Россиянын танкалары Афганистандын чек арасына жакын жерде машыгууда жүрөт

© Sputnik / Grigory Sysoev / Медиабанкка өтүүМашыгуу учурунда Т-72 танкы. Архив
Машыгуу учурунда Т-72 танкы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
Россия, Өзбекстан жана Тажикстандын аскерлеринин машыгуусу 5-10-август ичинде Тажикстандын Хатлон облусундагы Харб-Майдон полигонунда болот.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Россиялык танкисттер Афганистандын чек арасына жакын жерде Харб-Майдон полигонунда машыгуудан өттү. Бул туурасында Россиянын борбордук аскер округу кабарлаганын РИА Новости жазды.

"Жакында боло турган тактикалык окуулардын алкагында Тажикстан аймагында жайгашкан россиялык 201-базанын танкисттери Ляура полигонунан чыгып, 200 чакырым жол басып Афганистандын чек арасына жакын жайгашкан Харб-Майдонго барды", — деп кабарлаган.

Марштын алкагында Т-72 танкасынын экипажы колонналарды аскердик жактан кайтарууга алуу, кооптуу делген жерлерди басып өтүү, диверсиялык-чалгын топтордун жана душмандын абадан жасаган кол салуусунун мизин кайтаруу боюнча машыгууларды жасады. Полигонго келгенден кийин экипаж позицияларды инеженердик жабдуулары жана аскердик техникаларды жашыруун жайгаштыруу боюнча иштеген. Аскерлер башкаруу жайлары орун ала турган жерлерди камдап, түптөп, душмандын көзүнө билинбегендей кылып техникаларды чүмбөттөө боюнча окуулардан өткөн.

Ситуация в Кабуле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2021
Даярдыкты чыңдап. Союздаштардын аскерлери Афганистан чек арасына жакын машыгат
Россия, Өзбекстан жана Тажикстандын аскерлеринин машыгуусу 5-10-август ичинде Тажикстандын Хатлон облусундагы Харб-Майдон полигонунда болот. Ал жердеги россиялык аскерлердин негизин 201-аскер базасы, тоолуу жерлер боюнча мотоаткычтар, танкалык, артиллериялык бөлүктөр, андан сырткары, борбордук аскер округдун атайын даярдыктагы атайын бириктирилген бөлүгү түзөт. Ошондой эле машыгууга радиациялык, химиялык, биологиялык жактан коргоо боюнча адистер, радиоэлектрондук күрөш боюнча мобилдик топтордун катышары белгилүү болду.

Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын согушкерлеринин кагылышуусу жүрүп жатат. Экинчи тараптагылар аталган өлкөнүн айыл жергесиндеги бир топ райондорунун аймагын басып алып, ири шаарларга тап коюшууда. Афганистандагы туруктуулук АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин аскерлерин алып чыгып кетерин билдиргенден кийин жок боло баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0