Талибан террордун кыймылынын согушкерлери. Архив

Талибдер Афганистандын түндүгүн "тегиздеп", Борбор Азияга "чок таштаганы" турабы?

371
(жаңыланган 18:39 30.06.2021)
Афганистандын түндүгүндө согуштук аракеттердин активдешүүсү куралданган качкындарды Борбор Азия өлкөлөрүнө "секиртет", ал эми бул ири башаламандыктын башаты гана...

Талибдер Афганистандын азыркы өкмөтү, атаандаш жана каршылаштары менен тынч сүйлөшүүгө кызыкдар эмес, анткени аскердик-диний кыймыл түптөлгөндөн берки 25 жыл ичинде алар автоматтан атылган ок менен гана "көндүрүүгө" кынык алышкан.

Өзбекстан 28-июнда 47 афган чек арачысын жана аскер кызматкерин депортациялады. Алар "Талибан"* согушкерлеринен сактануу үчүн Шортепа уездиндеги чек арадан өтүп, аталган мамлекетке баш пааналашкан. Апта аралыгында эле бул эки жолу кайталанып отурат. Ташкент Афганистан менен коңшулук жылуу мамилени, бейтараптуулукту сактап жана чектешкен мамлекеттин ички иштерине кийлигишпей турганын билдирди.

50дөн ашуун афган чек арачы жана жоокерлери 23-июндагы чек арадагы куралдуу кагылыштан кийин Өзбекстандын аймагына карай чегинген. Балх провинциясынын түндүгүндөгү 27-июндагы талибдердин чабуулунан кийин Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнүн 17 адамдан турган экинчи тобу Тажикстандын территориясына кире качкан. Ал эми биринчи ирет афган жоокерлери тажик аймагына 22-июнда өткөн. Эске салсак, ошол күнү аталган республика менен чектеш Кундуз провинциясында талибдер менен катуу кармаш болгон. 134 аскерге Тажикстан баш пааналоого уруксат берген. Бул Афганистан калкынын "улуу көчүнүн" башталышы деп боолголойм. Өкмөттүк күчтөр менен талибдердин Афган ислам республикасынын түндүк провинцияларындагы тынымсыз согушу, өлкө аймагынын 80 пайызын көзөмөлгө алганы боюнча "Талибандын"* билдирүүсү – катарында миңдеп саналган агымдарга айлана турган куралдуу жана куралсыз качкындардын жаңы топторунун Борбор Азияга "жайгашарын" болжоого негиз берет. Талибдер дээрлик жеңиштин астанасында. Америкалык чалгындоо кызматы чет өлкөлүк күчтөр чыгарылган соң азыркы афган өкмөтү алты айдан ашык кармалбайт деп тыянак чыгарганы да жадыбызда. Чектешкен өлкөлөр эл аралык терроризмдин жайылышына болгон күч-аракет менен каршы турууга камынууда.

Деградациянын тездиги

Афганистандагы АКШ жана НАТО күчтөрүнүн командачысы генерал-лейтенант Остин Скотт Миллер 29-июнда талибдер "бүт өлкө боюнча чабуулдук операцияларды" жүргүзүп жатканын маалымдоо менен "аймактарды алдыруу жана алардан айрылуунун ыкчамдыгы" өзгөчө кооптонууну жаратарын билдирди. Вашингтон менен Кабул буга жолтоо болууга, "Талибанды"* жеңишке жетелеген жагдайды токтотуу аракетин көрүп жаткандай. Афганистан президенти Мохаммад Ашраф Гани жана Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңештин башчысы Абдулла Абдулла Вашингтондо 25-июнда Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден менен сүйлөшүп, алар колдоо көрсөтүлөрүнө убадасын алышты. Ага катар эле америкалык учкучсуздар түндүктөгү Баглан жана Кундуз провинцияларындагы согушкерлер жайгашкан жерлерге абадан сокку урушту. "Талибандын"* өкүлү Забиулла Мужахид "АКШ согушка аралашпай жана афгандыктарды апаатка салбай күчтөрүн чыгарып кетүү менен гана алек болууга тийиш" экенин эскертти. Талибдер 1996-жылдагы "жаңы дүйнөнү" тезинен түптөөнү көздөшөт. Бул – алардын түшүнүгүндө эл алдында дарга асуу жана майда жоруктар үчүн да адамдардын колу-бутун кесип салган, аялдар коомдук турмуштан таптакыр оолак, телевидение, театр, кино тармагы жоюлган – шарияттын эң катаал вариантындагы дүйнө. Америкалыктар мурдагыдай эле алардын бутуна чалынат, бирок алар эми 2010-2013-жылы талибдер менен кармашкан коалициянын 150 миң аскери эмес.

