Казакстанда малдын массалык кырылуусу токтоду

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүМузыкальный фестиваль "Купала на Рожайке"
Музыкальный фестиваль Купала на Рожайке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда коңшу өлкөдө бодо мал ачкачылыктан улам өлүп калып жаткан видеолор тараган.
БИШКЕК, 4-июл. – Sputnik. Казакстанда малдын кургакчылыктан улам массалык кырылуусу токтоду. Бул тууралуу өлкөнүн Айыл чарба министрлигине шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Буга чейин социалдык тармактарда коңшу өлкөдө бодо мал ачкачылыктан улам өлүп калып жаткан видеолор тараган.
"Мангистау жана Кызыл-Орто облустарында жаз кургакчыл болгондуктан малга тоют жетишерлик өспөй, анын кесепетинен мал массалык түрдө кырыла баштаган. Учурда коңшу облустар тоют жагынан жардам берип, малдын өлүмү токтоду. Мал-жандыктарды сактап калуу үчүн казак өкмөтү 1,9 миллиард тенге бөлдү", — деп айтылат кабарда.
Ошондой эле миңдеген жаныбарлар жайлоолорунда чөбү бар Ак-Төбө, Атырау облустарына убактылуу жеткирилгени айтылат. Учурда жергиликтүү бийлик кышкыга тоют топтоо менен алек.
Жаңылыктар түрмөгү
0