Казактелеком ири телекоммуникациялык операторун имараты. Архив

"Казактелеком" Huawei компаниясынын колдоосу менен FWA түйүнүн ишке киргизди

229
(жаңыланган 20:33 19.07.2021)
"Казактелекомдон" толугу менен бөлүнгөн FWA түйүнү интернетти зымсыз колдонгон абоненттер үчүн гана экендигин айтты.

БИШКЕК, 18-июл. – Sputnik. Huawei компаниясы Казакстандын "Казактелеком" ири телекоммуникациялык операторуна 4T4R базалык станциясын жеткирди. Бул өз учурунда Борбор Азияда биринчи ирет радиоинтерфейс (FWA) аркылуу зымсыз интернет түйүнүн ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул тууралуу РИА Новости Huawei компаниясына шилтеме берип жазды.

Маалым болгондой, ал дүйнөдөгү FWA түйүндөрүнүн ичинен 2300 МГц диапазонунда жеке үй чарбасына интернети жеткиликтүү болгон кенен кызмат көрсөткөн алгачкы түйүндөрдүн бири.

4T4R станциялары FWAнын туруктуу абоненттери үчүн тармактын сыйымдуулугун жана келечекте бир нече операторлорду бириктирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

FWA түйүнүн жайылтуу үчүн LTE технологиясы тандап алынган. Бул 2300 МГц диапазонунда радиожыштыкты натыйжалуу пайдаланууга жардам берет. Ошондой эле түйүндүн базасында SIM-based кызматын көрсөтөт. Толугу менен бөлүнгөн FWA түйүнү интернетти зымсыз колдонгон абоненттер үчүн гана арналган.

"Ошол эле учурда биз 20 МГц диапазонундагы радиожыштыкты колдонобуз. Башкача айтканда, FWA түйүнү зымсыз интернет түйүнүнө туташкан абоненттер үчүн гана арналган. Мындан тышкары, биз IP breakout деп аталган ыкманы колдондук. Мында FWA интернет абоненттери үчүн PGW системасы колдонулат", – деди "Казактелекомдун" инновациялар боюнча башкы директору Нурлана Мейрманова.

Ал эми Huawei Technologies Kazakhstan компаниясынын башкы директорунун орун басары Цюй Фей "Казактелеком" компаниясынын аталган долбоору башка операторлор үчүн үлгү экенин белгилеген.

"Аталган түйүн бир аз модернизация болгондон кийин 5G технологиясына миграция болгонго даяр болуп калат. Бул түйүндүн сыйымдуулугун кеңейтип, eMBB кызматын жеткиликтүү кылып берет", – деген Фей.

229
Белгилер:
Казактелеком, Huawei, интернет, Казакстан
Тема боюнча
Смартфон жай иштеп калбаш үчүн эмне кылуу керек. Адистин кеңеши
WhatsApp сүрөт менен видеону сапаттуу жөнөткөнгө мүмкүнчүлүк түзөт
Кыргызстан жана Тажикстан желектери. Архивдик сүрөт

Баткендеги атышуу: Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара жетекчилери сүйлөштү

72
(жаңыланган 20:26 24.07.2021)
Эске салсак, Бүгүн Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. 

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы бүгүнкү окуя боюнча эки тараптын чек ара кызматтары сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

"Баткен облусунун Тумба аймагында эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугууга жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен Баткен жана Согди облустарынын укук коргоо органдарынын башчылары катышты. Жыйынтыгында тараптар Кум-Мазар (Кыргызстан) жана Сомоньен (Тажикстан) аймагында эч кандай иштерди жүргүзбөө чечимин кабыл алышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле эки тараптын чек арачылары аталган аймактагы тартиптин сакталышын көзөмөлдөй турганы айтылды.

Эске салсак, бүгүн, 24-июлда, Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арачылары бири-бирине ок чыгарган. Окуя чек арага жакын Баткен районунун Кум-Мазар аймагында болгон. Тажик тарап кыргыз тарап менен макулдашпай туруп аймакта кум тазалоо иштерин кыла баштаган. Ал жерге Кыргызстандын чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар барып, ишти токтотуусун талап кылган. Бирок тажик тарап буга макул болгон эмес. Тараптар бири-бирине таш ыргытып, кийин чек арачылар ок чыгарган.

72
Белгилер:
чек ара, Баткен, Кыргызстан
Тема боюнча
УКМК: бүгүн кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду
Тажикстан Кыргызстан менен чектешкен аймагында ири аскердик машыгуу өткөрөт  
Кыргызстандын мамлекет башчы Садыр Жапаров Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен. Архивдик сүрөт

Жапаров Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, Кыргызстанга чакырды

85
(жаңыланган 14:55 24.07.2021)
Жапаров Мирзиёевге күч-кубат, ошондой эле Өзбекстанды өнүктүрүүгө багытталган иштерине ийгилик каалаган.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди телефон аркылуу туулган күнү менен куттуктап, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров Мирзиёевге күч-кубат, ошондой эле Өзбекстанды өнүктүрүүгө багытталган иштерине ийгилик каалаган.

"Өлкө башчы Мирзиёевдин жетекчилиги менен Өзбекстанда калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана жогорку темптеги экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган маанилүү өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык потенциалы жогору экенин белгилеген.

"Мындан сырткары, эки тараптуу байланыштын бардык комплексин өркүндөтүү максатында мамлекет башчы президент Шавкат Мирзиёевди ага ыңгайлуу болгон учурда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды", — деп кабарлады маалымат кызматы.

Президент март айында Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барып келген.

