Кызды аркасынан кучактаган киши. Иллюстративдик сүрөт

Өзбекстан жараны Токиодогу олимпиада стадионунда кыз зордуктоого шектелип жатат

15819
(жаңыланган 11:22 19.07.2021)
30 жаштагы шектүү — студент, ал эми жабырлануучу олимпиада оюндарын уюштурган бөлүмдө иштеген. Окуянын Токиодогу улуттук стадиондо болгону айтылды.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Японияда Өзбекстандын жараны Давронбек Рахматуллаев Олимпиада оюндарынын ачылышы жана жабылышы болгон улуттук стадиондо аял зордуктоого шектелип кармалды. Бул туурасында Tokyo Reporter жазган.

30 жаштагы шектүү студент аталган стадиондо ЖМК өкүлдөрүн тамак-аш менен камсыздаган фирмада иштеген. Жабырлануучу 20 жаштагы кыз экендиги, анын Олимпиада оюндарын уюштуруу бөлүмүндө иштээри айтылды.

Портал окуяга чейин экөөнүн Токиодогу улуттук стадиондо Олимпиада оюндарынын ачылышы жана жабылышы боюнча өткөрүлүп жаткан даярдыкты көрүп турушканын жазган.

Япониядагы Олимпиада оюндары 23-июлда башталып, 8-августта аяктайт.

15819
Белгилер:
Япония, Өзбекстан, зордуктоо, стадион
Тема боюнча
Өспүрүм кызды зордуктап жүргөн. Шектүү аны уурдай качканда кармалды
13 жаштагы кыздын зордукталышы. Тоңдо акталгандар кайра соттолду

1 500 аскер катышууда. Россия менен Өзбекстандын аскердик машыгуусу видеодо

71
Россия менен Өзбекстан коңшу өлкөнүн Термез шаарындагы полигонунда биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүп жатат.

Видеону Россиянын Коргоо министрлиги жүктөдү.

Күжүрмөн окуунун алкагында атайын даярдыктагы бөлүктөр Ми-171 жана Н-215 тик учактарынан секирип түшүп, "куралдуу топторду жок кылышты". Ошондой эле аскерлер 15 чакырымга жүрүш жасап, жолдо катар татаал сыноолордон өттү.

Машыгууга эки тараптан кеминде 1 500 миңдей аскер катышууда.

71
Белгилер:
Россия, Өзбекстан, Аскер, машыгуу, видео
Тема боюнча
Афганистанга жакын аймакта Тажикстан, Россия, Өзбекстандын машыгуусу башталды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Садыр Жапаров Түркмөнстанга учуп кетти. Коштоп жүргөндөрдүн тизмеси

212
(жаңыланган 14:43 05.08.2021)
Сапардын алкагында Жапаров аймактагы өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Түркмөнбашы шаарына (Түркмөнстан) жөнөп кетти. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселелери, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чаралар талкууланат.

Сапардын алкагында Жапаров аймактагы өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчыны коштоп кеткен расмий делегациянын курамы:

  • тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева;
  • Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров;
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
  • Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талант Султанов;
  • ички иштер министри Улан Ниязбеков;
  • энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев;
  • транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев.
212
Белгилер:
Садыр Жапаров, Түркмөнстан, министр, делегация
Тема боюнча
Жапаров Эрдоганга адам өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты
Хабиб Садыр Жапаров менен жолуккандагы сүрөтүн жарыялады
Pfizer вакцинасы. Архив

Кыргызстанга күзүндө Pfizer вакцинасынын келиши күтүлүүдө

0
(жаңыланган 00:32 06.08.2021)
Өкмөттүн өкүлүнүн билдиришинче, Pfizer вакцинасынан тышкары, күзүндө кайтарымсыз түрдө Sinopharm препараты келиши күтүлүүдө. Ошондой эле Moderna вакцинасын колдонуу планы бар.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстанга COVAX линиясы аркылуу коронавируска каршы Sinopharm жана Pfizer препараттары келиши мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

"Ушул жылдын сентябь айынын этегинде Кытайдын Sinopharm вакцинасы кайтарымсыз түрдө берилери күтүлүүдө, ошондой эле күздүн ортосунда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасынын келишин күтүп жатабыз. 2022-жылдын биринчи кварталында Дүйнөлүк банктын донордук колдоосунун линиясы менен Moderna вакцинасы келиши мүмкүн", — деген Бакашова.

Анын айтымында, министрлер кабинети дипломатиялык каналдар аркылуу вакциналарды алуу боюнча иштерди улантууда.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Министрлер кабинети, коронавирус, вакцина
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Дарыгер COVID-19дан айыккандар жана эмделгендер качан кан тапшырса болорун айтты
Окуучулар сентябрда кадимки тартипте окуйбу? Министрликтин жообу
Кыргызстанда жарым миллиондон ашуун адам коронавируска каршы вакцина алды