үч бөлүгүн көзөмөлдөөдө.
Талибдер толук жеңиштин жакындыгын туюп, Кабулдун кулоо мүмкүндүгү жогорулап барат. Өкмөттүк күчтөр жана полиция кызматкерлери өз милдеттерин аткара албай калышты. Президент Ашраф Гани өткөн жумада коргоо, ошондой эле ички иштер министрлерин, куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчисин алмаштырууга мажбур болду. Бул аргасы кеткендеги аракеттей туюлду.
Радикальное движение Талибан  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2021
АКШ Кабулду Түркияга табыштады... Талибдер кандай кабылдайт?
Афган парламентарийлери өкмөт өлкөдөгү кырдаалдын көзөмөлүн колдон чыгарганын билдирип, "Талибан"* менен күрөш үчүн коомдук фронт түзүүгө үндөдү. Кооптуу кырдаалдан улам элдик кыймыл отряддары Тахар, Баглан, Жаузжан, Сари-Пул, Фарьяб, Кундуз, Балх, Парван, Кандагар жана Бадгис провинцияларында уюшулуп жатат. НАТО стандарттарына ылайык жабдылып жана машыктырылган өкмөттүк армия душмандын мизин кайтара албаган жагдайда начар куралданган элдик отряд эмне кыла алат?!
Ал ортодо талибдердин тажик чек арасына жетиши – алардын жөнөкөй эле жергиликтүү ийгилиги эмес. "Шерхан-Бандар" көзөмөл-өткөрмө жайы Тажикстан менен Афганистандын ортосундагы эң маанилүү соода-ашуу пункту. Борбор Азия, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы товар айландыруунун бир топ көлөмү ошол өтмөк аркылуу өтөт.
Атайынбы же эрксизденби, талибдер Афган ислам республикасынын эл аралык алакаларына эбак кийлигише баштаган. Тажикстан чек араларын коргоону күчөтүп, он миңдей афган качкынын кабыл алууга даяр.

Борбор Азия күчүн бириктирүүдө

АКШ Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы (жоопкерчилик аймагына Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия кирет) Афганистандан америкалык контингенттин 50 пайыздан ашууну чыгарылганын, бул процесс 10-июлга чейин аяктарын маалымдаган.
Бириккен Улуттар Уюмунун Афганистанга жардам берүү боюнча миссиясынын жетекчиси Дебора Лайонс афган аралык жаңжалды тынч жол менен чечүүгө болоруна дале үмүт артат. Анткен менен талибдердин чет өлкөлүк күчтөрдүн чыгарылышы менен дароо провинцияларды курчоо жана басып алуу тактикасы кырдаал курчуп баратканын даана тастыктап турат. Коңшулар коркунучтарды жоюуга күч жана каражаттарын бириктирүүгө аргасыз.
22-июнда Душанбеде Кыргызстан, Россия Федерациясы, Казакстан жана Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчылары Марат Иманкулов, Николай Патрушев, Асет Исекешев жана Насрулло Махмудзода Афганистандагы кырдаалга тиешелүү коопсуздук маселелерин, Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана Шанхай кызматташтыгы уюмунун (курамына Кыргызстан, Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан кирет) алкагындагы өз ара аракет пландарын талкуулашты.
Вертолет Blackhawk  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2021
"Баграм" авиабазасы афган бийлигине өтөт: коалиция учуп кетүүгө үлгүрөбү?
Андан мурдараак борбор азиялык кесиптештери менен биргеликте РФ коргоо министри Сергей Шойгу кезиккен. Россия менен Өзбекстандын коргоо мекемелери 2021-2025-жылдары аскердик багыттагы стратегиялык өнөктөштүк программасын даярдашкан. Сүйлөшүү жүргүзүүчүлөрдүн иш билгилик жана жоопкерчилик деңгээли афган көйгөйүнүн олуттуулугун, бул жаатта Борбор Азия өлкөлөрү менен Россиянын терроризмдин (кандай гана аталышта болбосун) КМШ мейкиндигине чагылышын бөгөттөө үчүн күчтөрүн бириктирүүгө чечкиндүүлүгүн тастыктайт.
Россия Афганистанда абал кандай нук албасын, анын ичинде жарандык согуштун жаңы эпкини жана түндүккө террордук интервенциялоо аракеттерине да каршы чара көрүүгө даяр. ЖККУ уюмдун мүчөлөрүнүн коргоо жөндөмүн арттыруу үчүн колунан келгендин баарын аткармакчы.
Мындан тышкары, Шанхай кызматташтык уюмунун потенциалын да тартуу зарыл. Уюмга Афганистан менен чектешкен бардык мамлекеттер (анын ичинде Пакистан жана байкоочу макамындагы Иран) кирет эмеспи.
РФ коргоо министри Сергей Шойгу 23-июнда Москвада өткөн Эл аралык коопсуздук боюнча конференцияда Исламабад жана Тегеран менен өз ара аракеттешүүсүз афган түйүнүн" чечүү мүмкүн эместигин билдирди.

