Ташкенттин тургуну жөө баскандыгы үчүн 1,8 млн. сум утуп алды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүГорода Мира. Ташкент
Города Мира. Ташкент - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Жазылуу
Өзбекстандын өкмөтү өз элинин саламаттыгына кам көрүп, күн сайын 10 миң кадамдан көп баскан адамдарга акча төлөп туруу боюнча токтом кабыл алган.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Ташкент шаарынын тургуну Тимур Ахмадулин бир ай ичинде 890 миң кадам жөө басып, мамлекет тарабынан 1,8 миллион сум (14 миң сомдон көбүрөөк) сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
"Ал көп көп кадам баскандардын арасында лидер болуп, аталган сумманы мамлекеттик бюджеттен жарандын электрондук капчыгына которушту", — деп айтылат кабарда.
Эске салсак, Өзбекстандын өкмөтү өз элинин саламаттыгына кам көрүп, күн сайын 10 миң кадамдан көп баскан адамдарга акча төлөп туруу боюнча токтом кабыл алган. Мындай жол менен президент Шавкат Мирзиёев өзбекстандыктарды сергек жашоо образына тарткысы келгени айтылган.
Абактын курчоосу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Өзбекстан президенти абактагы кыйноону токтотуу үчүн жаңы токтом чыгарды
Шарт боюнча долбоорго 18 жаштан жогорку курактагы ар бир жаран катыша алат. Бул үчүн киши атайын сайтка катталышы керек. Күн сайын 10 миң кадамдан ашык баскан адамдын мобилдик капчыгына 3 миң сумдан (24 сомдун тегереги) каражат которулуп турат. Ошондой эле эң көп аралыкты басып өткөндөргө ай сайын район (шаар), облус жана республиканын деңгээлинде кошумча акы берилет.
Райондун деңгээлинде эң көп кадам таштагандар айына 300 миң сум (2,4 миң сомдун тегереги), облус боюнча 500 миң сум (4 миң сомдун тегереги) алат. Ал эми республикалык деңгээлде алдыңкы орунга чыккандар 1 миллион сумга (8 миң сомдун тегереги) ээ болушат.
Жаңылыктар түрмөгү
0