Өзбекстан Афганистандын 22 учагы менен 24 тик учагын мажбурлап кондурду

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Афганистан
Страны мира. Афганистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
Көзөмөл орган жалпы жонунан аба транспортторунун бортунда 585 куралчан аскер кызматкерлери болгонун айтты. Алар Өзбекстандын аба майданын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылышкан.

БИШКЕК, 17-авг. – Sputnik. Акыркы эки күндүн ичинде, 14-15-августта, Өзбекстандын чек арасын афганистандык 22 аскер учагы жана 24 тик учагы мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган. Алардын баары мажбурлоо жолу менен Термеза аэропортуна кондурулган. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан Башкы прокуратурага шилтеме берип жазды.

Захват территорий Афганистана талибами - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Кабулдун аэропортундагы башаламандык. ЖМК канча адам набыт болгонун жазды
Көзөмөл орган жалпы жонунан аба транспортторунун бортунда 585 куралчан аскер кызматкерлери болгонун айтты. Алар Өзбекстандын аба майданын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылышкан. 15-август күнү Embraer-314 үлгүсүндөгү үч аскер учагы Каршидеги Ханабад аэропортуна конууга уруксат сураган. Бирок учак МиГ-29 үлгүсүндөгү эки аскер учагынын коштоосунда Теремзага жөнөтүлгөн. Тилекке каршы, Embraer-314 менен МиГ-29 учактары кагышып, Сурхан-Дарыя облусундагы Шерабад районуна кулаган.

Учактардын учкучтары жана 158 афган жараны менен аскер кызматкерлери парашют менен түшүп, Өзбекстандын Термез районундагы дарыяны мыйзамсыз кечип өтүшкөн. Алар ошол эле жерден кармалышкан. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 223(2)-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

15-августка караган түнү чек ара постунан дагы 84 аскер Өзбекстанга өтүүгө аракет кылган. Жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин Афганистандын аймагына кайтарылган.

Учурда чек арадагы абал туруктуу. Ал жерден Өзбекстандын жарандары менен бизнес-визасы барлар гана өткөрүлүп жатат.

Государственный визит президента РФ В. Путина в ОАЭ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Борбор Азиядагы бир туугандар, сак бололу! Кадыров Афганистандагы абал тууралуу
Бир нече апта мурда Америка аскерлерин чыгарып кеткенде Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алган. Кийинчерээк талибдер президенттик сарайга киргенин жар салган.

Афганистандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетип, учурда ал каякта экени дайынсыз болууда. Дүйшөмбүгө караган түнү “Талибдердин”* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу форма киргизилерин жар салды.

“Талибан”* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0