85
Белгилер:
Шавкат Мирзиеев, Садыр Жапаров, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Мусулман өлкөлөрүнүн лидерлери кыргызстандыктарды куттукташты
На пляже весной на берегу Каламитского залива Черного моря в курортном поселке Новофедоровка Сакского района в Крыму.

Жашым өткөндө турмушка чыгам деп бала-чакага уят болдум. Аялдын каты

0
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына турмушка чыгууну көздөп, бирок айрым бир себептер менен жолу болбой калган аял кат жазган.

Саламатсыздарбы, мен азыр элүү жаштамын. Жолдошум 34 жашымда эле каза болуп калып, төрт бала менен жесир калгам. Үч кыз, бир уулум бар. Уулумду үйлөп, эки кызымды турмушка узаткам. Кичүү кызым студент. Акыркы үч-төрт жылдан бери ооруп жүрөм. Жайы менен шаарда кыздардыкында жатып дарыланып, доктурга каттайм. Мени караган дарыгер: "эже, турмушка чыгыңыз" деп ооруганымдын себеби күйөөдөн эрте калуу экенин түшүндүргөн. Бир жолу сүйлөшүп отуруп муну абысыныма айтсам, арадан эки-үч ай өтпөй теңтуш келини экөө мага ылайыктуу киши тапкан экен. Аны деле мага айткан эмес. Башында так секирип балдардан уялдым. Акыры кыздарым да "таанышып көрүңүз да" деген соң макул болдум. Ал киши экөөбүз жолугуп, ал-жай сурашып отуруп анын да турмуш-шартын уктум. Балдарынын иши шаарда, өздөрүнчө үй-жайы бар экен. Жубайы беш жыл мурда өтүп кетиптир. Курагы 60 жашка чамалап калган.

Антип-минтип ар кимибиз өз түйшүгүбүз менен жүрүп арадан бир жыл өтүп кетти. Ошентип экөөбүз эки бакыр, бир тукур болуп турмуш курууну чечкенбиз. Мен кыз-күйөө, келин-уулга айтып койгом. Ал тургай күндү да болжошконубузду кантейин. Абысын-ажындарым да уккан. Тиги кишинин деле балдары макул болуп жаткан. Анан болжогон күн жакындаганда шаардан улуу баласы келип: "Карыганда үйлөнүп эмне кыласыз, уят эмеспи. Мына булар тамагыңызды дайындап, кийимдериңизди жууп берет", — деп бир жээн небересин келинчеги менен үйүнө киргизип берип кетиптир. Ал киши мага телефон чалып "Майраш, көрсө, өзүмдүн жашоомо кожоюн болбой калыптырмын. Мени балдарым билет экен, кечирип кой", – деп муңаят. Эми эмне дейм? Ошондон бери балдардын бетин карай албай калдым. Өзгөчө келин менен күйөө балдарга шерменде болдум. Уятымдан же жерге кире албай, же кадимкидей басып жүрө албай басынып, депрессияга түштүм. Бул абалдан кантип чыгам?..

Психолог Саадат Сыдыкова:

— Мындай маселеде бир беткей жооп берүү кыйын. Анткени дүйнөнү "жаман же жакшы" деп бөлгөндөй эле адамдар да өз кылган ишине бирөөнүн баа берүүсүн күтөт. Бул аял балдарынын алдында өзүн күнөөлүү сезип, уялып жатат. Ооба, ал киши үйлөнөм деп сөз берди, бирок аны аткара албай калды.

Мен психоаналитик катары болуп өткөн окуяга туура же туура эмес деп баа берүүдөн алысмын, болгону себебин аныктап, адамдын ошондон тыянак чыгарып жол таап кетүүсүнө жардам берем.

Төрт балаңызды жалгыз өстүрүп, үчөөнү тууруна кондурган экенсиз. Акыры алар жолун таап, өз турмушу менен кеткенде жашооңузда пайда болгон боштукту психикалык жактан оору толтура баштаган. Ал эми врачтардын койгон дарты болгону психосоматика менен байланыштуу болушу мүмкүн.

"Сексуалдык жашоодон аксап, андан улам турмушка чыгуу керек болду" деген бир аз ката болуп калышы мүмкүн. Анткени адамга ушундай ойлоо жана абалын ушинтип түшүндүрүү ыңгайлуу. Чындыгында маселе адамдын психологиялык жактан өзүн жалгыз сезип жаткандыгында болууда. Натыйжада жалгызсыраган эки адам кезигип, баш кошууга макулдашыптыр. Бирок ал кишинин баласы атасын кызганып, каршы чыгып койгон экен.

Негизинен адамдагы мындай жалгызсыроону балдары да, неберелери да толуктай албайт. Эми болор иш болуптур. Сиз азыр ички туюмуңузда балдардын бетин карай албай уялып жатасыз. Себеби балдарыңыз сизди "жашоодон рахат алуу үчүн турмушка чыгууну көздөдү деп ойлоп калды" деген ойдосуз. Чын-чынына келгенде сизди түшүнгөн, жалгыздыгыңызды бөлүшө алган адамды издегенсиз. Бул жерде сиздин эч кандай күнөөңүз жок.

Сиз жалгыздыкта өтүп жаткан кунарсыз жашооңузду башка боёктор менен өзгөртүүнү гана каалаган айымдын бирисиз деп айтар элем. Эгер мындан да тереңирээк жооп алгыңыз келсе, психологго кайрылууну сунуштайм.

0
Белгилер:
оору, уят, күйөө бала, турмуш, аял
Тема:
Психолог менен баарлашуу
Тема боюнча
Жүрөк оорулуу да болуп калдым. Жигитинин коркутканынан тажаган кыздын каты
Келинимдин чыр салганы жанга батты, чыдабай баратам... Кайнененин даты