АКШ Афганистанга 3,3 млрд. доллар бөлүүнү убада кылган. Мындан сырткары, америкалыктар жергиликтүү күчтөргө сокку уруучу Black Hawk тик учагынан 37 даана, ал эми чабуул коюучу Super Tucano учактарынан эки бирдик бермекчи. Афган аралык тынч сүйлөшүүлөр эми түшкө да кирбей турганын эске алсак, мындай көрсөткүчтөр гана көңүл жубатат. Ошентсе да Афганистандын куралдуу күчтөрүн даярдоо жана курал менен жабдууга сарпталган ондогон миллиард долларга жана Global Firepower дүйнөлүк рейтингинде 75-орунда турганына карабастан, талибдер менен күрөшүү үчүн аскердик күч жетишсиз.

Афган аскер кызматкерлери чек арадан өтө качып же салгылашпай туруп жеңилген учурлары көп болууда. Жергиликтүү саясатчылар жана уруу аксакалдары командачылык менен багынып берүү келишимдерин түзүүдө.

Ушул айдын ортосунда Сары-Пул провинциясында талибдер "макулдашууга ылайык" афган армиясынын базасындагы 300 чакты M-16 винтовканы жана бир нече тонна ок-дарыны, 100 "Хамви" жол тандабас жана жүк ташуучу унааны энчилеп алды. Эгер мындай көрүнүш улана берсе, "Талибан"* америкалык Black Hawk тик учактарын да басып алышы ыктымал.

CNN маалыматына таянсак, 24-июндан тарта талибдер Афганистандын түндүк провинцияларын Өзбекстан, Тажикстан жана Борбор Азиянын бөлөк өлкөлөрү менен байланыштырып турган ири транспорттук – Мазари-Шариф түйүнүн курчап алган.

Жаузжан провинциясындагы талибдер менен кагылышта айтылуу маршал Абдул Рашид Дустум жарадар болгон. Башаламандык күндөн-күнгө күч алып, Афган ислам республикасынын чегинен да ашышы ыктымал.

Согушка камылга

Афганистандан алынган аскердик маалыматтар чөлкөмдөгү коңшулардын да көңүлүн чөгөрүүдө. Кытай өз жарандарын Афганистандан чыгууга чакырды. Пакистан да чет өлкөлүк күчтөрдүн чыгышы менен жарандык согуштун күчөй турганын жоромолдойт.

Өзбекстан тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жакында эле Ислам эмирлигинин кайтышын кабыл албай турганын, бирок афган каатчылыгынын аскердик чечими болбостугун билдирди. Анан да Афганистан Борбор Азиянын интеграцияланган бөлүгүнө айланышы маанилүү. Андан тышкары "Афганистандагы тынчтык процессине чөлкөмдүк жана эл аралык бирдиктүү ыкма зарыл". Абдан татаал схема. Азыркы өкмөт, талибдер, афган жаңжалынын башка тараптары. Эл аралык коомчулук ортосунда мындай компромисстердин болушу мүмкүн болуп-болбой турганын мезгил көрсөтөт.

Айыгышкыс күрөштөр түндүк аймактарда дале уланууда. Фарьяб провинциясында тартылган талибдердин тасмасында согушкерлер өзбек тилинде сүйлөшкөнүнө күбө болдук. 40 жылга созулган жарандык согуштан кийин Афганистанда бачым эле тынчтык орноп кетерин күтүп болбойт.