Дежа-вю

Афганистандын тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар 22-июнда БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында: "Бир нече аптадан соң чет өлкөлүк күчтөрдү чыгаруу аяктайт. Ошондо эл аралык коомчулук "Талибан"* Доха келишиминин бир дагы жобосун аткарбаганын көрөт", — деп боолгологон. Бул жашыруун сыр деле эмес го...
Пентагон жана НАТО Афганистандагы демилгени эбак тарттырып ийген, анан шашылыш түрдө качып баратканын өздөрүнө ыңгайлуу таризде сүрөттөп жатышат. Афганистандан Кошмо Штаттар жана НАТО күчтөрүнүн чыгарылышы Батыштын геосаясий жактан каршылаштары – Россия, Түштүк жана Борбордук Азиянын бир катар өлкөлөрү үчүн стратегиялык тузак. Эске салсак, Афганистан Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Пакистан, Кытай, Иран, Индия менен чектешет. Аталган өлкөлөрдүн баары туруксуз радикалдуу ислам мамлекети менен коңшулуктун айынан коопсуздуктун төмөндөшүнө дуушар болушат. Кыязы, Вашингтонго ушул эле зарыл болгондой. Бирок Пентагон Борбор Азия өлкөлөрүнөн "кошумча аэродром" издегени Афганистандан чыгуу аргасыз чара экенин айгинелейт.
Талибан кыймылынын согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Афганистан Борбор Азия өлкөлөрүнө "атайын багыттагы күчтөрдүн достугун" сунуштады
Афган ислам республикасынын Америкага ыктаган экс-президенти Хамид Карзай 21-июнда Associated Press маалымат агенттигине берген маегинде АКШ жана НАТО Афганистанда жеңилгенин ачык эле айтты. "Эл аралык коомчулук бул жакка 20 жыл оболу экстремизм менен күрөшүү жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн так бир максат менен келген. Бирок бүгүнкү күндө экстремизм жетер чегине жетти, ал эми коалиция күчтөрү өлкөнү "уятка калтырып жана кырсыкка батырып" таштап кетүүдө", — деди мурдагы афган лидери.
20 жылдык согуштук аракеттери менен "Талибан"* иш жүзүндө АКШны элдешүүгө мажбурлады. Болду-болбоду талибдер бир өлкөдөгү бийликти багынтуу менен тынч отуруп калышпайт. "Ислам эмирлиги" долбоорунан баш тартыша электигин белгилей кетели. Өлкөдө бүлгүн салуучу бөлөк күчтөр да жок эмес, атап айтканда, "Аль Каида"*, ИМ*, андан сырткары да 30 чакты террордук топ бар.
Эске салсак, талибдер Афганистандагы бийликти 1996-жылы согуш ачуу менен басып алып, шарияттын эң катаал вариантын орнотушкан: эл алдында жазалоо (дарга асуу), мыйзамды кымындай бузгандардын колу-бутун кесүү эрежелери кирип, аялдар коомдук турмуштан толугу менен обочолонуп, кино, теле көрсөтүү, музыкага тыюу салынган.
Эркектер сакал коюп, аялдар чүмкөнүүгө мажбур, антпесе өлүмгө дуушар болушкан. Булардан тышкары, "Талибан"* "Аль-Каиданын"* чуулгандуу лидерлеринин бирин өздөрүнө алышкан. Беш жылдан кийин талибдерди АКШ жана НАТО күчтөрү сүрүп чыгарган.
Пентагондун жетекчиси Ллойд Остин Афганистандан чет өлкөлүк күчтөр чыгарылгандан эки жыл өтпөй өлкөдө "Аль-Каида"* таасирин калыптандырып, кайрадан АКШ жана анын союздаштары үчүн коркунуч жарата баштарын болжойт. Ошондо афган тарыхынын чейрек кылымдык цикли кайра кайталанышы ыктымал. Анан да "халифаттын" саясий, экономикалык жана аскердик туруктуулугу үчүн коңшу өлкөлөрдөн жаңы күчтөр жана каражаттар талап кылынары шексиз.
* – бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюмдар.
Жаңылыктар түрмөгү
0