Баласынын колун кармаган киши. Архивдик сүрөт

Кытайлык киши жоголгон уулун 24 жыл бою издеп жүрүп, акыры таап алды

136
(жаңыланган 10:23 14.07.2021)
Баланы эки жашында Шаньдун провинциясынан уурдап кетишкен. Ошондон бери уулунан үмүт үзбөгөн ата Кытайдын 20 провинциясын велосипед жана мотоцикл менен кыдырып чыккан.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кытайлык Го Гонтан аттуу адам 24 жыл мурда жоголгон уулун издеп жүрүп, акыры таап алды. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Баланы эки жашында Шаньдун провинциясынан уурдап кетишкен. Ошондон бери уулунан үмүт үзбөгөн ата Кытайдын 20 провинциясын велосипед жана мотоцикл менен кыдырып чыккан.

​"Гонтан транспортуна баласынын портретин илип алган. Бул жылдар арасында ал жолдо жүрүп далай кырсыкка кабылып, ал тургай кол салуунун дагы курмандыгы болгон. Көп ирет көчөгө түнөп, кайыр суроого туура келген", — деп жазылат макалада.

​Бирок ал көздөгөнүнөн кайтпай жүрүп, жоголгон балдарды издөө менен алектенген уюмдун мүчөсү боло алган. Ал ортодо жоголуп кеткен жети баланы ата-энеси менен табыштырууга жетишкен. Анын таржымалы тууралуу 2015-жылы көркөм фильм тартылган.

"Ошентип 2021-жылы Хэнань провинциясынан өз уулун таап алды. 26 жаштагы Синьчжэнь аттуу жигит анын баласы экенин далилдеш үчүн ДНК-тест тапшырууга туура келди. Көрсө, баланы 1997-жылы уурдап кеткендер башка провинцияга алып барып, жаш үй-бүлөгө саткан экен. Алар аны багып эрезеге жеткирген. Учурда Синьчжэнь мектепте мугалим болуп иштеп жүрүптүр", — деп жазылат кабарда.

Кытайда бала уурдоо чоң көйгөй болуп эсептелет. Расмий статистикага караганда, өлкөдө бир жыл ичинде 20 миңге чукул бала жоголот.

136
Белгилер:
үмүт, издөө, ата-бала, Кытай
Тема боюнча
Мал кайтарып жүргөн. Кышында Чүйдөн жоголгон бала Таластан табылды
Шахта. Архивдик сүрөт

Тажикстан: Исфарадагы көмүр шахтасында жарылуу болду, каза тапкандар бар

70
(жаңыланган 00:28 25.07.2021)
Алдын ала берилген маалыматта, бир адамдын көз жумуп, дагы сегиз кишинин жарадар болгону айтылды.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Тажикстандын Согду облусуна жакын жердеги Исфара көмүр шахтасында катуу жарылуу болгондугун Sputnik Тажикстан жазды. 

Кырсык Согду облусундагы Шураб аймагынын жанындагы кенде болгон.

"Шураб" шахтасындагы жарылуу газдын чыгышынан улам болгонун айтышты", — деди Исфара мэриясынын маалымат катчысы Зубайдулло Шомадов.

Алдын ала берилген маалыматка таянсак, бир адам каза таап, дагы сегиз киши жаракат алган.

Учурда кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери, куткаруучулар жана дарыгерлердин жүргөнү айтылды.

Шураб кени Тажикстандын түндүгүндөгү эң ири кендердин бири. Ал Түркстан кырка тоолорунун этегинде жайгашкан. Бул жерден алынган көмүрдү негизинен медициналык жана билим берүү жайлары колдонот. Бийликтин билдиргенине караганда, мындай кырсык ондогон жылдардан бери болгон эмес.

70
Белгилер:
жарылуу, шахта, көмүр, Тажикстан
Тема боюнча
Дубайда катуу жарылуу болду. Видео
Кабул шаары. Архивдик сүрөт

Афганистандын дээрлик бардык аймагына коменданттык саат киргизилди

61
(жаңыланган 23:13 24.07.2021)
Маалыматта коменданттык сааттын болгону үч — Кабул, Нангархар жана Панжшер провинцияларына тийиштүү эмес экендиги айтылган.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Афганистан бийлиги "Талибан" кыймылынын аракеттерин кармап туруу үчүн 34 провинциянын ичинен 31ине коменданттык саат киргизди. Бул тууралуу РИА Новости Tolo News телеканалына шилтеме кылып кабарлады.

Телеканал Афганистан ИИМ жетекчилигине таянып кабарлаган. Маалымат булагынын айтымына караганда, талиптердин кыймылын ооздуктаганга аракет кылган бул чектөө жергиликтүү убакыт боюнча 22.00дөн таңкы 04.00гө чейин киргизилген.

Маалыматта коменданттык саат болгон үч - Кабул, Нангархар жана Панжшер провинцияларына тийиштүү эмес экендиги айтылган.

Ал арада РИА Новостинин соңку маалыматтарында, Пакистан аскерлери "Талибан" көзөмөлгө алган Афганистандын аймагы – Кандагарга киргенин айтылды.

Афганистандын RTA телекомпаниясы Кандагардын Назар деп аталган коопсуздук постунан тартылды деген видеону тараткан.

Эске салсак, бүгүн Россия лидери Владимир Путин да Өзбекстан, Казакстандын президенттери менен Афганистандагы абалдын Борбор Азияга таасирин талкуулаган.

Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол салууда.

Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.

Өткөн жылдын сентябрында Катар өлкөсүндө афгандардын сүйлөшүүлөрү башталган. Бирок дээрлик он ай убакыт өтсө да тараптар жолугушуунун күн тартибин аныктай элек. Тараптар өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосундагы согушту токтотуу боюнча орток пикирге келе албай жатышат.

61
Белгилер:
коменданттык саат, Өзбекстан, Казакстан, Россия, Пакистан, Афганистан
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Тажикстан Афганистандан 100 миң качкын кабыл алууга даяр экенин айтууда
Рахмон армиясын текшерип, тажик-афган чек арасына 20 миң аскер жөнөттү
Афганистандагы согуш Борбордук Азияны көздөй "жылууда". Опкоолжуткан фактылар
Путин Өзбекстан, Казакстан президенттери менен афган кооптуулугун талкуулады