Түндүк провинциялардагы согуш жана Душанбеден 150 чакырым жана Курган-Төбөдөгү 201-россиялык аскердик базадан 70 чакырым аралыктагы афган чек арасындагы ок атуулар Борбор Азия өлкөлөрү жана Москваны катуу тынчсыздандырат. Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан президенттери – Эмомали Рахмон, Шавкат Мирзиёев жана Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу абалды талкуулашты. Кремлдегилер да Борбор Азиядагы согуштук аракеттер Россия армиясына да таасир этиши мүмкүн деп чочулашат. Ушул убакта РФ Аба-космостук күчтөрүнүн сириялык тажрыйбасынын кереги тийип калышы ажеп эмес.

Борбордук аскердик округ тылдан фронтко тездик менен айланып барат. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев да кооптуулуктар күч алып баратканда анын өкмөтү Канттагы россиялык авиабазаны кеңейтүү жана бекемдөөгө каршы эместигин билдирген.

РФтин Кабулдагы элчиси Дмитрий Жирнов Афганистандагы "Талибандын"* ишмердиги Россия үчүн түз коркунуч туудурбай турганын айтты. Ошентсе да РФ Коргоо министрлиги акылга сыярлык чараларды көрүүдө. Борбордук аскердик округ (курамында Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандагы аскердик объектилер бар) 2021-жылдын аягына дейре аскердик техниканын жаңы жана заманбап түрүнүн 1200 бирдигин, анын ичинде бомбалоочу Су-34М истребителин алат. Жаңы куралдар Борбор Азиядагы россиялык базаларга жөнөтүлүшү мүмкүн.

201-россиялык аскердик базасынын чалгындоо топтору Тажикстан тоолорундагы окууларында шарттуу душмандын тылына армиялык авиациясынын Ми-8МТВ5-1 тик учагынан десантка, касташкан тарапты РПГ-7В гранатомёттору жана ок атуучу куралдар менен басууга машыгышкан. Зооттолгон транспортерлордогу мотоаткычтардын Т-72 танктарынын коштоосунда мыйзамсыз куралданган топторду жок кылышкан. Машыгууга 500 чакты аскер катышууда.

201-россиялык базанын аскердик машыктыруучулары 2021-жылы Тажикстан Республикасынын Куралдуу күчтөрү үчүн 1000 кенже адисти даярдоону пландаган. Машыктыруу дароо эки – Ляур жана Самбули полигондорунда Т-72 танкынын операторлорунан БМ-21 "Град" залптык октун реактивдүү тутумунун командирине дейре – 14 аскердик адистик боюнча өтөт. Курс орто эсеп менен үч айга созулуп, контролдук ок атуулар менен 17-июлда аяктайт.

Тынчтыкты самасаң, согушка камдан.

* – бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм.

371
Белгилер:
Афганистан, Борбордук Азия, АКШ, согуш, 'Талибан' кыймылы, база, Аскер, курал-жарак
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (56)
Тема боюнча
"Баграм" авиабазасы афган бийлигине өтөт: коалиция учуп кетүүгө үлгүрөбү?
New York Times: АКШнын дипломаттары "Манас" авиабазасына кайтуу жолун кароодо

Кубанарымды же кайгырарымды билбей турам. Акжол менен Мээримдин видео маеги 

81
(жаңыланган 00:32 04.08.2021)
Олимпиаданын күмүш медалынын ээси, грек-рим күрөшчүсү Акжол Мухмудов менен эркин күрөш боюнча балбан, коло медаль утуп алган Мээрим Жуманазарова жеңиштен кийинки сезимдери менен бөлүштү.

Кыргызстандын спорт делегациясынын пресс-аташеси Кабыл Макешов спортчуларга суроо узатып, жооп алды.  

“Алтын медаль алабыз деп чоң аракеттер болгон. Финалдан утулуп калгандан кийин сезимдеримди өзүм дагы түшүнбөй турам. Бүгүн мага ишенип, сыртта туруп көргөндөр болуптур. Бирок ишеничиңерди актай алган жокмун. Анткен менен Айсулуу эже менен Мээримдин жеңишине абдан кубандым. Азыр мени куттуктагандар көп болууда. Бирок бул менин эле эмес, машыктыруучуларымдын, бүткүл кыргыз элимдин жеңиши”, — деди Махмудов.  

Ал эми Мээрим Жуманазарова бүгүн тогуз жылдык эмгегинин үзүрүн көрүп жатканын айтты.  

