Өзбекстанда канча этникалык кыргыз жашаары айтылды

© Sputnik / Эмиль СадыровКалпакчан киши. Архив
Калпакчан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Жазылуу
Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети көптөн бери биринчи жолу калктын этникалык курамы тууралуу маалыматты жарыялады.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Өзбекстанда 291,6 миң этникалык кыргыз жашайт. Бул тууралуу маалыматты өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитетине таянып Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Анда 2021-жылдын январь айына карата маалыматтар алынган. Туруктуу жашаган калктын саны 34,6 миллионду түзгөн. Комитеттин маалыматына ылайык, этникалык курам төмөнкүчө:

  • өзбектер — 29,2 миллион;
  • тажиктер — 1,7 миллион;
  • казактар — 821,2 миң;
  • каракалпактар — 752,7 миң;
  • орустар — 720,3 миң;
  • кыргыздар — 291,6 миң;
  • түркмөндөр — 206,2 миң;
  • татарлар — 187,3 миң;
  • корейлер — 174,2 миң;
  • украиндер — 67,9 миң;
  • азербайжандар — 41,2 миң;
  • беларустар — 18,5 миң;
  • башка улуттун өкүлдөрү — 426,4 миң.

Статист адистердин маалыматы боюнча, 17,7 миллион адам шаарларда, 17,2 миллион калк айыл жерлеринде жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0