Өзбекстан мектеп программасына каржылык сабаттуулук предметин киргизет

© Sputnik / Табылды КадырбековЖүз доллар купюрасы. Архив
Жүз доллар купюрасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Сабак балдарга жеке бюджетин пландоого жана каржылык чечимдерди негиздүү кабыл алууга окутат.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Өзбекстанда студенттер менен окуучуларга акча кармаганды үйрөтүү үчүн каржылык сабаттуулук боюнча жаңы сабак киргизүү пландалууда. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Анда мектепте жана экономикалык эмес жогорку окуу жайларда билим алгандарды жеке бюджетин пландоого жана каржылык чечимдерди негиздүү кабыл алууга окутат. Ошондой эле каржылык сабаттуулук боюнча олимпиадалар өткөрүлөт.

Окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Өкмөт жаңы окуу жылын 15-сентябрдан баштоону чечти
Муну Өзбекстандын Каржы министрлиги менен Борбордук банкы былтыр калктын каржылык жана инвестициялык сабаттуулугун жогорулатуу стратегиясынын бир бөлүгү катары демилгелеген. Учурда бийлик өкүлдөрү менен ишке ашыруу процессин талкуулап жатат. Бул сабакты окутуу үчүн чет өлкөдөн мугалимдерди жана адистерди тартуу пландалган.

Идеяны президент Шавкат Мирзиёев да колдоп, "Капитал рыногун жөнгө салуу системасын мындан ары жакшыртуу чаралары жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0