Ан-2 учагы. Архив

Дөңгөлөгү асманды карап калган. Казакстанда АН-2 учагы кулап түштү. Сүрөт

487
(жаңыланган 11:57 04.07.2021)
Учак жерден көтөрүлүп, бир нече чакырымга учкандан кийин техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам эгин талаанын үстүнө түшкөн.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Казакстандын Кызыл-Ордо шаарынын Караул-Төбе айылына жакын жерде АН-2 учагы кулап түштү. Бул туурасында өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянып Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

При обработке рисовых полей упал самолет АН-2 в городе Кызылорды . 4 июля 2021 года
© Фото / пресс-служба МЧС Казахстана
Казакстандын Кызыл-Ордо шаарынын Караул-Төбе айылына жакын жерде АН-2 учагы кулап түштү

Окуя бүгүн, 4-июлда, эртең менен саат 07:00 чамасында болгон. Учактын күрүч талаасына дары чачып жатканда кырсыктаганы  айтылат.

АН-2 бир нече чакырымга учкандан кийин техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кайра конууга аргасыз болуп, аракет кылып жатканда эгин таласынын үстүнө түшкөн.  Борттун ичиндеги 67 жана 54 жаштагы эки пилот ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалымат боюнча, экөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

487
Белгилер:
учак, кырсык, Казакстан, сүрөт
Тема боюнча
Шамал жерге кулатыптыр. Ташиев тик учактын кантип кырсыктаганын айтты. Видео
Алматыда чек ара кызматынын учагы кулады, аман калгандар бар. Видео
Пневматикалык мылтыктан атуу боюнча Олимпиада чемпиону Жавад Форугхи

Укук коргоочулар ирандык мергенди Олимпиадалык алтын медалынан ажыратууга чакырат

510
(жаңыланган 16:51 30.07.2021)
Укук коргоочулар тобу Форугхини террордук уюмга мүчө деп айтышууда. Уюм ага алтын медаль ыйгаруу башка спортчуларды мазактаганга барабар деп эсептейт.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. United for Navid уюмунун укук коргоочулар тобу пневматикалык мылтыктан атуу боюнча Олимпиада чемпиону болгон ирандык Жавад Форугхини алтын медалынан ажыратууну талап кылып чыгышты. Бул боюнча алар Эл аралык олимпиада комитетине (ЭОК) кайрылганын Eurosport маалымат булагы жазды. 

Укук коргоочулар Форугхини террордук уюмга мүчө деп айтышууда.

41 жаштагы спортчу 10 метр аралыктан пневматикалык мылтыктан атуу боюнча 244,8 упай топтоп, олимпиадалык рекорд жаратып чемпион болгон.

"United for Navid укук коргоо уюму ирандык мерген Жавад Форугхиге олимпиаданын алтын медалын тапшыруу иран спорту үчүн эле эмес, бүтүндөй эл аралык коомчулук, өзгөчө ЭОК үчүн чоң катастрофа болот деп эсептейт. 41 жаштагы Форугхи бүгүнкү күндө да террордук уюмдун мүчөсү болуп саналат. Экстремистке олимпиаданын алтын медалын ыйгаруу башка спортчуларды мазактоо жана Эл аралык олимпиада комитетинин бетине көө жабат", — деп айтылат укук коргоочу уюмдун маалыматында.

Маалыматта United for Navid  жыл башында Олимпиада комитетине кат жолдоп, Олимпиадага баргандардын арасында Ирандын спорттук өкүлү катары аскер кызматкерлери, ал турсун саясатчылар да болушу мүмкүн экенин эскерткени айтылды. 

Эл аралык Олимпиада комитетинин расмий өкүлдөрү буга эч кандай чара көргөн эмес. United for Navid уюму бул боюнча ЭОКтун тез арада иликтөө жүргүзүп, Токио Олимпиадасы бүтө электе ага алтын медалды ыйгарууну токтотууга чакырган. Укук коргоо уюмунун кайрылуусу мекеменин расмий сайтына чыккан.

Форугхинин алтын медалы Ирандын тарыхындагы аталган спорт боюнча алгачкы Олимпиадалык алтын медаль болуп калды.

Жавад Ирандык олимпиада курама командасынын тарыхында жашы эң улуу медалист болду.

510
Белгилер:
ок атуу, мылтык, олимпиада, алтын, медаль, ажыратуу, шектүү, терроризм, Жавад Форугхи
Тема боюнча
Муун алмашып... Олимпиадада спорттун өзгөчө түрүн көрсөткөн аялдардын видеосу
Кыргызстанга чет жактан теракт жасаганы келген жан кечти колго түштү
Россия аскерлер машыгуу учурунда. Архивдик сүрөт

Россия Өзбекстан менен тажик-афган чек арасына жакын жерде машыгуу өткөрөт

38
(жаңыланган 12:57 30.07.2021)
Окуу-машыгууга Россиянын Кыргызстандагы аскер базасынын Су-25 штурмовиктеринин экипажы жеткирилет.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Россия менен Өзбекстан Тажикстандын Афганистан менен чектешкен аймагына жакын жерде окуу-машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу Борбордук аскер округунун маалымат кызматына таянып Sputnik Өзбекстан жазды.

Белгилүү болгондой, окуу-машыгууга Россиянын Кыргызстандагы аскер базасынын Су-25 штурмовиктеринин экипажы барат.

Машыгуу 5-августтан 10-августка чейин Хатлон облусундагы "Харб-Майдон" полигонунда өтүп, ага Россия, Өзбекстан, Тажикстандын аскерлери катыша турганы айтылды. Буга чейин Афганистан менен чектешкен жерден 20 чакырым аралыкта өтчү иш-чарага Россия тараптан жаңы бронетехника менен күчтөнгөн 201-аскер базанын бөлүктөрү катыша турганы да маалым болгон.

Белгилей кетсек, Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу тажикстандык кесиптеши Шерали Мирзо менен жолугушууда өтө турчу машыгуу АКШ аскерлерин Афганистандан алып чыккандан кийин жаралган коркунучка жооп катары жасала турганын айткан.

Эскерте кетсек, июнь айынан бери Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол салууда.

Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.

38
Белгилер:
Россия, Өзбекстан, Тажикстан, чек ара, машыгуу
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Тажикстанда афган качкындарына лагерь курула баштады
Тажикстандын ТИМи афганистандыктарды кабыл алуу боюнча үн катты
Афганистандын дээрлик бардык аймагына коменданттык саат киргизилди
Жол кырсыгынан талкаланган унаа. Архив

Унаанын таш-талканы чыккан. Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

0
(жаңыланган 00:40 31.07.2021)
Жол кырсыгы кечке жуук катталган. Окуяда жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек. Милициянын Кайгуул кызматы толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Боом капчыгайында үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Жеринен тартылган видеону “Короче” телеграмм-каналы чыгарды. 

Окуя кечке жуук болгон. Кызыл-кочкул түстөгү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа каршы тилкени бөлүп турган бетон тосмого урунган. Жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек.

Видеодо көрүнүп тургандай, жеңил унаанын таш-талканы чыгып, жараксыз болуп калган.

Кырсык Боом капчыгайынын Ысык-Көл облусунун аймагында болгонун ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктап, толугураак маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

0
Белгилер:
жол кырсык, Боом капчыгайы, милиция
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ысык-Көлдө минивен аласалып кетти. Жеринен тартылган видео