Талибдерге жалгыз каршылык көрсөткөн Панжшерге чабуул жасалууда

© REUTERS / Mohammad IsmailАнтиталибдик "Түндүк альянстын" лидери Ахмад Шах Масуддун уулусу
Антиталибдик Түндүк альянстын лидери Ахмад Шах Масуддун уулусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Жазылуу
Кечээ талибдер Ахмад Масудга багынып бергиле деген шарт койгондо панжшерликтер менен жетекчисинен кескин жооп уккан. Ахмад 20 жыл илгери террорчулар өлтүргөн антиталибдик "Түндүк альянстын" лидери Ахмад Шах Масуддун уулу.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Талибдер Афганистандагы аймактардын ичинен козголоңчуларга жалгыз баш ийбей жаткан Панжшер провинциясында согуштук жүрүштөрдү жасаганы турат. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Талибдердин саясий кеңсесинин өкүлү Мухаммед Наим чабуул коюунун башкы максаты — өлкөдөгү бийликти "Талибан"* кыймылынын алдына топтоо экендигин айтты.

"Биздин максат — өлкөнү бириктирүү, анын ичинде ар кандай тартиптегилер болбошу керек. Анткен менен кээ бирөөлөр башына балээ үйгүсү келип жатат. Эгерде маселе өз ара сүйлөшүү аркылуу чечилбесе, анда согушуу жолу менен алууга туура келет", — деген Наим "Аль-Хадас" телеканалына Панжшерге жасала турган чабуул боюнча айтып жатып.

Жекшембинин кечинде алардын кезектеги тиешелүү буйрукту күтүп жатканы кабарланган. Мурдараак талибдер жападан жалгыз каршылык көрсөтүп жаткан күчтүн башчысы, мындан 20 жыл илгери террорчулар өлтүргөн антиталибдик "Түндүк альянстын" лидери Ахмад Шах Масуддун уулу Ахмад Масудга шарт койгон. Козголоңчулар жергиликтүү лидерге капитуляция үчүн төрт саат берген. Бирок Ахмад Масуд өзү башчылык кылган Панжшердин жашоочулары душмандарына советтик аскерлер бар убактагыдай эле каршы турарын жана жашаган аймакты аларга карамата бербейбиз деп жооп кылган.

Президент США Джо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Байден эмне себептен Афганистандан аскерлерди чыгарып жатканын түшүндүрдү
Масуд батыш ЖМКларына Панжшерде жергиликтүү тажик кошуундарынан сырткары Афганистандын башка аймактарынан келген аскерлер, аны менен катар атайын бөлүктөрдүн жоокерлери бар деген маалыматты тастыктаган.

Ал арада согушкерлердин "Талибан"* кыймылы афгандык Баглан провинциясында үч районду каршылык көрсөткөндөрдөн тартып алып, бийлигин кайра калыбына келтиргендиги маалымдалган. Бул туурасында РИА Новостиге атын атагысы келбеген жергиликтүү журналист айтып берген.

Бүгүн талибдерге каршы турган бирден-бир күч панжшерлик каршылык күчү экенин белгилеп кетүү керек. Алар негизинен жергиликтүү тажиктерден куралган. Козголоңчуларга каршылык көрсөтүп, алардын баш оорусуна айланган бул биримдик Кабулдан түндүк-чыгышты көздөй кеткен Панжшер тоолуу провинциясынын аймагында турат. Маалыматтарга таянсак, бул жер — аянты жана элинин саны боюнча эң кичинекей облустардын бири.

Афганистандагы абал америкалык аскерлердин өлкөдөн чыгып кетери жарыялангандан тарта курчуй баштап, "Талибан" кыймылга келген. Алар ири шаарларга кол салып, 15-августта аталган мамлекеттин борбору Кабулга киришкен. Ал эми президент Ашраф Гани Бириккен Араб Эмирлигине качып, баш калкалаган.

Международный авиационно-космический салон МАКС-2019. День второй - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Афганистандан Катарга эвакуацияланган кыргызстандыктар Бишкекке келди
Талибдер 20 жылдык согуш аяктагандыгын, ал эми башкаруу формасы тууралуу жакында белгилүү болорун айткан.

Учурда бул кыймыл Афганистандын аймагынын басымдуу бөлүгүн жана чек арага жакын жер менен өткөн жайларды өзүнүн көзөмөлүнө алган. Афганистандын жарандары менен анда иштеп жаткан чет элдик миссиялардын кызматкерлерин Кабулдагы аэропорт аркылуу алып чыгып кетип жатышат. Бүгүнкү күндө ал аба майдандагы АКШ менен НАТО күчтөрү кармап турган бирден-бир аймак.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0