Моюн сунбай жаткан Панжшерди талибдер камалай баштады

© REUTERS / Stringer AfghanistanТренировки боевиков Талибана
Тренировки боевиков Талибана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Жазылуу
Талибдерди тааныбай, алардын тааныгысы келбеген Панжшер аймагына согушкерлер тынчтык жолу менен кирүүгө аракет кылып жаткандыктарын айтышкан.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. "Талибан"* кыймылы алардын согушкерлери буга чейин моюн бербей, жалгыз туруп каршылык көрсөтүп келген Панжшерге чабуул коюп, камалап баштагандыгын билдиришти. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Согушкерлер аталган аймакка тынчтык жолу менен кирүүгө аракет кылып жаткандыктарын айтышкан.

"Бадахшан, Тахан жана Баглан провинциясындагы согушкерлер ("Талибан"*) Панжшерге жакын жайгашты... Провинциядагы душман камалоого алынды. Ислам эмирлиги чатакты тынчтык жолу менен чечүүгө умтулат", — деп айтылган аталган кыймыл тараткан билдирүүдө.

Президент США Джо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Байден эмне себептен Афганистандан аскерлерди чыгарып жатканын түшүндүрдү
Мындан мурдараак талибдердин саясий кеңсесинин өкүлү Мухаммед Наим Панжшерге чабуул коюунун башкы максаты — өлкөдөгү бийликти "Талибан"* кыймылынын алдына топтоо экендигин айткан эле.

Жекшембинин кечинде алардын кезектеги тиешелүү буйрукту күтүп жатканы кабарланган. Мурдараак талибдер жападан жалгыз каршылык көрсөтүп жаткан күчтүн башчысы, мындан 20 жыл илгери террорчулар өлтүргөн антиталибдик "Түндүк альянстын" лидери Ахмад Шах Масуддун уулу Ахмад Масудга шарт койгон. Козголоңчулар жергиликтүү лидерге капитуляция үчүн төрт саат берген. Бирок Ахмад Масуд өзү башчылык кылган Панжшердин жашоочулары душмандарына советтик аскерлер бар убактагыдай эле каршы турарын жана жашаган аймакты аларга карматпай турганын айткан.

Масуд батыш ЖМКларына Панжшерде жергиликтүү тажик кошуундарынан сырткары Афганистандын башка аймактарынан келген аскерлер, аны менен катар атайын бөлүктөрдүн жоокерлери бар деген маалыматты тастыктады.

Афганистандагы абал

Августтун биринчи декадасында талибдер Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө жасаган чабуулдарын активештире баштаган. Алар ири шаарларга кол салып, 15-августта Кабулга киришкендигин жана президенттик сарайды алгандыгын кабарлашкан.

Афганистандын президенти Ашраф Гани. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Кааласа келсин. "Талибан"* Афганистан президенти Ганиге мунапыс бергенин айтты
Афганистандын президенти Ашраф Гани "кандуу булоондун алдын алыш үчүн" өлкөдөн чыгып кеткендигин билдирген. Ал эми 16-августка караган түнү "Талибандын"* саясий кеңсесинин өкүлү Мухаммед Наим Афганистандагы согуш аяктагандыгын жар салган.

Гани өлкөдөн качкандан үч күн өткөн соң Бириккен Араб Эмирлигинен видео кайрылуу жасап, жакынкы күндөрү мекенине кайрылып келерин айткан. Вице-президент Амрулла Салех Баш мыйзам боюнча мамлекеттин башчысы болуп каларын билдирип, талибдерге курал менен каршы чыгууга чакырык жасаган.

Учурда Афганистандан кара жол аркылуу чыккан чек аралардын бардыгын талибдер каратып алган. Афганистандыктар менен анда иштеп жаткан чет элдик миссиялардын кызматкерлерин Кабулдагы аэропорт аркылуу алып чыгып кетип жатышат. Бүгүнкү күндө ал АКШ менен НАТО күчтөрү кармап турган бирден-бир аймак.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Жаңылыктар түрмөгү
0