Ухандагы вирусология институтун коопсуздук кызматкерлери

Ухандагы вирусология институту: COVID-19ду түзгөн эмеспиз, ага далил да жок

93
(жаңыланган 10:32 22.07.2021)
Ухандагы вирусология институтунун жетекчиси вирустун жасалма жол менен пайда болушун жана лабораториядан чыгып кетишин тастыктаган бир дагы далил жок деп айтты.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Ухандагы вирусология институту коронавирусту эч качан жасалма жол менен түзгөн эмес, синтездеп жана сыртка да чыгарган эмес. Мындай билдирүүнү Ухандагы биокоопсуздук боюнча улуттук лабораториянын директору, илимий кызматкер Юань Чжимин билдиргенин РИА Новости жазды.

Уханда 2019-жылдын декабрынын аягында коронавирус чыгып тарай баштаганда, ЖМКларда COVID-19дун козгогучу Ухандагы вирусология боюнча институттун лабораториясынан "чыгып кеткен" болуш керек деген ар кыл версиялар жарыяланган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери быйылкы жылдын март айында аталган мекемеге, анын ичинен жабык кармалган BSL-4 лабораториясына (ЖМКларда дал ушул жай туурасында сөз болгон) барган. Максат — чын эле вирус жасалып, андан соң тарап кеткенин аныктоо эле.

"2019-жылдын 31-декабрына чейин Ухандагы вирусология боюнча институт COVID-19ду изилдеген да, аны менен бет келген да эмес. Институттун вирусологдору эч качан синтездеп, түзүп жана COVID-19ду сыртка чыгарып жиберген эмес. Үчүнчүдөн, институттун бир дагы кызматкери же бир дагы студент бул күнгө чейин COVID-19 менен ооруган жок", — деген брифингде Юань Чжимин.

Ал вирустун жасалма жол менен пайда болгонун жана лабораториядан чыгып кетишин тастыктаган бир дагы далил жок деп айтты.

"Окумуштуулар арасында COVID-19 табигый жол менен жаралган деген консенсус бар. Эксперттер жарыялаган билдирүүдө COVID-19 жасалма жол менен пайда болгон же лабораториядан чыгып кетиши мүмкүн деген нерсеге далил буга чейин болбогону, азыр да жоктугу айтылган", — деп сөзүн жыйынтыктаган ал.

Эске салсак, буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус жасалма жол менен жаралган деген пикирди четке какпай туруу керектигин айткан эле.

93
Белгилер:
вирусолог, лаборатория, коронавирус, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Ухань, Кытай
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1491)
Тема боюнча
Коронавирустан айыккан кишиде оорунун түбөлүк калчу кесепети айтылды
Олимпиаданы COVID-19дан улам токтотушабы? Уюштуруучулардын жообу

Кудум кинодогудай! Кытайдагы шаарды кум каптаган видео

137
Асмандын дээрлик жартысын ээлегендей элес калтырган кум бороон Кытайдын Ганьсу провинциясы менен Цзюцюань шаарын бир нече мүнөттөрдө эле аралап кеткен.

Окуяга күбө болгондор жаратылыштын бул кубулушун видеого тартып, социалдык тармакка таратып жиберген. Кадрдагы көрүнүш киши коркутпай койбойт.

Асмандын бетин бербей уюлгуган кум менен чаң шаарды тез эле басып калган. Маалыматтарда анын 10 мүнөт ичинде калаанын бир топ аймагын каптаганы айтылат.

Синьхуа агенттиги жол кыймылы буулуп, бир нече метрден кийин жол көрүнбөй калганын жазды.

Бактыга жараша, жаратылыштын бул кубулушунан адамдар жабыркаган эмес. Окумуштуулар мындай көрүнүш күн абдан ысыганда пайда болорун айтышкан.

137
Белгилер:
кыймыл, кино, бороон, кум, Кытай
Тема боюнча
Индияда суу астындагы жер көтөрүлүп, элди чочутту. Видео
Жүрөк үшүн алат! Чаңдуу бороон Казакстандын райондорун каптаган видео
Өзбекстандык жаш тхэквондочу Улугбек Рашитов

Олимпиада: Өзбекстанга биринчи алтын медалды 19 жаштагы спортчу тартуулады. Видео

894
(жаңыланган 13:31 26.07.2021)
68 килограммдык салмактагы жаш спортчу Өзбекстанга биринчи алтын медалды тартуулады. Азырынча ал тхэквондо боюнча Өзбекстандын бирден-бир чемпиону.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Өзбекстандык жаш тхэквондочу Улугбек Рашитов Токиодо өтүп жаткан Олимпиадада британиялык Брэдли Синденди 34:29 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.

Кыргызстандын атынан алгачкылардан болуп мылтык менен ок атуу мелдешине катышкан Каныкей Кубанычбекова
© Фото / Государственное агентство по делам молодежи, физической культуры и спорта при ПКР
68 килограммдык салмактагы жаш спортчу ошентип Өзбекстанга биринчи алтын медалды тартуулады. Азырынча ал тхэквондо боюнча Өзбекстандын бирден-бир чемпиону. Рашитовго чейин эч ким мындай ийгилик жараткан эмес.

Күмүш Брэдли Синденге кетсе, коло медалды түркиялык Хакан Речбер жана кытайылык Чжао Шуай алган.

894
Белгилер:
алтын, Өзбекстан, Токио, Олимпиадалык оюндар
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Олимпиада: Өзбекстанга биринчи алтын медалды 19 жаштагы спортчу тартуулады. Видео
Кыргызстан Олимпиададан алгачкы алтын медалын утат. Букмекерлердин божомолу
Крым Республикасынын туруктуу өкүлү Георгий Мурадов. Архив

Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин директору Крымдын туруктуу өкүлү менен жолукту

0
Жолугушууда Кыргызстан менен Крымдын ортосундагы ишкердик жана коомдук байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Болот Дүйшөналиев Крым Республикасынын туруктуу өкүлү Георгий Мурадов менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

"Жолугушууда Евразия экономикалык биримдигинин интеграциялык процессинин алкагында Кыргызстан менен Крымдын ортосундагы ишкердик жана коомдук байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.  Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн коомдук палатасын түзүүнүн келечеги тууралуу кеп болду", — деп айтылган маалыматта. 

Андан сырткары Крым менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн региондорунун активдүү кызматташуусун өнүктүрүүдө жаралган тоскоолдуктарды анализдөө темасына көңүл бурулган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Крым, жолугушуу, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
ЕЭК менен Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму маанилүү документке кол койду