Алматыда аял COVID-19го медициналык кароодон өтүп жатат. Архив

Соңку суткада 3000ден ашык кишиден чыкты. Казакстанда да COVID көбөйүүдө

118
Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны дагы деле өсүп жатат. Бир күн мурда 2 800 бейтаптан илдет аныкталган болчу.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Өткөн суткада Казакстанда 3003 кишиден коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып Sputnik Казакстан жазды.

Аймактар боюнча:

  • Нур-Султан шаары - 791
  • Алматы шаары - 391
  • Чымкент шаары - 169
  • Акмоло облусу - 105
  • Актөбө облусу - 78
  • Алматы облусу - 112
  • Атырау облусу - 154
  • Чыгыш-Казакстан облусу - 73
  • Жамбыл облусу - 34
  • Батыш Казакстан облусу - 173
  • Караганда облусу - 496
  • Костанай облусу - 53
  • Кызыл-Ордо облусу - 56
  • Мангистау облусу - 186
  • Павлодар облусу - 71
  • Түндүк Казакстан облусу - 19
  • Түркестан облусу - 42.

Жалпысынан өлкөдө 433 931 адам коронавируска кабылган. Бир күн мурда COVID жуктургандардын саны 2800 болчу.

118
Белгилер:
статистика, Казакстан, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1491)
Тема боюнча
1 401 кишиден коронавирус чыкты, 169 бейтап өтө оор абалда. Соңку маалымат
COVID-19дан вакцина алган адам менен албаган адамдагы айырма
Кабул шаарындагы убактылуу лагерде жайгашкан жарандар. Архив

Тажикстандын ТИМи афганистандыктарды кабыл алуу боюнча үн катты

66
(жаңыланган 14:55 27.07.2021)
Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Америкалык аскерлер менен иштешкен афганистандыктарды Тажикстандын чек арасына кабыл алуу тууралуу маселе каралган эмес. Мындай маалыматты Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин РИА Новостиге айтып берген.

"Америкалык аскерлер менен иштешкен афганистандыктарды Тажикстандын чек арасына кабыл алуу тууралуу маселе каралган эмес", — деген министр РИА Новостинин суроолоруна жооп берип жатып.

Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол салууда.

Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.

2020-жылы Вашингтон менен "Талибан" кыймылы Доха шаарында дээрлик 18 жылдык согуштан кийин тынчтык жөнүндө алгачкы келишимге кол коюшту. Анда Афганистандан чет элдик аскерлерди 14 айдын ичинде чыгарып кетүү жана туткундарды алмаштыргандан кийин афгандар ортосундагы сүйлөшүүнү баштоо каралган.

66
Белгилер:
Афганистан, Тышкы иштер министрлиги, Тажикстан
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Афганистандын дээрлик бардык аймагына коменданттык саат киргизилди
Афганистандагы согуш Борбордук Азияны көздөй "жылууда". Опкоолжуткан фактылар

Кудум кинодогудай! Кытайдагы шаарды кум каптаган видео

424
Асмандын дээрлик жартысын ээлегендей элес калтырган кум бороон Кытайдын Ганьсу провинциясы менен Цзюцюань шаарын бир нече мүнөттөрдө эле аралап кеткен.

Окуяга күбө болгондор жаратылыштын бул кубулушун видеого тартып, социалдык тармакка таратып жиберген. Кадрдагы көрүнүш киши коркутпай койбойт.

Асмандын бетин бербей уюлгуган кум менен чаң шаарды тез эле басып калган. Маалыматтарда анын 10 мүнөт ичинде калаанын бир топ аймагын каптаганы айтылат.

Синьхуа агенттиги жол кыймылы буулуп, бир нече метрден кийин жол көрүнбөй калганын жазды.

Бактыга жараша, жаратылыштын бул кубулушунан адамдар жабыркаган эмес. Окумуштуулар мындай көрүнүш күн абдан ысыганда пайда болорун айтышкан.

424
Белгилер:
кыймыл, кино, бороон, кум, Кытай
Тема боюнча
Индияда суу астындагы жер көтөрүлүп, элди чочутту. Видео
Жүрөк үшүн алат! Чаңдуу бороон Казакстандын райондорун каптаган видео
Пекин шаарындагы аскердик парад. Архив

ЖМК: Кытай өзөктүк курал үчүн 110 шахта куруп жатат. Сүрөттөр

0
Кытай бийлиги мындай шахталарды куруп жатканы тууралуу маалыматтар коммерциялык спутниктер аркылуу алынганы айтылат.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда континенттер аралык баллистикалык ракета учуруучу 110 шахта курулуп жатат. Бул тууралуу The New York Times гезити жазды.

Кытай бийлиги мындай шахталарды куруп жатканы тууралуу маалыматтар коммерциялык спутниктер аркылуу алынганы айтылат. Аларды АКШнын окумуштуулар федерациясы карап чыгып, бул шахталар өзөктүк курал үчүн экенин айтышкан.

"Курулуш иштери Хами шаарынан болжол менен 100 чакырым аралыктагы чөлдүү аймакта жүргүзүлүп жатат", — дешкен адистер.

Басылма бул нерсе жалпысынан Пекин өзөктүк курал арсеналын бекемдеп жатканынан же кытай бийлигинин АКШ менен Россиянын катышуусундагы курал-жаракка көзөмөл кылуу келишимине аралашууга даярдыгы катары кабылдаса болорун жазган.

0
Белгилер:
АКШ, курулуш, өзөктүк курал, Кытай
Тема боюнча
Россияда өзөктүк куралдардын согушу болуп кетсе колдоно турган учак жасалат