ИИМдин атайын даярдыктагы Шер отрядынын аскери Баткен районунда. Архивдик сүрөт

Казакбаев: кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт жоюлду деп айтууга эрте

282
(жаңыланган 16:03 24.08.2021)
Кыргызстандын ТИМ жетекчиси Руслан Казакбаев эгер тараптар маселени өз ара чечише албай калса, ортого башка мамлекеттер тартылыш мүмкүн экенин айткан.

БИШКЕК, 24-авг. – Sputnik. Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо үчүн жүргүзүлүп жаткан күч-аракетке карабастан конфликт жоюлду деп айтууга эрте. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМ башчысы Руслан Казакбаев РИА Новостидеги маегинде билдирген.

“Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек арасындагы сызыкты аныктоо үчүн күч-аракет жумшалып жатканына карабастан, конфликт түп тамыры менен жоюлду деп айтууга али эрте. Эгер тараптар аймактык дооматтан баш тартып, эки жакты тең ыраазы кыла турган компромисттик башка жолдорду издесе жылыш болмок”, –  деди ал.

Казакбаев Кыргызстан менен Тажикстан тарыхый коңшулар экенин жана эки өлкөнүн элин маданияты, салт-санаасы жана туткан дини байланыштырып турарын белгилеген. Ал ошондой эле өлкө элдеринин ортосунда туугандык байланыш дагы бар экенин айтып, мамлекеттер чек ара көйгөйүн чечүүгө бардык күчүн жумшап жатканын кошумчалаган.

“Эгер кайсы бир себептерден улам биздин өлкөлөр маселени чече албай кала турган болсо, сүйлөшүүгө Россия же башка бир тууган жана өнөктөш мамлекеттерди тартышыбыз мүмкүн”, – деди ТИМ жетекчиси.

Кыргыз-тажик чек арасы чектешкен жер тез-тезден конфликт чыккан аймакка айланууда. Анын негизги себеби – делимитацияланбаган аймактар болуп жатат. 2021-жылдын апрель айында "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайынан чыккан чыр куралдуу кагылышууга алып келген. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык набыт болуп, 200 жаран жабыркаган. 300дөй үй менен инфраструктуралык объект өрттөлүп, талкаланган.  Тажикстан 19 киши каза таап, 87 киши жаракат алганын айткан. 30-апрелде тараптар элдешип, ок атууну токтоткон.

282
Белгилер:
Кыргызстан, Тажикстан, чек ара, конфликт, сүйлөшүүлөр
Тема боюнча
Тажик тарап "Головнойдун" жака-белине кайрадан траншея казып, цемент куюп жатат
Кыргызстан менен Тажикстандын желектери. Архив

Баткен менен Сохтун акимдери жолугуп, чек ара маселесин талкуулашты

130
Тараптар чек арада болгон айрым турмуштук чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча тийиштүү органдар гана иштеп, жергиликтүү калкты аралаштырбашы керектигин айтышты.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Боз-Адыр айылында Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев менен Сох районунун (Өзбекстан) акими Сайидбахром Сайидмусаев жолугуп, чек арага байланыштуу маселелерди такуулашты. Бул тууралуу район жетекчилигинен билдиришти.

Жетекчилердин жыйынына күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, тиешелүү жетекчилер катышты.

"Эки тарап чек аралаш аймактарда коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо, чыр-чатактарды жана кылмыштуулукту алдын алуу, соода-сатык, экономикалык, чарбалык, ирригациялык маселелерди талкуулашты. Мындан тышкары, эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө, маданий иш-чараларды биргеликте өткөрүү боюнча пикир алышуу болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле тараптар чек арада болгон айрым турмуштук чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча тийиштүү органдар гана иштеши керектигин макулдашып, ага жергиликтүү калкты аралаштырбоо, окуяны ырбатпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтышты.

130
Белгилер:
Кыргызстан, Өзбекстан, Баткен, чек ара, жолугушуу
Тема боюнча
Токон Мамытов: чек ара көйгөйүн чечпесе Баткен окуясы кайталанышы мүмкүн
Талибан кыймылынын мүчөлөрү. Архив

Афганистандагы шарият мыйзамы Кыргызстанга кандай коркунуч жаратат? Пикир

210
(жаңыланган 18:14 21.09.2021)
Эксперттин айтымында, Афганистанда согуш күч алса да, тынчтык жолу менен өнүгүп кетсе да Борбор Азияда кооптуулук жогорку бойдон сакталат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Афганистанда шарият мыйзамынын орношу Борбор Азия өлкөлөрүнүн баарына коркунуч жаратат. Бул тууралуу саясат таануучу, саясат таануу илимдеринин доктору Азамат Темиркулов билдирди.

