Мирзиёев кайрадан президент болууга аттанды, ага аял киши атаандаш болот

© Фото / МИД РФ / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2021
Жазылуу
Коңшу өлкөнүн учурдагы  башчысы Мирзиёевден тышкары президенттикке талапкер болгон дагы төрт кишинин ысымы айтылды, алардын арасында бир аял бар.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кайрадан мамлекет башчы болууга талапкерлигин койду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Ташкентте өкмөт башчы Абдулла Ариповдун катышуусунда Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясынын кезектеги жыйыны өтүп, партиянын саясий кеңешинин мүчөсү жана азыркы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин көрсөтүү чечими кабыл алынган.

Добуш берүү урнасы Өзбекстан президенттик шайлоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Өзбекстандагы президенттик шайлоо: талапкерлер жарышка аттана баштады
Башка партиялар да президенттикке талапкерлерин аныкташкан. Өзбекстан элдик-демократиялык партиясынан Максуда Ворисова, "Миллий тикланиш" демократиялык партиясынан Алишер Кадыров, Өзбекстандын экологиялык партиясынан Нарзулло Обломуродов жана "Адолат" социал-демократиялык партиясынан Бахром Абдухалимов ат салышат.

Коңшу өлкөдө президенттик шайлоо ушул жылдын 24-октябрында өтөт. Шайлоо кампаниясы расмий түрдө 23-июлдан тарта башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0