Өзбекстандагы президенттик шайлоо: талапкерлер жарышка аттана баштады

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүДобуш берүү урнасы Өзбекстан президенттик шайлоо учурунда. Архив
Добуш берүү урнасы Өзбекстан президенттик шайлоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Жазылуу
Коңшу өлкөдө президенттик шайлоо ушул жылдын 24-октябрында өтөт. Шайлоо кампаниясы расмий түрдө 23-июлдан тарта башталган.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Өзбекстанда президенттик шайлоого экинчи талапкер болуп "Адолат" социал-демократтар партиясынан Бахром Абдухалимов аттанды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

62 жаштагы Абдухалимов тарых илимдеринин доктору. Окумуштуу 2011-жылдан бери Өзбекстандын Илимдер академиясынын вице-президенти болуп келген. "Адолат" партиясынын лидерлигине 2020-жылдын октябрь айында дайындалган.

© Фото / пресс-служба социал-демократической партии Узбекистана "Адолат"Өзбекстан "Адолат" социал-демократтар партиясынан талапкери Бахром Абдухалимов
Өзбекстандагы президенттик шайлоо: талапкерлер жарышка аттана баштады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Өзбекстан "Адолат" социал-демократтар партиясынан талапкери Бахром Абдухалимов

Ага чейин президенттик жарышка катышат деген ниет менен Өзбекстандын Экологиялык партиясы өздөрүнүн аткаруу комитетинин төрагасы Нарзулло Обломуродовдун талапкерлигин сунушташкан. Ал киши аталган саясий бирикмени ушул жылдын февраль айынан тарта жетектей баштаган.

Ал эми Өзбекстандын учурдагы лидери Шавкат Мирзиёев президенттик шайлоого талапкерлигин коюу боюнча азырынча расмий билдире элек.

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын учурдагы лидери Шавкат Мирзиёев
Өзбекстандагы президенттик шайлоо: талапкерлер жарышка аттана баштады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Өзбекстандын учурдагы лидери Шавкат Мирзиёев

Коңшу өлкөдө президенттик шайлоо ушул жылдын 24-октябрында өтөт. Шайлоо кампаниясы расмий түрдө 23-июлдан тарта башталган.

Бул өзгөртүүлөр киргизилген Шайлоо кодексинин негизинде өткөрүлүп жаткан алгачкы добуш берүү болмокчу. Эми чет өлкөдө жүргөн, жашы жеткен ар бир өзбекстандык консулдук каттоодо турган-турбаганына карабай добуш бере алат. Ошондой эле үгүт иштери учурунда талапкерлер теле аркылуу дебаттарга чыгышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0