Өзбекстан "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясын чыгарды

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүЗапуск производства вакцины "ЭпиВакКорона" для профилактики COVID-19 в Подмосковье
Запуск производства вакцины ЭпиВакКорона для профилактики COVID-19 в Подмосковье - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2021
Жазылуу
Учурда жаңы чыгарылган вакциналардын сапатын текшерүү үчүн Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтуна жиберилди.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өзбекстандагы Jurabek Laboratories ишканасында Россиянын "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясы чыгарылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

"Россиянын түз инвестициялар фонду Өзбекстанда вакциналарды өндүрүү үчүн технологиялык шарттарды түзүп берди. Жаңы чыгарылган вакциналар сапатын текшерүү үчүн Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтуна жиберилди. Оң жыйынтык алгандан кийин коммерциялык партияларды чыгара берсе болот", — деп айтылат маалыматта.

Өзбекстанда чыккан "Спутник V" вакцинасы менен калкты эмдөө пландалууда. Буга чейин жарандар аталган препараттан тышкары өлкө Кытай менен чогуу чыгарган Anhui Zhifei Longcom Biopharmaceutica вакцинасын алып келишкен.

Россиянын коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы жалпы 3,7 миллиард калкы бар 69 өлкөдө катталганы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0