Тажикстанда сел тогуз кишинин өмүрүн алды. Видео

© AFP / INA FASSBENDERПоследствия наводнения в западной Германии
Последствия наводнения в западной Германии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Жазылуу
Сел адамдардан тышкары үйлөрдү бузуп, көпүрөлөрдү алып, жолунан кездешкен автоунаалар менен малды кошо агызып кеткен.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Согду облусунун бир катар аймактарын сел каптап, кеминде тогуз кишинин өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды. 

Алдын ала маалыматтарга караганда, Пенжикент шаарында сел алгандардын төртөө балдар экени айтылууда. Жаратылыш курмандыгы болгондордун ичинен жети кишинин сөөгү табылган, экөөнү куткаруучулардын издеп жатканы кабарланды. Көз жумгандардын кээ бирлери жаратылыш кырсыгына жайлоодо жүрүп кабылган.

Сел Пенжикент шаарын эле эмес, бир эле учурда республиканын түндүк жагындагы бир нече кыштактарды да каптаган. Окуяга күбө болгондор Вашан, Дашти Кози, Рузи Обнок жана Киштудаки Поен айылдарындагы үрөй учурган селди видеого тартып алган. Түрмөктөлүп келген суу адамдардан сырткары үйлөрдү бузуп, көпүрөлөрдү алып, жолунан кездешкен автоунаалар менен малды кошо агызып кеткен.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча комитети зыяндар менен кырсыктаган адамдардын санын тактап жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0