Ал "Пикир" регионалдык эксперттер клубу уюштурган "Афганистан Кыргызстан жана ЖККУ өлкөлөрүнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан фактор катары" аталышындагы конференцияда сүйлөдү.

"Афганистандын аймагында жүргөн жана ар кандай террордук уюмдарга кошулуп кеткен Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары тынчсыздандырат. Кээ бирлери Ирак жана Сирияда согуштук тажрыйба алышкан. Алар Афганистандан дагы Борбор Азиядагы согуштук аракеттерге кызыкдар", — деди Темиркулов.

Ошондой эле ал Афганистанда согуш күч алса да, кырдаал тынчтык жолу менен өнүгүп кетсе да Борбор Азияда кооптуулук жогорку бойдон каларын белгиледи.

"Жадагалса баары тынчып, кырдаал тынчтык жолу менен бир нукка түшүп, талибдер Ислам Эмирлигин курган чакта да Борбор Азиядагы кооптуулук жогорку бойдон сакталат. Эгер Афганистанга Катар, Сауд Аравиясы жана башка араб өлкөлөрү жардам берсе, биздин мамлекетте ислам принциптери жана шарият жолу менен жашагандар эртеби-кечпи баш көтөрүп чыгат. Себеби өлкөдө келечекте Борбор Азияны шарият мыйзамдары менен жашаган эмирлик катары элестеткен жарандардын саны арбын. Коомдун мындай бөлүгү социалдык жана саясий планда Афганистанды үлгү кылып көрсөтүшү мүмкүн", — деди саясат таануучу.

Буга чейин президент Садыр Жапаров теократиялык мамлекеттин калыптанышы ЖККУга мүчө өлкөлөргө терс таасир этерин айткан.

"Талибан"* августтун башында активдешип, айдын орто ченинде Кабулга кирген. Согуш аягына чыкканы жар салынып, 31-августта америкалык аскерлер, Батыш өлкөлөрүнүн жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар толугу менен өлкөдөн чыгып кеткен.

7-сентябрда Афганистандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектемей болгон. Өкмөт башчы 2001-жылдан бери БУУнун санкциясында. Бийликке келгендер Афганистанда Ислам Эмирлигин түзүүгө белсенип жатышканын билдирген.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

210
Белгилер:
эксперт, Азамат Темиркулов, Афганистан, кооптуулук
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир
АКШ доллары жана бет кап. Архив

Пандемия учурунда Кыргызстанга кайсы өлкөлөр акча салды? Тизме

0
Акыркы беш жылда чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги көлөмү Бишкек шаарына, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы ишканаларына багытталган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. 2020-жылы Кыргызстанга кайсы өлкөдөн канча инвестиция келгенин жана алар кайсы тармактарга жумшалганын Улуттук статистика комитети маалымдады.

КМШга кирбеген өлкөлөрдүн арасынан негизги инвесторлор Канада (жалпы инвестициянын 28,8 пайызы) Кытай (25,3 пайыз), Нидерланд (10,5 пайыз), Швейцария (7,4 пайыз), Улуу Британия (4,9 пайыз) жана Түркия (4,5 пайыз) болду.

Акча салынган тармактар:

  • Канада — өндүрүш;
  • Кытай — өндүрүш, геологиялык чалгындоо, пайдалуу кендерди казуу;
  • Нидерланд — маалымат, байланыш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү;
  • Швейцария — пайдалуу кендерди казуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү;
  • Улуу Британия — геологиялык чалгындоо;
  • Түркия — курулуш, дүң жана чекене соода, өндүрүш.
  • КМШдагы өлкөлөр:
  • Россия — өндүрүш, дүң жана чекене соода;
  • Казакстан — пайдалуу кендерди казуу, дүң жана чекене соода, геологиялык чалгындоого;
  • Өзбекстан — дүң жана чекене соода, өндүрүш;
  • Азербайжан — дүң жана чекене соода.

Акыркы беш жылда чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги көлөмү Бишкек шаарына, Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы ишканаларына багытталган.

Баса, өткөн жылы 2021-жылга салыштырмалуу КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестиция 1,6 эсеге, башка мамлекеттерден 2 эсеге азайган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, инвестициялар, экономика
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
Кумтөр: Нью-Йорк сотунун санкциясы КР экономикасын бүк түшүрбөйбү
Кыргызстандан сыртка 290 млн. доллар которулду. 7 айдын жыйынтыгы