Кабулдун аэропортунда эки ирет жардыруу болду

Кабулдун аэропортунда эки ирет жардыруу болду, каза тапкандар бар. Видео

172
(жаңыланган 00:36 27.08.2021)
Окуя америкалык аскерлер чогулган жерге жакын жайгашкан отелде болгон. Бир сааттан кийин эле экинчи жардыруу катталган.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Кабулдун аэропортуна жакын жерде экинчи жардыруу болду. Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлиги билдиргенин РИА Новости жазып чыкты. 

Fox телеканалынын маалыматына ылайык, окуя америкалык аскерлер чогулган жерге жакын жайгашкан отелде болгон. Бир сааттан кийин эле экинчи жардыруу катталган. Муну жан кечти террор жасаганы айтылууда.

Окуянын кесепетинен 13 киши, анын ичинде балдар курман болгону айтылууда. РИА Новостинин маалымат булагы билдиргендей, мерт болгон 10 кишинин сөөгү жана 15тен ашык жаракат алгандар ооруканага жеткирилген.

"Кабул аэропортунун сыртындагы Abbey дарбазасынын жанында болгон жарылуудан бир канча адам курман болгонун тастыктай алабыз", — деп Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирби Twitter баракчасына жазды.

ЖМКлардын маалыматы боюнча, жардырууга "Ислам мамлекети" террордук уюмунун тиешеси бар. 

Афганистандагы бийлик алмашуу

Афганистандан Америкалык аскер күчтөрү чыгарылып жаткан тушта "Талибан"* кыймылынын согушкерлери чабуулга өтүшкөн. Өлкөдөгү бир катар ири шаарларды басып алышып, 20 жылга созулган согуш аяктаганын жар салышкан. Учурда мамлекетти башкаруунун механизми чечилип жатат. Жаңы бийликке жакын кишилердин РИА Новостиге билдиргенине караганда, бийликти 12 кишиден турган кеңеш башкарат.

Ахмад Масуддун аскерлери жайгашкан Панжшер провинциясы талибдерге каршылык көрсөткөн жападан-жалгаз очок болуп калууда.

Кабул аэропорту аркылуу чет элдиктер жана аларга көмөкчү болгон жергиликтүү тургундар эвакуацияланып жатат. Алгачкы күндөрү болгон дүрбөлөңдө бир канча адам мерт болгон.

*Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм.

172
Белгилер:
Кабул, аэропорт, жардыруу, 'Талибан' кыймылы, өлүм
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (214)
Тема боюнча
ТИМ: Афганистандан дагы 10 кыргызстандык мекенине алып келинди
Талибдер афгандыктарды Кабулдагы аэропортко киргизбей жатышат
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту

Кытай Кыргызстанга 100 млн. доллар жана миллион доза вакцина берүүгө даяр

108
(жаңыланган 23:02 16.09.2021)
Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен Душанбеде жолугуп, бир катар маселелерди талкуулады.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кытай өкмөтү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде 650 миллион юань (100 миллион доллардын тегереги) менен коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын 1 миллион дозасын берүүгө даяр. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди.

Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.

  • Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров принял члена Государственного совета, министра иностранных дел Китайской Народной Республики Ван И. 16 сентября 2021 года
    Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Член Государственного совета, министр иностранных дел Китайской Народной Республики Ван И во время встречи с президентом КР Жапаровым
    Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту

Жапаров Кыргызстан Кытайды негизги соода инвестициялык өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген.

Президент учурда өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалаган. Анын айтымында, кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы туруктуу аба каттамдарын жандантууну маанилүү деп эсептейт.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча да кеп болуп, Жапаров долбоорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы регион үчүн маанилүү экенин белгилеген.

"КЭР мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Кытай өкмөтү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде Кыргызстанга 650 миллион юань (100 миллион АКШ долларынын тегерегинде) бөлүүгө даярдыгын айтты. Ошондой эле коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын кошумча партиясын (1 миллион доза) жана медициналык каражаттарды берүү чечимин кабыл алганын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Кытай тараптын автоунаа жолдорун куруу жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген. Мындан сырткары, тараптар регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулаган.

108
Белгилер:
Кыргызстан, Кытай, Садыр Жапаров, вакцина, каражат
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
3 млн. бет кап, коргоочу костюм. Кыргызстанга Кытайдан гумжардам келди
Талибан согушкери Кабулда. Архивдик сүрөт

Афганистандагы абал Борбор Азиянын келечегине кандай таасир этет? Пикир

63
(жаңыланган 19:50 16.09.2021)
Эксперт бүгүнкү күнү биринчи орунга коопсуздук маселеси чыкканын айтып, эми чек араларды бекемдеп, коопсуздукту камсыз кылууга ири көлөмдө ресурстар керектелип, сарпталарына токтолгон.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Афганистандагы окуялар Борбор Азия мамлекеттерине жаңы геосаясий реалдуулукту жаратты. Бул тууралуу саясий серепчи Эдил Осмонбетов билдирди. 

Политолог Эдил Осмонбетов во время видеомоста в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Саясий серепчи Эдил Осмонбетов

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Афганистандагы кырдаалдын Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна таасири" аттуу видео көпүрөгө катышкан.

Осмонбетовдун айтымында, аймактын коопсуздугу бүгүнкү күндүн орчундуу темасы.

"20 жыл аралыгында Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык жана экономикалык маселелерди, керек болсо тышкы саясий маселелерди чечүү менен алектенүүгө геосаясий мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок бүгүнкү күнү биринчи орунга коопсуздук маселеси чыкты. Эми чек араларды бекемдеп, коопсуздукту камсыз кылууга ири көлөмдө ресурстар керектелип, сарпталат", — деген серепчи.

Анын айтымында, азыр "Талибан"* кыймылы башка мамлекеттердин алардын бийлигин таануусун талап кылып жатат. Бирок процесске таасир этчү бир дагы мамлекет талибдердин бийлигинин легитимдүүлүгүн таанууга даяр экенин айта элек. Эксперт жаңы геосаясий реалдуулуктун шартында бир топ маселе дүйнөлүк жана аймактык оюнчулар аркылуу чечиле турганын кошумчалаган.

2021-жылдын июнь айынан бери "Талибан"* кыймылы активдешип, августта Афганистанды толук каратып алган. Кийин Афганистанда 20 жылга созулган согуш аяктаганын билдирген. Убактылуу өкмөт куралып, ушу тапта Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жар салды.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

63
Белгилер:
Афганистан, серепчи, пикир, кырдаал, Борбордук Азия, коопсуздук
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши (214)
Тема боюнча
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Афганистан боюнча позициясын билдирди
Душанбедеги ЖККУ жыйынында Афганистандагы абал талкууланды