“Албетте, алтын алуу тилегим бар эле. Бирок колого дагы шүгүрчүлүк. Жеңишимди ата-энеме, агайларыма жана жалпы кыргыз элиме арнайм”, — деди Жуманазарова.  

Эске салсак, Токио шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшчүсү Акжол Махмудов күмүш медалга, эркин күрөш боюнча балбан Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду.

81
Белгилер:
Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов, видео, кайрылуу
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Көзүнө жаш алган ата. Жуманазарованын үй-бүлөсүнүн мелдешке күбө болгон видеосу
Көлгө келген Хабиб: эртең Олимпиадада алтын алышыңарга тилектешмин
Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова монголиялык спортчу Соронзонболдын Батцэцэг менен таймашта

Көзүнө жаш алган ата. Жуманазарованын үй-бүлөсүнүн мелдешке күбө болгон видеосу

2286
(жаңыланган 21:30 03.08.2021)
Жуманазарова баштапкы этапта болгариялык Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алган. Чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудудуга 3:2 эсебинде жеңишти алдырган. Бирок нигериялык кыз финалга чыгып, балбан кыз коло байге үчүн ат салышты.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Sputnik редакциясы Олимпиада оюндарында коло медаль уткан Мээрим Жуманазарованын ата-энеси менен жакындары мелдеш көрүп жаткан учурдун видеосун алды.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, спортчунун атасы Рахмадил Жуманазаров кызынын жеңишин көрүп, көзүнө жаш алды. Ошондой эле туугандарынын да сүйүнүчүн көрүүгө болот.

Жуманазарова баштапкы этапта болгариялык Мими Николова Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алган болчу. Чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудудуга 3:2 эсебинде жеңишти алдырган. Бирок нигериялык кыз финалга чыгып, Жуманазарова коло байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алган. Ал эми бүгүн эртең менен спортчу көңүл жубатуучу таймашта азербайжан кызы Элиз Манолованы 4:1 эсебинде утуп алды.

Мээрим Жуманазарованын бул олжосу Кыргызстандын эгемен тарыхындагы үчүнчү коло байге болду.

2286
Белгилер:
Мээрим Жуманазарова, коло, байге, жеңиш, ата-эне, видео
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Мээрим Жуманазарованын атасы Рахмадил: кызымдын мүмкүнчүлүгү мындан да чоң болчу
Олимпиада: эки балбандын жеңишинен кийин Кыргызстан 64-орунга чыкты
Жеңиштин даамы, ай! Алакан жайып Көктү тиктеген Мээримдин сүрөтү

Бусурманкулдун нокауту жана ага Хабибдин берген кеңеши. Видео

0
Хабиб Нурмагомедовдун Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турниринде кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу россиялык атаандашы Руслан Яманбаевди техникалык нокаут менен утуп, чемпиондук курун тартып алды.

Абдибаит уулунун жеңишинен кийин Хабиб Нурмагомедов ага кеп-кеңешин берди.

“Жашоодо анын мындай ирмеми эч качан кайталанбаса керек. Анткени биринчи бел курду утуп жатканда аябай кубанасың. Ошого эмоционалдуу болуп турат, колдоп коелу. Дана Уайт (UFC президенти) бул беттешти көрөт. Мен турнир тууралуу айткам. Чемпиондук курду бир-эки жолу коргогондон кийин UFC уюмунда күч сынашууга мүмкүнчүлүк болот. Бел курду тагынгандан кийин көп спортчунун бутасына айланасын, ошон үчүн көп эмгектенүү керек. Бүгүн эс алып, эртең кайра машыгууну улантуу керек. Баарыңарды куттуктайм, чынын айтсам мен ага (Бусурманкулга) күйөрмандык кылдым, атаандашы таарынбасын”, — деди ал.

Бусурманкул 14 беттешти утуп, үч ирет жеңилген. Ал учурда 28 жашта.

0
Белгилер:
Хабиб Нурмагомедов, EFC, Бусурманкул Абдибаит уулу, жеңиш
Тема боюнча
Сүйүнчү! Бусурманкул Абдибаит уулу Хабибдин лигасынын чемпиону болду. Сүрөт  
Көлгө келген Хабиб: эртең Олимпиадада алтын алышыңарга тилектешмин
Алексей Федосеев Хабибдин турниринде атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңди. Сүрөт